Орусиянын Ростов облусундагы Таганрог шаарынын борборунда жарылуу болду.
Мамлекеттик банктын короосунда болгон окуяда кеминде 12 киши жараат алганын жергиликтүү 161.ru басылмасы күбөлөргө таянып жазды. Ростов облусунун губернатору Василий Голубевдин айтымында, калаанын чок ортосунда ракета жарылышы ыктымал.
"Куткаруучулар иштеп жатышат. Каза болгондор жок. Жараат алган бир нече адамга Тез жардам барды. Төрт адам жеңил жараат алган", - деп жазды Голубев Телеграмга.
Кийин ал медициналык жардам 15 кишиге көрсөтүлгөнүн кошумчалады.
Baza Телеграм-каналы кабарлагандай, жарылуунун жыйынтыгында "Чехов сад" кафеси талкаланып, айланасындагы үйлөрдүн терезелери күбүлүп түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында жарылуу болгон жерде узун-туурасы беш метрди түзгөн аң пайда болду.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинаны "Таганрогго кол салды" деп айыптады.
"Ростов облусунун Таганрог шаарындагы карапайым тургундар жашаган инфраструктурага Киев режими террордук чабуул жасады. Орусиянын абадан коргонуу системасы украин ракетасын асмандан аныктап, атып түшүрдү. Украин ракетасынын сыныктары Таганрог шаарына түштү", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Украин тарап окуя боюнча комментарий бере элек.
Азырынча жарылууга эмне себеп болгону так белгисиз.
Таганрог шаары Украина менен чектеш Ростов облусунда жайгашкан.
Кошмо Штаттар Украинага "Абрамс" танктарын сентябрда жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Politico басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, Вашингтон августта бир нече танкты Германияга жөнөтүүнү пландап жатат. Ал жактан модернизациядан өткөрүлүп анан Киевге биринчи партиясы жиберилет.
Politico журналы белгилегендей, АКШ Германияга "Абрамс" танктарынын эски үлгүлөрүн жөнөтөт.
Биринчи партияда алтыдан сегизге чейин танк болот. Жалпысынан АКШ Украинага 31 танк жиберүүнү көздөп жатат. Оор аскердик техниканы жөнөтүү иши кечеңдеп жатышынын бир нече себеби бар. Анын бири - украин танкисттерин машыгуудан өткөрүү.
Украин аскерлери бул үчүн Германияда он жумалык атайын курстан окушат.
Ушу тапта украин армиясы контрчабуулда немистердин "Леопард" танктарын колдонууда. Украиндерге ошондой эле британиялык "Челленжер" танктары берилген. Азырынча алар согуш талаасында көрүнө элек.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 28-июлдун таңында билдиргендей, соңку бир суткада отуздан ашуун кармаш катталды.
Маалыматка караганда, Донецк облусунун Бахмут жана Авдеевка райондорунда украин күчтөрү орус армиясынын чабуулуна туруштук бере алды. Запорожье облусунун Мелитополь жана Бердянск райондорунда контрчабуул аракеттерин улантып жатканы кабарланды.
Авдеевкада орус армиясынын аткылоосунан соңку бир суткада бир карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Үч адам жараат алганын Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко 28-июлда Телеграм-каналы аркылуу билдирди.
27-июлда украин президенти Владимир Зеленский украин күчтөрү Донецк облусундагы Старомайорское айылын өз карамагына алганын билдирген.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июлда Украинанын түштүгүндөгү Запорожье облусунда кагылышуулар күчөгөнүн ырастаган.
Бирок ал украин аскерлери ийгиликке жете албай жатканын кошумчалаган. Орус президентинин айткандарын көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
The New York Times басылмасы Пентагондогу эки булагына таянып, украин армиясы өлкө түштүгүндө контрчабуулдун негизги баскычына өткөнүн маалымдаган.
Москванын мэри Сергей Собянин жумага караган түнү учкучсуз учак шаарга чабуул коюу аракетин көргөнүн билдирди.
Калаа башчысы аны Коргоо министрлигинин күчтөрү атып түшүргөнүн, кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин Телеграм-каналына жазды. Жабдык кайсы тараптан учуп келгенин, кайсы жерде атып түшүрүлгөнүн тактаган жок.
Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги Подмосковьедеги буталарга сокку урууну көздөгөн пилотсуз учак атылганын билдирип, аракетти "теракт" деп атады. Окуянын башка чоо-жайы айтылган жок.
Акыркы айларда дрондор орус баш калаасынын ар кайсы жерлерине, атүгүл Кремлге чейин учуп барган учурлар болгон.
"Свобода" радиосунун жазганына караганда, үстүбүздөгү айда эле Москвага үч ирет чабуул коюу аракети болгон. 24-июлда бир дрон бизнес-борборду сүзгөн, экинчиси Коргоо министрлигинин бир имаратына кулап түшкөн.
Собянин анда "олуттуу" кыйроолор менен жабыркагандар болбогонун билдирген.
Орус бийлиги учкучсуз учактардын чабуулдары үчүн Киевди айыптап келет. Украинанын расмий адамдары адатта андай маалыматтарга комментарий бербейт.