Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү Кара деңиздин үстүнөн эки учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, дрондор Крымдан 40 чакырым түндүк-батыш тарапта сууга түшкөн.
“Абадан коргонуу күчтөрү Украинанын эки учкучсуз учуучу аппаратын жок кылды”, — деп жазды Орусиянын Коргоо министрлиги Телеграммдагы расмий баракчасына.
Украина бул окуя боюнча комментарий бере элек. 2022-жылдын август айынан бери Крымда дээрлик күн сайын жардыруулардын үнү угулуп турат. Орус бийлиги муну “Украинанын учкучсуз учактарына каршы иштер” жана орус аскерлеринин машыгуулары менен түшүндүрүп келет.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.
Украиналык дагы бир учкучсуз учак Калуга облусундагы "аэродромдун аймагына" кулады
Окуянын чоо-жайын аймактын губернатору Владислав Шапша айтканын "База" Телеграм-каналы билдирди. Анын маалыматында дрон кулаганда "колдонуудан чыккан учак жабыр тарткан". Mash жазгандай кеп Шайковка аэродрому жөнүндө болуп жатат. Дрон "өз алдынча жарыла турган жана батареясы бар жарандык коптер болгон". Шайковкада стратегиялык ТУ-22М бомбалоочу учактары жайгашкан. 2022-жылы октябрда бул авиабазада жарылуу болгону кабарланган. Коргоо министрлиги анда ушул типтеги эки учак талкаланганы тууралуу маалыматтарды "фейк" деп атаган.
Буга чейин орусиялык бийлик ишембиде украиналык дрон Новгород облусундагы Сольцы айылында жайгашкан аскердик базадагы учакты "талкалаганын" билдирген. Кийинчерек соккунун кесепети тартылган видео тараган. Анда Т-22М3 үлгүсүндөгү стратегиялык бомбалоочу учак толугу менен талкаланганын көрүүгө болот.
Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү эртең менен Москванын жанында кайрадан учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Расмий кабарга ылайык, дрондорду абадан коргонуу күчтөрү байкап, мизин кайтарган. Башкарууну жоготкон учкучсуз учактын бири Москвадан 65 километр алыстагы Покровское айылына жакын жерге кулап түшкөн. Коргоо министрлиги жабыркагандар жок экенин маалымдады.
Бул окуядан жарым сааттан кийин Коргоо министрлиги Москва облусунда дагы бир дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялап, анын мизи Истра районунун аймагында кайтарылганын кабарлады. Облус башчысы Андрей Воробьев бул аймакта эки киши жабыркаганын айтты.
Внуково жана Домодедово аэропортторунда авиакаттамдарга аткарууга чектөө киргизилгенин ТАСС жазды. Шереметьеводо бир нече каттамдар кармалып, кайра иштей баштады.
19-августта Коргоо министрлиги Москвага жакын жерде дрон кулаганын маалымдаган. 20-августта Орусиянын бир катар аймактарына учкучсуз учактар чабуул жасаган. Курск шаарында учкучсуз учак темир жол бекеттин имаратына тийип беш киши жеңил жараат алган.
Москва бул кол салуулар үчүн Украинаны айыптоодо. Киев комментарий берген жок.
Украин президенти Владимир Зеленский Киев учкуч жана инженерлердин машыгуусу бүткөндө 42 даана F-16 кыргын салуучу учагын ала турганын 20-августта Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте менен жолугушуудан кийин билдирди.
Ал аба мейкиндигин коргоо үчүн дагы бир кадам жасалып жатканын, бул учактар орус күчтөрүн Украинанын шаар-кыштактарынан оолак кармоого жардам берерин белгиледи. Зеленский Нидерланддын премьер-министри менен биргелешкен маалымат жыйында Черниговдо ишембиде болгон чабуулга токтолду.
"Кечээ гана Черниговдун борбордук аянтында ракеталык чабуул болуп, жети киши мерт болду, арасында алты жашар бала бар. Жабыркаган 148 кишинин 15и балдар. Агрессор Украинага каршы 6500дөн ашык ракета жана 3500дөн ашуун дрон, негизинен ирандык "Шахеддерди" пайдаланды. Алардын көбү аскердик объектилерди эмес, жай тургундарды бутага алды", - деди Зеленский.
Рютте малымат жыйында Нидерланд менен Дания ортодогу бардык шарттар аткарылганда учактар берилерин айтып, ал качан ишке ашарын тактаган жок.
Украина согуш башталганы аскердик авиация паркынын көпчүлүк бөлүгүн жоготту. Киев Батыштагы өнөктөштөрүнөн заманбап учактарды берүүсүн талап кылып келет.
Август айында Вашингтон украин учкучтарын F-16 кыргын салуучу учагында машыгууга макулдук берген. Азырынча украин учкучтарынын окууларын колдогон 11 өлкөнүн бири дагы бул программа үчүн учактарын бере элек.