Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:02
Киев. Орусиянын чабуулунан кийин тутанган өрт.
Киев. Орусиянын чабуулунан кийин тутанган өрт.

Киевдеги ракеталык чабуул: Өрт тутанып, адамдар жабыркады

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




23:13 21.8.2023

Украиналык дагы бир учкучсуз учак Калуга облусундагы "аэродромдун аймагына" кулады

Окуянын чоо-жайын аймактын губернатору Владислав Шапша айтканын "База" Телеграм-каналы билдирди. Анын маалыматында дрон кулаганда "колдонуудан чыккан учак жабыр тарткан". Mash жазгандай кеп Шайковка аэродрому жөнүндө болуп жатат. Дрон "өз алдынча жарыла турган жана батареясы бар жарандык коптер болгон". Шайковкада стратегиялык ТУ-22М бомбалоочу учактары жайгашкан. 2022-жылы октябрда бул авиабазада жарылуу болгону кабарланган. Коргоо министрлиги анда ушул типтеги эки учак талкаланганы тууралуу маалыматтарды "фейк" деп атаган.

Буга чейин орусиялык бийлик ишембиде украиналык дрон Новгород облусундагы Сольцы айылында жайгашкан аскердик базадагы учакты "талкалаганын" билдирген. Кийинчерек соккунун кесепети тартылган видео тараган. Анда Т-22М3 үлгүсүндөгү стратегиялык бомбалоочу учак толугу менен талкаланганын көрүүгө болот.


15:34 21.8.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү эртең менен Москванын жанында кайрадан учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Расмий кабарга ылайык, дрондорду абадан коргонуу күчтөрү байкап, мизин кайтарган. Башкарууну жоготкон учкучсуз учактын бири Москвадан 65 километр алыстагы Покровское айылына жакын жерге кулап түшкөн. Коргоо министрлиги жабыркагандар жок экенин маалымдады.

Бул окуядан жарым сааттан кийин Коргоо министрлиги Москва облусунда дагы бир дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялап, анын мизи Истра районунун аймагында кайтарылганын кабарлады. Облус башчысы Андрей Воробьев бул аймакта эки киши жабыркаганын айтты.

Внуково жана Домодедово аэропортторунда авиакаттамдарга аткарууга чектөө киргизилгенин ТАСС жазды. Шереметьеводо бир нече каттамдар кармалып, кайра иштей баштады.

19-августта Коргоо министрлиги Москвага жакын жерде дрон кулаганын маалымдаган. 20-августта Орусиянын бир катар аймактарына учкучсуз учактар чабуул жасаган. Курск шаарында учкучсуз учак темир жол бекеттин имаратына тийип беш киши жеңил жараат алган.

Москва бул кол салуулар үчүн Украинаны айыптоодо. Киев комментарий берген жок.

11:43 21.8.2023

Украин президенти Владимир Зеленский Киев учкуч жана инженерлердин машыгуусу бүткөндө 42 даана F-16 кыргын салуучу учагын ала турганын 20-августта Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте менен жолугушуудан кийин билдирди.

Ал аба мейкиндигин коргоо үчүн дагы бир кадам жасалып жатканын, бул учактар орус күчтөрүн Украинанын шаар-кыштактарынан оолак кармоого жардам берерин белгиледи. Зеленский Нидерланддын премьер-министри менен биргелешкен маалымат жыйында Черниговдо ишембиде болгон чабуулга токтолду.

"Кечээ гана Черниговдун борбордук аянтында ракеталык чабуул болуп, жети киши мерт болду, арасында алты жашар бала бар. Жабыркаган 148 кишинин 15и балдар. Агрессор Украинага каршы 6500дөн ашык ракета жана 3500дөн ашуун дрон, негизинен ирандык "Шахеддерди" пайдаланды. Алардын көбү аскердик объектилерди эмес, жай тургундарды бутага алды", - деди Зеленский.

Рютте малымат жыйында Нидерланд менен Дания ортодогу бардык шарттар аткарылганда учактар берилерин айтып, ал качан ишке ашарын тактаган жок.

Украина согуш башталганы аскердик авиация паркынын көпчүлүк бөлүгүн жоготту. Киев Батыштагы өнөктөштөрүнөн заманбап учактарды берүүсүн талап кылып келет.

Август айында Вашингтон украин учкучтарын F-16 кыргын салуучу учагында машыгууга макулдук берген. Азырынча украин учкучтарынын окууларын колдогон 11 өлкөнүн бири дагы бул программа үчүн учактарын бере элек.

18:28 20.8.2023

Украин учкучтары Швециядан чыккан "Грипен" (Gripen) согуштук учагын сынай баштайт. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен Стокгольмдогу маалымат жыйында билдирди.

"Асманда биздин артыкчылыгыбыз жок. Биздин заманбап учактарыбыз жок. "Грипен" - сиздердин мамлекеттин сыймыгы. Мен премьер-министр ушул сыймыгын Украина менен бөлүшсө деп эсептейм. Биз дагы муну менен абдан сыймыктанмакпыз".

Мындан тышкары Зеленский өз ара сүйлөшүүлөрдө Швециянын CV-90 согуштук унаасын Украинанын аймагында биргелешип чыгаруу талкууланганын айтып, бул процессти тездетүү үчүн бардык аракеттер жасаларын белгиледи.

Кристерссон "Грипен" тууралуу кеп кылган жок, бирок Орусиянын ишемби күнкү Черниговго жасаган чабуулун айыптады.

Украинанын президентинин маалымат катчысы Сергей Никифоров теориялык жактан "Грипен" согуштук учагын Украинага берүүгө үч кадам калганын, азыр техника сыналып жатканын, кийин машыгуулар болорун, андан ары саясий макулдашуудан кийин гана алынарын белгиледи.

19-августта Владимир Зеленский Швецияга барган. Бул анын согуш башталганы бул өлкөгө жасаган алгачкы сапары болуп саналат. 17-августта Швециянын парламенти Украинага 270 миллион евролук жардам топтомун берүүнү жактырган. Киев ок-дары, тетик, жүк машиналарын жана минаны зыянсыздандыруучу жабдууларды алары күтүлүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG