Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03
Днепропетровск облусундагы май, газ куюучу станцияга Орусиянын соккусунун кесепети. 1-июль, 2026-жыл
Днепропетровск облусундагы май, газ куюучу станцияга Орусиянын соккусунун кесепети. 1-июль, 2026-жыл

Түз ободо Украина мунай заводдоруна, Орусия май куюучу жайларга сокку урду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:53 29.7.2023

Украина Түндүк Кореянын өндүрүшүнөн чыккан каруу-жаракты колдонууда

Бул тууралуу ишембиде америкалык The Financial Times басылмасы жазды. Макалада снаряддар "Град" жапырт ок атуучу реактивдүү системасы үчүн өткөн кылымдын 1980-90-жылдары жасалганы, кимдир бирөө тарабынан берилгени айтылган.

Украин армиясынын командирлеринин бири бул снаряддарды "дос өлкө" түндүк кореялык кемеден конфискация кылып алганын айткан.

FT украин аскерлери түндүк кореялык каруу-жарактын сапатына ичи чыкпай жатканына токтолгон, аскерлер снаряддардын көбү жарылбай же аткан учурда күткөндөй жыйынтык бербей жатканын айтышкан.

Сүрөттө: украин аскери кармап турган снаряд.

15:44 29.7.2023

Британия чалгын кызматынын маалыматы

48 саат ичинде Украинанын түштүгүндөгү эки сектордо "аскердик кармаш күчөгөнү" байкалды. Бул тууралуу "Свобода" радиосу Британиянын чалгын кызматынын маалыматтарына таянып билдирди.

"Ореховодон түштүккө карай Работино айылында аскердик кармаштар жүрүп жатат. Ал жерге орус армиясынын 58-жалпы аскердик бөлүгү жооптуу. Чыгыш тарапка карай 80 чакырымда украин аскерлери аскер-аба десанттык күчтөрүнүн 247-гвардиялык десанттык-чабуул полкуна сокку уруп, Старомайорское айылын бошотушту", - деп айтылат билдирүүдө.

Британ чалгын кызматынын маалыматында орусиялык десанттык бөлүктөр батыш тараптагы Кременная пунктунан чабуул коюп жатышат.

Орусиялык армия Украинанын аймагына ракета менен сокку уруусун улантууда. 28-июлда Днепрге атылган ракета көп кабаттуу турак жайга тийген. Жергиликтүү тургундар жана жалпыга маалымдоо каражаттары Запорожьеде да жарылуу болгонун билдиришкенин “Свобода” радиосу жазды.

Днепрдеги ракеталык соккудан тогуз киши жабыркаган, алардын экөө бала экенин Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак билдирди.

Жеринен тартылган видеодо турак үйдүн жогорку кабаттары зыян тартканын көрүүгө болот.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Днепрде турак үйгө ракеталык сокку урулганын ырастады. Чабуул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский маалымат берип, турак үйлөрдөн тышкары Днепрде Украинанын Коопсуздук кызматынын административдик имараты жабыркаганын билдирди.

Украинанын Башкы прокуратурасы бул аткылоолордон кийин согуш мыйзамдарын бузууга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Украиналык басылмалар жазгандай, украин чалгынчылары Орусиянын Нижегород облусунун Савослейка аскердик аэродромунан МиГ-31 кыргын салуучу учактын учканын аныктагандан кийин Украинанын аймагында абадан эскертүү берилди. Учактын бул түрү “Кинжал” сыяктуу ракеталар менен сокку урат.

Ал арада өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган топтун Орусия дайындаган башчылыгы Донецкинин борборунда жарылуу болгонун, анда бир адам набыт кетип, сегизи жараат алганын билдирди.

20:54 28.7.2023

Беларуска "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын көчкөнүнө байланыштуу Польша өз аскерлеринин санын эки эсе көбөйтүүнү көздөп жатат.

Бул тууралуу polskieradio24 радиосуна курган маегинде вице-премьер-министр Ярослав Качинский билдирди. Анын айтымында, буга чейин Польшанын армиясы үч дивизиядан турса, эми алтыга чейин көбөйтүлөт.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, учурда өкмөт бир кезде таратылып кеткен аскер бөлүктөрүн калыбына келтирүүнүн жана жаңыларды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Тактап айтканда, 2005-жылы жоюлган ракеталык дивизион жакында эле калыбына келтирилди. Эми ал HIMARS ракеталык системасы менен камсыздалууда.

Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак дагы бул маалыматты ырастап, тиешелүү документке кол коюлганын кошумчалады.

Беларуста "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жалданма жоочулары пайда болгондон бери Польша чыгыш чек арасын бекемдеп, ал жакка кошумча аскерлерин жөнөткөн.

Санкт-Петербургда орус президенти Владимир Путин менен жолугуп жатып Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Варшаваны көздөй багыт алууну каалаган "вагнерчилерди" "эптеп ооздуктап жатканын" билдирген.

Беларуска "вагнерчилер" Орусиядагы "куралдуу козголоңдон" кийин бара башташкан.

20:52 28.7.2023

Орусиянын Ростов облусундагы Таганрог шаарынын борборунда жарылуу болду.

Мамлекеттик банктын короосунда болгон окуяда кеминде 12 киши жараат алганын жергиликтүү 161.ru басылмасы күбөлөргө таянып жазды. Ростов облусунун губернатору Василий Голубевдин айтымында, калаанын чок ортосунда ракета жарылышы ыктымал.

"Куткаруучулар иштеп жатышат. Каза болгондор жок. Жараат алган бир нече адамга Тез жардам барды. Төрт адам жеңил жараат алган", - деп жазды Голубев Телеграмга.

Кийин ал медициналык жардам 15 кишиге көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Baza Телеграм-каналы кабарлагандай, жарылуунун жыйынтыгында "Чехов сад" кафеси талкаланып, айланасындагы үйлөрдүн терезелери күбүлүп түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында жарылуу болгон жерде узун-туурасы беш метрди түзгөн аң пайда болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинаны "Таганрогго кол салды" деп айыптады.

"Ростов облусунун Таганрог шаарындагы карапайым тургундар жашаган инфраструктурага Киев режими террордук чабуул жасады. Орусиянын абадан коргонуу системасы украин ракетасын асмандан аныктап, атып түшүрдү. Украин ракетасынын сыныктары Таганрог шаарына түштү", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Украин тарап окуя боюнча комментарий бере элек.

Азырынча жарылууга эмне себеп болгону так белгисиз.

Таганрог шаары Украина менен чектеш Ростов облусунда жайгашкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG