- автор Элвира Будайчиева
Орус армиясы 7-августка караган түнү Украинанын Херсон шаарын аткылап, Днепропетровск облусунун Синельниковский районуна ракета менен сокку урду. Чабуулдардан бир аял мерт кетма, бир нече жайкын тургун жараат алганы кабарланды.
Жекшембиде Крымды материк менен туташтырып турган эки көпүрө аткыланды. Учурда Чонгар жана Геническ көпүрөлөрү менен каттоо дээрлик мүмкүн эмес.
Киев ошондой эле Орусиянын туткунунан 22 украиналык жоокер кайтып келгенин кабарлады. Бирок орус тарап туткундарды алмаштыруу боюнча комментарий бере элек.
Херсон облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудиндин маалымдашынча, түнкү саат бирге чукул орус аскерлери карапайым тургундардын үйүнө кара ок чыгарды. Андан 59 жаштагы аял каза таап, дагы бир улгайган адам жарат алды.
"Түнү үй титирегенинен ойгондум. Экинчи кабатта жашайм. Анан сыртка чуркап чыктым. Карасам өрт чыгып атыптыр. Акырындап баарыбыз сыртка чыктык" дейт талкаланган үйдөн чыккан аял.
Жекшемби түнү орус армиясы Синельниковский районуна ракета менен сокку урганын Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак Телеграмга жазды.
Көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, таңга жуук өчурүлдү. Киев азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат бере элек. Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей соңку бир суткада өлкө боюнча элүүдөй куралдуу кагылыш катталды. Киев өткөн апта оор жана чыңалган абалда болгонун белгиледи.
Украинанын президентинин администрация башчысы Андрей Ермак орус тарап таңга маал дагы чабуулун улантканын билдирди. Украин армиясы былтыр ноябрда контрчабуулда Херсонду орусиялык күчтөрдөн бошоткон. Андан бери Орусия Херсон шаарына чектеш конуштарды тынымсыз бутага алууда.
Бул арада Андрей Ермак Орусиянын туткунунан 22 жоокер кайтып келгенин Телеграмга жазды. Украинага кайтып келгендердин арасында эки офицер, катардагы жоокер жана сержант бар экени кабарланды. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги туткундарды алмаштыруу боюнча комментарий бере элек.
Жекшембиде Украинанын армиясынын чабуулунда аннексияланган Крымды материк менен байланыштырган эки көпүрө жабыркады. Бул тууралуу жарым аралдын Москва дайындаган бийлиги кабарлады. Учурда талкаланган Чонгар жана Геническ көпүрөлөр менен каттоо дээрлик мүмкүн эмес.
Орусиялык булактар Киев британиялык Storm Shadow канаттуу ракетасын колдонгонун билдиришти. Киев ракеталарга байланыштуу азырынча маалымат бере элек.
Бирок дүйшөмбүдө Украинанын Куралдуу күчтөрү эки көпүрөгө сокку урулганын ырастады. Анда бул көпүрөлөр орус армиясын курал-жарак, ок-дары менен камсыздоодо негизги жол болгону айтылат.
краин аскерлери бул көпүрө аркылуу орусиялык армия Украинанын оккупацияланган түштүк аймактарына кошумча күч жөнөтүп келгенин билдирген.
Орус армиясы 7-августка караган түнү Украинанын Херсон шаарын аткылап, Днепропетровск облусунун Синельниковский районуна ракета менен сокку урду.
Херсон облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин маалымдагандай, түнкү 00:50 лерде орус аскерлери карапайым тургундардын үйүн аткылаган. 59 жаштагы аялдын өмүрү кыйылды, дагы бир улгайган адам жаракат алды.
Украинанын президентинин администрация башчысы Андрей Ермак орус армиясы тогуз кабат үйдү аткылаганын, жыйынтыгында өрт тутанганын тактады. Таңга маал орус армиясы аткылоосун дагы улантты.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей соңку бир суткада өлкө боюнча элүүдөй куралдуу кагылышуу катталган. Киев өткөн аптаны "оор жана чыңалган" деп мүнөздөдү.
"Душман негизги багыты катары чыгышты тандап алган. Ал жакта январдан бери бир нече багытта чабуул коюп келатышат", - деди 7-августта коргоо министринин орун басары Анна Маляр.
Ал ошондой эле орус күчтөрү Украина чыгышындагы "Харьков облусундагы жоготкон аймактарын кайтарып алгысы келип жатканын" кошумчалады.
Орусиянын бийлиги Москванын түштүк-батышында 7-августка караган түнү учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдиришти. Окуя Калуга облусунун Ферзиковский районунда болгон.
Облус губернатору Владислав Шапша "жарандар да, инфратүзүмдөр да жабыркабаганын" Телеграмга жазды.
Украинанын армиясынын 6-августтагы чабуулунда аннексияланган Крымды материк менен байланыштырган эки көпүрө жабыркады. Бул тууралуу жарым аралдын Москва дайындаган бийлиги кабарлады жана талкаланган Чонгар жана Геническ көпүрөлөрүнүн сүрөттөрү, видеолору жарыяланды. Ага ылайык, учурда ал көпүрөлөр менен каттоо дээрлик мүмкүн эмес.
Херсон облусунун Орусия дайындаган башчысы Владимир Сальдонун билдиришинче, кеминде бир адам жараат алды. Ал украин тарап Геническ көпүрөсүн көздөй 12 ракета учурганын, анын тогузу атып түшүрүлгөнүн айтты.
Орусиялык булактар Киев британиялык Storm Shadow канаттуу ракетасын колдонгонун билдиришти. Киев ракеталарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Украинанын Куралдуу күчтөрү эки көпүрөгө сокку урулганын ырастады. Анда бул көпүрөлөр орус армиясын курал-жарак, ок-дары менен камсыздоодо негизги жол болгону айтылат.
Чонгар көпүрөсү июнь айынын аягында дагы аткыланган жана анда дагы Storm Shadow ракетасы менен сокку урулганы айтылган.
Украин аскерлери бул көпүрө аркылуу орусиялык армия Украинанын оккупацияланган түштүк аймактарына кошумча күч жөнөтүп келгенин билдирген.
Лондон Киевге май айында узак аралыкка уча алган Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөн. Ага чейин Батыш өлкөлөрү 80 километрге чейинки аралыктагы буталарга сокку урууга жөндөмдүү курал-жарактарды берген.
Сауд Арабиясында Украинада тынчтык орнотуу маселелерине арналган 5-6-августтагы жолугушууда катышуучулар мындан ары дагы ушундай форматта кеңешүүнү улантууну макулдашты.
Reuters агенттиги Орусия чакырылбаган бул сүйлөшүүдө келгендер "тынчтыкка жол чапкан жалпы позицияны" иштеп чыгуу тууралуу келишкенин билдирди. Иш-чаранын соңунда кабыл алынган коммюникеде мындан ары биргелешкен кандай иш-чаралар болору так көрсөтүлгөн эмес
Бул жолугушууга Укриана жана анын Батыштагы өнөктөштөрү эле эмес, Кытай, Индия, Египет жана Бразилия өңдүү 40тай мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Киев Бээжиндин бул жолугушууга өкүл жөнөткөн “чон жетишкендик” катары сыпаттанган.
Эки күндүк сүйлөшүүдө негизине украин президенти Владимир Зеленскийдин өз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгү тууралуу БУУнун уставын сактоо, өзөктүк, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздукка байланыштуу 10 жободон турган “тынчтык формуласы” талкууланды.
Москва Жиддадагы сүйлөшүүлөргө тыкыр көз саларын билдирген.