Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:49 30.7.2023

Жекшембиге караган түнү Орусиянын баш калаасына пилотсуз учактардан чабуул жасалып, "Москва-сити" бизнес борборунун эки мунарасы жабыр тартканы кабарланды. Орусиянын мамлекеттик ЖМКлары Москва шаарынын мэри Сергей Собянинге шилтеме берип, имараттын бир нече кабатында терезелер күбүлүп түшкөнүн, бир киши жабыр тартканын жазууда. Маалыматтарда чабуул эки дрондон болгону айтылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги дагы бир дрон Москванын чет жакасындагы райондордун биринен атып түшүрүлгөнүн ырастоодо. Ал эми "Москва-ситиге" учуп келген дрондор радиоэлектрондук каражаттар аркылуу жок кылынган. Бир нече убакытка Москвада учуп-конууга тыюу салынып, "Внуково" аэропортунун иши үзгүлтүккө учураган.

Киев азырынча чабуулду комментарийлеген жок. Орусиянын ичиндеги чабуулдарга украин бийлиги расмий түрдө жоопкерчиликти өзүнө албайт.

Орусиянын бийлиги буга чейин дагы башкалаа дрон чабуулуна кабылганын маалымдаган эле.

4-июлда эртең менен Внуково-3 өкмөттүк аэропортуна жакын жерди учкучсуз учактар бутага алганы кабарланган. Орусиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы объектилерге беш дрон менен чабуул жасалганын жарыялаган. Орусия муну "террордук акт" деп атаган эле. Расмий маалыматта бардык дрондор жок кылынганы, жабыркагандар жана кыйроолор жок экени айтылган. Ошол маалда аэропорт эки саат иштебей турган. Киев буга комментарий берген эмес.


24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина Москвага эки дрон менен сокку урууга аракеттенгенин билдирген. Бир катар маалымат каражаттары жабдыктардын бири министрликтин имаратына эки чакырымга жакын жерге кулап түшкөнүн кабарлашкан. Мекеме бул окуяны да "теракт" деп атаган.

30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганы айтылып, шаар мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар азыраак жабыркаганын билдирген болчу.

22:34 29.7.2023

"Вагнер" Литванын чек арасындабы же Польшанынбы?

Беларустагы "Вагнер" жеке аскердик тобунун жүздөй жоочусу Литва менен Польшанын чек арасындагы Сувалки коридоруна жеткирилди. Бул тууралуу ишембиде Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий билдирди.

Сувалки коридору (поляктардын Сувалки шаарынын атынан коюлган) Польша менен Литваны 100 километрдей аралыкта бириктирип турат. Түндүк-батышына Орусиянын Калининград облусу, түштүк-чыгышына Беларустун аймагы жакын. НАТО менен Орусиянын куралдуу кагылышы тууралуу ар кандай божомол билдирүүлөрдө Москва бул коридорду жабуу менен Балтика өлкөлөрүнүн Польша жана Батыш Европа менен байланышын үзүп салышы ыктымал экени айтылып келет.

Моравецкий "вагнерчилердин" дислокациясы тууралуу маалыматты кайдан алганын айткан жок. Ал жалданма жоочулар Беларустун Гродно шаарына жайгашуусу мүмкүн экенин айтты.

22:24 29.7.2023

Запорожьеге урулган сокку: курмандыктар бар

Запорожье шаардык кеңешинин катчысы Анатолий Куртев Телеграмга "Өкүнүчтүүсү бир эркек жана аял каза болду. Бир аял жарадар. Жарылуу толкуну көп кабаттуу үйлөрдүн терезесин күүп, билим берүүчү жайдын жана супермаркеттин имараты жабыркады" деп билдирди.

15:53 29.7.2023

Украина Түндүк Кореянын өндүрүшүнөн чыккан каруу-жаракты колдонууда

Бул тууралуу ишембиде америкалык The Financial Times басылмасы жазды. Макалада снаряддар "Град" жапырт ок атуучу реактивдүү системасы үчүн өткөн кылымдын 1980-90-жылдары жасалганы, кимдир бирөө тарабынан берилгени айтылган.

Украин армиясынын командирлеринин бири бул снаряддарды "дос өлкө" түндүк кореялык кемеден конфискация кылып алганын айткан.

FT украин аскерлери түндүк кореялык каруу-жарактын сапатына ичи чыкпай жатканына токтолгон, аскерлер снаряддардын көбү жарылбай же аткан учурда күткөндөй жыйынтык бербей жатканын айтышкан.

Сүрөттө: украин аскери кармап турган снаряд.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG