Украина НАТОго Орусияга аймактарын бергенде гана мүчө болобу?
НАТОнун штаб башчысы жана уюмдун баш катчысынын ички канцеляриясынын жетекчиси Стиан Йенсен шейшембиде Украина Түндүк атлантикалык уюмга өзүнүн айрым аймактарын орустардыкы деп тааныганда гана мүчө боло аларын айткан. Киев бул билдирүүнү кескин сынга алды.
Норвегиялык Verdens Gang (VG) таблоиди 2012-жылдан бери өтүп келген төрт күндүк коомдук-саясий "Арендалык жума" семинарында Йенсендин сүйлөгөн сөзүнөн цитата келтирген.
"Мен Украина өз аймактарынан баш тартканда НАТОго мүчөлүккө кабыл алына турган чечим болушу мүмкүн деп ойлойм", - деген Йенсен дебат учурунда.
Ал Орусия менен тынчтык сүйлөшүүсүн кандай шартта жүргүзөрүн Украина өзү чечерин айткан.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүнү "такыр кабыл алынгыс" деп атаган.
"НАТО Украина сыяктуу эле аймактар менен соодалашпайт деп келгенбиз. НАТОнун башында тургандардын атайылап же байкабай айтып алган сөздөрү Орусиянын чырагына май тамызат. Түндүк атлантикалык алянстын коопсуздугу үчүн Украинанын жеңишин тездетүүнү жана НАТОго мүчө болушун талкуулоо кажет", - деп жазды мекеменин пресс-катчысы Олег Николенко Фейсбукка.
Стиана Йенсендин сөзүнө Украинанын президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк да жооп берди.
"НАТОнун кол чатыры үчүн аймактарды алмашуу керекпи? Таң калычтуу. Демек, билип туруп демократиянын жеңилишине жеткирүү, глобалдык кылмышкерди колдоо, орусиялык режимди консервация кылуу, эл аралык укукту талкалоо жана согушту башка муунга өткөрүп берүү. Көрүнүп тургандай Путин оор жоготууларга учурабаса, Орусияда саясий режим өзгөрбөйт, согуш кылмышкерлери жазаланбайт, согуш арааны ачылган Орусия менен кошо кайра кайтып келет", - деген Подоляктын сөзүн украиналык Телеграм-каналдар жазышты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-августта өлкө түштүгүндөгү Запорожье облусуна барып, Мелитополь багытында контрчабуулга катышып жаткан аскерлер менен жолукту.
Президенттин кеңсеси билдиргендей, Зеленский командирлердин согуштук аракеттерди жүрүшү тууралуу баяндамаларын угуп, көйгөйлөрдү талкуулады. Аскерлер көбүрөөк учкучсуз аппараттарга муктаж экенин айтышкан.
Украин армиясы түштүктө жана түштүк-чыгышта контрчабуулдарын июнда баштаган. Эки айдын ичинде алар бир катар айыл-кыштактарды орус күчтөрүнөн бошото алышты. Азырынча ири калктуу конуштар орус армиясынан тазалана элек.
Украин расмийлери контрчабуул алар ойлогондой тез жүрбөсө дагы, акырындап прогресс жетишилип жатканын билдирип келишет.
14-августта Зеленский Донецк облусуна барып, ал жакта да контрчабуулга катышып жаткан жоокерлер менен жолуккан.
27-июлда The New York Times басылмасы Пентагондогу булактарына таянып, украин армиясы контрчабуулдун негизги баскычын баштаганын жазган.
Андагы маалыматка караганда, Украинанын түштүк-чыгышындагы контрчабуулга атайын машыгуудан өткөн аскерлер жана батыш техникасы тартылган. Алардын көбү буга чейин резервде кармалып турган.
Бириккен Улуттар Уюму Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери 9444 карапайым тургун мерт кеткенин билдирди. Уюмдун Адам укуктары боюнча башкы комиссариаты 15-августта билдиргендей, өмүрү кыйылгандардын арасында 545 бала бар.
Андан тышкары 16 940 адам, анын ичинен 1126 бала жаракат алганы кабарланды.
Чындыгында курман болгон карапайым тургундардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экени белгиленип келет. Анткени ушул тапта айыгышкан салгылаш жүрүп жаткан аймактардан маалымат чогултуу кыйынга турууда.
Ал эми айрым жарандардын өлүмү тууралуу маалыматтар дагы эле текшерүүдөн өтүп жатканы айтылды.
Соңку бир суткада эле орус армиясынын канаттуу ракеталар менен жапырт аткылоосунан төрт карапайым тургун мерт кеткени кабарланды.
15-августта орус армиясы Украинанын батышындагы аймактарга, анын ичинде Львов, Днепр шаарларына, Волын менен Хмельниц облустарына чабуул койду.
Орусиянын армиясы 15-августка караган түнү Украинанын Львов, Днепр шаарларын, Волын менен Хмельниц облустарын аткылады. Анда бери дегенде үч адам мерт болуп, дагы бир канча киши жараат алганы кабарланды.
Украинанын Аскер-аба күчтөрү түнү Орусиянын армиясы 28 канаттуу ракета учуруп, анын 16сы атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Ал эми АКШ Украинага 200 млн долларлык кошумча аскердик жардам бөлдү. Бул жардамдын ичинде Patriot абадан коргонуу системалары жана HIMARS комплекси үчүн ок-дарылар, миналарды тазалоочу жабдыктар жана артиллериялык снаряддар бар экени айтылууда.
Украинанын батышындагы Волын облусунун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Погуляйконун билдиришинче, өнөр жай ишканасына канаттуу эки ракета тийди жана анда үч адам мерт болуп, дагы бир канча киши жараат алды. Имарат жарым-жартылай талкаланды.
Львов шаарынын мэри Андрей Садовой ракеталардын бир бөлүгү атып түшүрүлгөнүн, айрымдары үйлөргө тийгенин билдирди. Ал ошондой эле бала бакчалардын бири жабыркаганын, жараат алгандар болбогонун кабарлады.
"Эки саат мурун ушул жерде бала бакчанын аянтчасы бар болчу. Ракета түз эле аянтчага тийген. Азыр тереңдиги тогуз метр. Ал тургай анын түбүндө ракетанын калдыктары жатат. Бала бакча талкаланды, үстүңкү кабаттары күйдү", - деди шаар мэри Садовой.
Анын ырасташынча, соңку чабуулда жүздөн ашык имарат жабыркап, терезелер талкаланды. Жарадар болгон төрт адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.
Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкийдин сөзүнө караганда, ракеталардын сыныгы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине жана калктуу эки конушка түштү. Бир канча адам жеңил жараат алды жана 20 чактыдай жер там жабыркады.
Ал эми Днепр облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак чабуулда өнөр жай ишканасынын жана спорт комплексинин имараты жабыркаганын билдирди. Анда эки адам жараат алганы айтылууда.
Шейшембинин таңында Хмельницк облусунда абадан коргоочу система иштеди. Баштапкы маалыматка ылайык, чабуулда жараат алгандар болгон жок.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, шейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы 28 канаттуу ракета учуруп, анын 16сы атып түшүрүлдү.
Москва бул чабуулдарга байланыштуу комментарий бере элек.
Германиянын каржы министри Кристиан Линднер 14-августта Киевге барды. Ал Украинанын бийликтери менен "конкреттүү" сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын айтып, Германия согуш башталгандан бери Киевге 22 миллиард евро гуманитардык, каржылык жана аскердик жардам бергенин кошумчалады.
Ошондой эле Линднер Украинага 500 чакырымга чейинки алыстыкка уча алган Taurus канаттуу ракеталарын берүүнү колдорун билдирди.
"Бизде Taurus ракетасына байланыштуу атайын процедуралар бар. Андыктан биз союздаштарыбыздын арасында, анын ичинде "Рамштайн" форматында ыкчам эмне керек экенин так карап жатабыз. Мен бул маселе тез арада чечилет деген үмүттөмүн", - деди германиялык аткаминер.
Белгилей кетсек, украин президенти Владимир Зеленский бул ракеталар тууралуу быйыл май айында Берлинде немис канцлери Олаф Щольц менен жолукканда талкуулаган. Бирок азырынча Киев канча ракета сураганы белгисиз.
Taurus канаттуу ракетасы кыргын салуучу учактан 500 чакырымга чейинки аралыкка учурулат. Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, немис коргоо күчтөрү үчүн мындан он жыл мурда 600 ракета алынган жана учурда 150сү экспортко даяр.
Ал тапта 14-августта Кошмо Штаттар Украинага 200 миллион долларга бааланган жаңы аскердик жардамын жарыялады. Пентагондун маалыматына ылайык, бул жардамдын ичинде Patriot абадан коргонуу системалары жана HIMARS комплекси үчүн ок-дарылар, миналарды тазалоочу жабдыктар жана артиллериялык снаряддар бар.
"Орусия согушту баштады жана Украинадан өз аскерлерин чыгарып кетип, катаал чабуулдарын токтотуу менен бул согушту каалаган учурда соңуна чыгара алат. Ага чейин АКШ, биздин өнөктөштөр жана союздаштар канчага чейин зарыл болсо, ошого чейин Украина менен бирге турат", - деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
Бул - 2021-жылдын август айынан бери АКШ Украинага жөнөткөн аскердик жардамдын 44-пакети. Буга чейин Кошмо Штаттар Украинага 43 миллиард долларлык жардам көрсөткөн. Акыркы жолу, июль айында Вашингтон Киевге 400 миллион долларга бааланган аскердик жардам жөнөткөн.