Аннексияланган Крымдагы айрым Телеграм-каналдар 5-августка караган түнү Керч көпүрөсү тарапта жарылуу болгонун жазышты. Ага ылайык, көпүрөнүн жарыктары өчүп, каттам токтотулду. Маалыматтарга карагада асмандан жана суу астынан дрондор менен чабуул жасалган.
“Крым.Реалии” сайтындагы маалыматка ылайык, катуу жарылуу тууралуу Запорожье аймагынын башчысы Владимир Рогов билдирген. Бирок Крымдын Москва дайындаган башчысынын орун басары Олег Крючков аны ырастаган эмес.
Социалдык тармактарда Керчтеги чабуулда жабыркады деген танкер тууралуу маалыматтар чыкты.
ТАСС агенттиги Новороссийскиден Керч кысыгына куткаруучулар тобу жөнөп кеткенин жазды.
Новороссийскидеги "Оленегорский горняк" кемесинин сүрөтү
"Свобода" радиосу "Оленегорский горняк" десанттык кемесинин спутниктен тартылган сүрөтүн жарыялады. Кемеге жума күнү түнү суу астында жүрүүчү дрон тийген. Сүрөттө кемеден кара түстөгү күйүүчү майга окшогон суюктун агып жатканын көрүүгө болот.
Украина каза тапкан 44 аскердин сөөгүн кайтарып алды
Украинанын убакытылуу оккупация болгон аймактарын реинтеграциялоо министрлиги фронтто курман болгон 44 аскердин сөөгү мекенине кайтарылганын билдирди.
Маркумдардын сөөгү орусиялык аскерлер оккупациялап алган аймактардан алып келинген. Сөөктөр таанылгандан кийин көмүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилет.
Министрлик июль айында 62 сөөктү кайтарганын билдирген. Киевдин маалыматында Орусия кол салгандан бери курман болгон бир жарым миңдей украиналык жоокерлердин жана офицерлердин сөөгү мекенине кайтарылган.
Украинанын куралдуу күчтөрү: Орусия Кара деңизге 15 согуштук кемени чыгарды
Украина тарап Кара деңизде орусиялык аскер кемелери көбөйдү. Азыр алардын саны 15, дагы бирөө Азов деңизинде пайда болду. Бул тууралуу украин телеканалына Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аймактык "Юг" башкармалыгынын өкүлү Наталия Гуменюк билдирди.
Анын айтымында, бул кемелерден ракеталык сокку уруу коркунучу сакталып турат.
Гуменюк "орус тарап Кара деңизде жаңы чагым жасоого жана кеме курамын бир жерге кармабай, бөлүп жайгаштырууга камынып жатат" деген пикирде.
4-августта Орусиянын Новороссийск аймагындагы аскер-деңиз базасына дрон менен сокку урулганы маалым болду. Орусиянын Коргоо министрлиги айдоочусу жок катерлер жок кылынганын билдирди. Украиналык медиалар жана орусиялык аскердик Телеграм-каналдар соккудан "Оленегорский горняк" десанттык кеме жабыркаганын жазышкан.
Новороссийск портунда кемелердин каттамына тыюу салынып, кайра алынганы белгилүү болду.