Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:55 14.8.2023

Украина өткөн аптада Бахмут шаарына жакын чакан тилкени өз карамагына алганын бүгүн 14-августта өлкөнүн коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди:

"Куралдуу Күчтөр Бахмут, башкача айтканда, түштүк багытта алдыга жылышты. Өткөн аптада үч чарчы чакырым бошотулду. Жалпысынан Бахмут районунун түштүк флангында 40 чарчы чакырым жерди бошотуп алдык".

Ошону менен катар, Анна Малярдын айтымында, украин аскерлери Донецк облусунун Урожайное деген айылында айрым ийгиликтерге жетише алышты. Аны бошотууга Украина 8-августта киришкен.

The New York Times басылмасы 13-августта жазгандай, Украина өлкөнүн түштүгүндөгү эки негизги багытта тактикалык жактан маанилүү прогресске жетише алды.

12:01 14.8.2023

11:52 14.8.2023

Орусиянын армиясы 14-августка караган түнү Одессаны "Шахед" дрондору жана "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылады.

Украинанын бийлиги анда бери дегенде үч адам жараат алганын кабарлады. Дүйшөмбүгө караган түнү Одессадан сырткары Киев баштаган бир катар аймактарда абадан эскертүү берилди.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнаттын сөзүнө караганда. Одессанын үстүнөн бир канча дрон атып түшүрүлдү.

Аймактагы аскердик администрациянын өкүлү Сергей Братчук аймакка үч жолу чабуул жасалганын маалымдады.

"Душман түндө үч ирет чабуул жасады. Анда жалпысынын 15 дрон жана сегиз "Калибр" ракетасы жок кылынды. Абадан коргоо күчтөрүнүн жардамы менен бардык чабуулдун мизи кайтарылды",-деди Братчук.

Ракеталардын сыныктарынан аймакта бир канча жерде өрт чыкты. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин билдиришинче, анда бир канча жер тамдын терезеси талкаланды. Маалыматтарга караганда окуу жайлардын биринин жатаканасы жана супермаркет жабыркады. Куткаруучулар өрттү өчүрүп жатат.

Орусия Одессаны бир айга жакын убактан бери, дан келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан тартып аткылап жатат.

Киев Москванын көздөгөнү дан экспортун үзгүлтүккө учуратуу экенин билдирген. Орус армиясы портко жасалган чабуулдун аскердик максаты гана бар экенин айтып, Крым көпүрөсүндөгү жардырууга жооп катары түшүндүргөн.

23:53 13.8.2023

Орус күчтөрү 2022-жылы Украинага басып киргенден бери биринчи жолу Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Одесса шаарындагы пляждар расмий ачылды.

Cогуш башталгандан кийин мина коркунучунан улам Одессадагы кумдуу жээктер жергиликтүү тургундар үчүн жабылган болчу. Бийлик шаарга деңиз тараптан десанттык чабуул болушу мүмкүн деп чочулаган. Жээк сызыгын бойлой миналар коюлуп, пляждар тосулган жана эскертүүчү белгилер орнотулган.

Буга карабастан айрым шаардыктар сууга түшүүнү улантышкан. Мындан улам миналар жарылып, бир нече адам набыт болгон учурлар да катталган.

"Думская" басылмасы жазгандай, жаңы ачылган пляждарда атайын куткаруучулар иштейт. Жээктин сууда сүзө турган бөлүгүндө миналардан коргоочу тор тосмолор орнотулган.

Деңиз жээгиндеги алты коомдук пляжга эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин барууга болот. Пляждарда жакынкы баш калкалоочу жай кайда жайгашканын көрсөткөн белгилер орнотулган.

Аба чабуулу башталганда, бороон учурунда же суудан шектүү объектилер табылганда жайкын тургундарга пляжда болууга тыюу салынат.

Украинанын түштүгүндө жайгашкан Одесса шаары утур-утур орус күчтөрүнүн аткылоолоруна кабылып келет.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG