Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




21:41 4.8.2023

Украина каза тапкан 44 аскердин сөөгүн кайтарып алды

Украинанын убакытылуу оккупация болгон аймактарын реинтеграциялоо министрлиги фронтто курман болгон 44 аскердин сөөгү мекенине кайтарылганын билдирди.

Маркумдардын сөөгү орусиялык аскерлер оккупациялап алган аймактардан алып келинген. Сөөктөр таанылгандан кийин көмүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилет.

Министрлик июль айында 62 сөөктү кайтарганын билдирген. Киевдин маалыматында Орусия кол салгандан бери курман болгон бир жарым миңдей украиналык жоокерлердин жана офицерлердин сөөгү мекенине кайтарылган.

Харьковдогу "Баатырлар аллеясы".
Харьковдогу "Баатырлар аллеясы".

17:43 4.8.2023

Украинанын куралдуу күчтөрү: Орусия Кара деңизге 15 согуштук кемени чыгарды

Украина тарап Кара деңизде орусиялык аскер кемелери көбөйдү. Азыр алардын саны 15, дагы бирөө Азов деңизинде пайда болду. Бул тууралуу украин телеканалына Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аймактык "Юг" башкармалыгынын өкүлү Наталия Гуменюк билдирди.

Анын айтымында, бул кемелерден ракеталык сокку уруу коркунучу сакталып турат.

Гуменюк "орус тарап Кара деңизде жаңы чагым жасоого жана кеме курамын бир жерге кармабай, бөлүп жайгаштырууга камынып жатат" деген пикирде.

4-августта Орусиянын Новороссийск аймагындагы аскер-деңиз базасына дрон менен сокку урулганы маалым болду. Орусиянын Коргоо министрлиги айдоочусу жок катерлер жок кылынганын билдирди. Украиналык медиалар жана орусиялык аскердик Телеграм-каналдар соккудан "Оленегорский горняк" десанттык кеме жабыркаганын жазышкан.

Новороссийск портунда кемелердин каттамына тыюу салынып, кайра алынганы белгилүү болду.

15:38 4.8.2023

Украин медиасы: деңиз дрондорунун бири орусиялык кемеге зыян келтирди

"Украинская правда" басылмасы Украинанын Улуттук коопсуздук кызматына таянуу менен Новороссийскидеги аскердик-деңиз базасына чабуул койгон суу астында жүрүүчү дрондордун бири (айдоочусу жок катер) "Оленегорский горняк" десанттык кемесине сокку урганын билдирди.

"Украинская правда" бул маалыматты дронго орнотулган камера тарткан видео менен чогуу жарыялады.

Орусиянын Коргоо министрлиги эртең менен Новороссийскидеги кемелерге чабуул койгонго аракет кылган дрондор талкаланганын билдирген. Москва орусиялык кемелердеги жоготуу жана кыйроолор тууралуу маалымат берген эмес.

13:12 4.8.2023

Энтони Блинкен: АКШ дан келишими калыбына келгенден кийин бардык өлкөлөргө анын ичинде Орусияга да азык-түлүктү коопсуз экспорттоосуна катышууга аракет кылат

Бул тууралуу мамлекеттик катчы БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Ал БУУга кирген бардык өлкөлөрдү Кара деңиздеги украин портторунан эгин экспортоону опузалоо максатында үзгүлтүккө учуратууну токтотуу талабы менен Москвага кайрылууга чакырды.

Блинкендин айтымында, украин буудайын экспорттоого мүмкүндүк берген дан келишиминин арты менен дүйнөлүк базарда 18 миллиард токочко барабар азык-түлүк пайда болгон. Блинкен Орусиянын Кара деңиз келишиминен чыгышы эгин баасынын 8% жогорулашына алып келгенин кошумчалады. Ал Кремлди согушка таасир этүү үчүн Кара деңизди жана дүйнөдөгү элдин аялуу катмарын опуза үчүн колдонбоого чакырды. Орусиянын Украинадагы согушун максатсыз деп атады.

Орусия жана Украина өткөн жылы дан келишимине Түркия жана БУУ менен өз-өзүнчө кол коюшкан. Ушул жылдын 17-июлунда Москва дан келишиминен бир тараптуу чыга турганын билдирген. Москва муну дүйнөлүк базарда Орусиянын азык-түлүгүн көбөйтүү, Россельхозбанкты SWIFT системасына кошуу талабы аткарылбаганы менен негиздеген. Келишимден чыккандан кийин эле Украинанын дүйнөлүк базарга эгин жөнөткөн портторун жапырт ракета менен ата баштаган. Орусия андан тышкары эгин ташыган кемелерди бутага аларын билдирген.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кийинчерек дан келишимин калыбына келтире турганын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG