Талкаланган дан кампасы, Эрдогандын чакырыгы
Украинанын түндүк-чыгышында жана түштүк-чыгышында айыгышкан салгылашуулар уланууда. Өлкөнүн Башкы штабы акыркы бир сутка ичинде украин армиясы менен орус армиясынын ортосундагы кеминде 40 жолу кагылышуу катталганын билдирди.
Орусиянын соңку чабуулдарынан Дунай дарыясынын боюндагы жана Кара деңиздеги украин порттору жабыркады.
Херсон шаарында орус күчтөрүнүн ракета соккуларынан бир дарыгер каза тапканы кабарланды.
2-августта таң эрте украин чалгын кызматтары Орусиянын Нижегород облусунун Савослейка аэродромунан МиГ-31 аскердик учагы учуп чыкканын аныктагандан кийин Украинанын көпчүлүк аймактарында абадан эскертүү берилди.
Көп өтпөй Киев облусунун башчысы Сергей Попко баш калаага багытталган жанкечти дрондор атып түшүрүлгөнүн, шаар тургундарынын арасында каза болгондор же жараат алгандар жок экенин Телеграм-каналы аркылуу билдирди. Ал бардык дрондор атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына караганда, өткөн бир суткада орусиялык аскер күчтөрү 75 авиациялык, 68 ракеталык сокку урган.
Порттор бутага алынды
Одессанын администрациясы 2-августка караган түнү орус армиясы учкучсуз учактардын жардамы менен аймактагы дан сактоочу жайларга сокку урганын кабарлады. Чабуулдан Дунай дарыясынын боюнда жайгашкан Измаил портундагы дан сактоочу кампа талкаланды.
Украинанын инфраструктура министри Александра Кубраковдун айтымында, 40 тонна эгин жарактан чыккан.
"Кол салуудан улам порттогу объектилерде жана аймактагы өндүрүш жайларында өрт тутанды", - деп жазды Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Телеграмга.
Шаршембиде Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө түштүгүндөгү портторго кыйла эле зыян келтирилгенин жазды.
"Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Тилекке каршы, кыйроолор бар. Эң олуттуусу өлкө түштүгүндө. Орусиялык террорчулар кайрадан портторго, данга жана глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна кол салышты. Биздин бардык оперативдүү кызматтар алгылыктуу иштеди. Дүйнө буга реакция кылышы керек", - деген президент Орусияны токтотсо болорун жана аны токтотуу керек экенин кошумчалады.
Украинанын Измаил порту Румыния менен чек арага жакын.
Мындан улам Румыниянын президенти Клаус Йоханнис Орусиянын портторду бутага алган чабуулдарын айыптап, аны "согуш кылмышы" деп атады.
Орус күчтөрү Украинанын дан экспорттоодо колдонулган Одесса облусундагы портторун 18-июлдан тарта дээрлик күн сайын аткылап жатат. Кремль бул аткылоосуна 17-июлдун кечинде Крым көпүрөсүнө сокку урулганын жана Орусия "дан келишиминен" чыкканын негиз катары көрсөтүп келет.
Эрдоган-Путин дан келишимин талкуулашты
2-августта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кеңсеси Орусиянын лидери Владимир Путинди Украинадагы согушта чыңалууну күчөткөн аракеттерден карманууга чакырганын билдирди.
"Президент Эрдоган орус-украин согушунда чыңалууну күчөтө турган аракеттерден оолак болууга чакырып, Кара деңиз боюнча келишимдин (дан келишими-ред.) маанилүүлүгүн белгилеп, аны "тынчтык көпүрөсү" деп атады", - деп жазылган билдирүүдө.
Ал арада Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 2-августта Москва дан келишимине Орусияга тиешелүү бөлүмдөрү аткарылса гана токтоосуз кайтууга даяр экенин билдирди.
Телефондук сүйлөшүүдө Путиндин жакында Түркияга бара турганы да макулдашылды. Белгилей кетсек эки лидер Украинаддагы согуштун фонунда акыркы жолу былтыр октябрда Казакстанда бетме-бет жолугушкан.
Кремль орусиялык жер семирткичтерди жана азык-түлүктү экспорттоо боюнча шарттар аткарылбай жатканын жүйө кылып 17-июлда дан келишиминен чыкканын жарыялаган.
Бул келишимдин негизинде Одессадагы деңиз портторунан дүйнө рыногуна 33 миллион тоннадан ашык дан экспорттолгон. Евробиримдик жана БУУ Орусияны бул келишимди жандандырууга чакырган.
Херсонго түшкөн ракета дарыгердин өмүрүн жалмады
Шейшембиде орус армиясынын Украинанын Херсон шаарына урган ракеталык соккуларынын бири ооруканга тийип, бир дарыгер каза тапканы кабарланды.
"Жаш, таланттуу дарыгер болчу. Бул анын биринчи жумуш күнү эле. Ал күн башталбай туруп бүтүп калды", - деди Херсон облусунун медицина бөлүмүнүн башчысы Татьяна Карчевич.
Маалыматка караганда, снаряддар оорукананын хирургия жана кулак-мурун дарылоо бөлүмүнө тийген. Операция жасаган бөлмө толук талкаланган.
Украин армиясы Херсон шаарын 2022-жылдын күзүндө орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери дээрлик күн сайын бул калаа орус армиясынын аткылоосуна кабылууда. Соңку бир апта ичинде облуста орус күчтөрүнүн чабуулдарынан төрт киши мерт болду. 18 адам, анын ичинде бир бала жараат алды.
Ал тапта Украинадагы согуш башталгандан бери 50 миң украиналык колунан жана бутунан ажырап майып болуп калганын The Wall Street Journal басылмасы протез чыгарган Ottobock немис компаниясына жана анын өнөктөштөрүнө таянып жазып чыкты.
Басылманын маалыматында согуштан улам майыптардын катарына кошулган украиналыктардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экени, анткени протездерди койдурууга белгилүү бир убакыт талап кылынары, ошондой эле жараат алгандардын айрымдары кезек күтүп жатканы айтылат.
Андан тышкары протездердин баасы 50 миң еврого чейин жетет жана украин бийлиги жараат алган ар бир жоокерге 20 миң евро төлөп берет. Ал эми протез койдурууга каражаты жок жарандар кайрымдуулук уюмдарына кайрылууга аргасыз болушат.
Ушундай уюмдардын бири – Киевдеги Hope Foundation фондунун эсебинде согушта олуттуу жараат алгандардын саны 200 миңге жетет. Алардын 20 миңинин дене мүчөлөрүн ампутация кылуу керек.
Украин бийлиги Кремль сыяктуу эле өзүнүн согуштагы жоготууларын ачык жарыялабай келет.
Согуш маалында курмандыктар тууралуу маалыматтарды бейтарап булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.
Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсүнүн Украинадагы согушка катышканы үчүн Бишкекте соттолгон кыргыз жараны тууралуу пикири кызуу талкуу жаратты. Анын “жалданмачылык” айыбы менен соттолгон жаранды Орусияга өткөрүп алуу талабын коюу ниети Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары кабылданууда. Расмий Бишкек он күндөн бери бул билдирүүгө үн ката элек.
31-июлда Орусиянын Санкт-Петербург, Казань, Омск, Калуга, Можайс, Подольск жана башка шаарларында аскердик комиссариаттардын имараттарын өрттөө аракети катталды.
"База" Телеграм-каналы жазгандай, кылмышка шектелип кармалгандардын баары аларды телефон аркылуу кайсы бир шылуундар бул ишке барууга мажбурлаганын айтышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү аялдар болуп чыкты. Алардын бири да саясий талаптар тууралуу айтышкан эмес.
Польша өлкөнүн чек арасын коңшу Беларустун тик учактары бузганын жарыялады. Мындай билдирүү менен поляк Коргоо министрлиги чыгып, инцидент тууралуу НАТОнун жетекчилигине кабар берди.
Мекеменин маалыматында чек арага жакын жерде машыгуу өткөрүп жаткан беларус тик учактары Польшанын аба мейкиндигин 1-август күнү уруксатсыз кесип өтүшкөн. Окуя Беловеж районунда катталган.
Польшанын коргонуу мекемесинин башчысы Мариуш Блащак буга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин жыйынын чакырган. Ал чек арада кызмат өтөгөндөрдүн санын көбөйтүп, кошумча күчтөрдү, анын ичинде согуштук тик учактарды тартканы айтылат.
Инцидентти териштирүү үчүн Беларустун Варшавадагы убактылуу өкүлү Польшанын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Варшава соңку мезгилдери Беларус менен Орусия “Польшага каршы гибриддик согушту күчөткөнүн” билдирип келет.
Беларустун Коргоо министрлиги бул билдирүүнү “ойлоп табылган факты” деп атап, Ми-24 жана Ми-8 чек арага чейинки аймакта гана машыгуу өткөргөнүн билдирди. Мекеме муну Польша тарап Беларус менен чек арасына аскерлерин жыйноого шылтоо катары пайдалануу үчүн жарыялаганын кабарлады.
29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Беларуста жүргөн “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын 100дөй жалданмачысы Польша менен Литванын чек араларына жакын жерге жеткирилгенин жарыялаган. “Вегнерчилер” Орусияда козголоң чыгаргандан кийин Беларуска чыгып кеткен.