- автор Элвира Будайчиева
14-августка караган түнү Украинанын Одесса шаарына жана Харьков аймагына орус армиясы сокку урду. Киев чыгыш жана түштүк фронттордо айыгышкан кармаш уланып жатканын билдирди.
Орус күчтөрүнүн Херсон аймагындагы соңку чабуулдарынан кеминде жети жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Кандуу чабуулдун курмандыктарынын эң кичүүсү 22 гана күндүк ымыркай болгон.
Орусия кол салган күндөн тартып Украинада 500дөй бала каза болгонун, дагы миңден ашууну жараат алганын "Азаттыктын" украин кызматы кабарлады.
Орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Харьков аймагын жана Кара деңиз жээгиндеги Одесса портун кайрадан ракеталар жана учкучсуз учактар менен бутага алганы кабарланды.
Облустук бийлик 14-августта Орусиянын чек арасынан эки чакырым алыстыкта жайгашкан Харьков облусундагы Козача Лопан айылын аткылоодо бир киши каза болуп, экөө жараат алганын билдирди.
Орус күчтөрүнүн Украинанын Херсон аймагындагы соңку чабуулдарынан кеминде жети жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Алардын арасында төрөлгөнүнө бир ай боло элек ымыркай жана 12 жаштагы өспүрүм бар. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 13-августтагы кечки кайрылуусунда билдирди. Дүйшөмбүдө аймакта аза күтүү күнү жарыяланды.
"Бүгүн орусиялык оккупанттар Херсон облусуна мыкаачылык менен сокку урду. Курман болгондор, жарадар болгондор бар. Таңкы саат төрттө Велетенск айылын аткылашты. Үй өрттөндү. Эртең мененки саат тогузда Широка Балка айылын бутага алышкан. Беш адам набыт болгон. Алардын арасында 22 гана күндүк ымыркай кыз бар. Анын 12 жаштагы агасы жана энеси ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, алар да көз жумду" деди Зеленский.
Орусия кол салган күндөн тартып Украинада 500дөй бала каза болгонун, дагы миңден ашууну жараат алганын "Азаттыктын" украин кызматы Башкы прокуратура маалыматына таянып жазды. Каза тапкан балдардын эң көбү Донецк, Харьков, Киев, Херсон, Запорожье, Николаев облустарында катталган.
Ювеналдык прокурорлор бул расмий каттоого алынгандардын гана саны экенин, согуш жүрүп жаткан, оккупацияда турган жана бошотулган аймактарда каза болуп, түрдүү жараат алган балдарды аныктоо иши уланып жатканын билдирди.
Орусиянын армиясы 14-августка караган түнү Одессаны "Шахед" дрондору жана "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылады. Украинанын бийлиги анда бери дегенде үч адам жараат алганын кабарлады.
"Одессада дагы бир теракт катталды. Эмне болгонун көрүп турасыздар. Биз бардык кызматтар менен бирге келтирилген зыянды жоюу үчүн иштеп жатабыз" дейт Одесса шаарынын мэри Геннадий Труханов.
Дүйшөмбүгө караган түнү Одессадан сырткары Киев баштаган бир катар аймактарда абадан эскертүү берилди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнаттын сөзүнө караганда Одессанын үстүнөн бир канча дрон атып түшүрүлдү. Аскердик администрациянын өкүлү Сергей Братчук аймакка үч жолу чабуул жасалганын маалымдады.
Ракеталардын сыныктарынан аймакта бир канча жерде өрт чыкты. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин билдиришинче, анда бир канча жер тамдын терезеси талкаланды. Маалыматтарга караганда окуу жайлардын биринин жатаканасы жана дүкөн жабыркады.
Ал эми ишембиде Крым жарым аралына да ракета жана дрондор менен чабуул коюлду. Орусиянын Коргоо министрлиги Крымга учурулган "20 украин дронунун" 14ү атып түшүрүлгөнүн, калганы электрондук коммуникациялык жабдыктар менен зыянсыз болгонун билдирди.
Ал тапта 13-августта орусиялык маалымат агенттиктери Орусияны Украинанын Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен байланыштырган, Керч кысыгы аркылуу өткөн көпүрөдө кыймыл убактылуу токтотулганын кабарлады. Кремль азырынча мунун себебин билдире элек.
Былтыр күздөн бери бул көпүрө бир нече жолу ар кыл чабуулдарга дуушар болду. Октябрь айында Крым көпүрөсүндө бомба коюлган автоунаа жарылып, андан кеминде үч адам мерт болгон.
Украина өткөн аптада Бахмут шаарына жакын чакан тилкени өз карамагына алганын бүгүн 14-августта өлкөнүн коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди:
"Куралдуу Күчтөр Бахмут, башкача айтканда, түштүк багытта алдыга жылышты. Өткөн аптада үч чарчы чакырым бошотулду. Жалпысынан Бахмут районунун түштүк флангында 40 чарчы чакырым жерди бошотуп алдык".
Ошону менен катар, Анна Малярдын айтымында, украин аскерлери Донецк облусунун Урожайное деген айылында айрым ийгиликтерге жетише алышты. Аны бошотууга Украина 8-августта киришкен.
The New York Times басылмасы 13-августта жазгандай, Украина өлкөнүн түштүгүндөгү эки негизги багытта тактикалык жактан маанилүү прогресске жетише алды.