Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:44
Киев. Орусиянын чабуулунан кийин тутанган өрт.
Киев. Орусиянын чабуулунан кийин тутанган өрт.

Киевдеги ракеталык чабуул: Өрт тутанып, адамдар жабыркады

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




04:32 23.8.2023

Орусиялык күчтөрдүн Донецк облусундагы Лиман коомчулугун аткылоосунан улам үч адам каза таап, экөө жараат алды. Бул тууралуу Донецк облустук аскердик администрациянын башчысы Павел Кириленко билдирди. Аткылоого Тор жана Закотное аймактары да кабылган.

04:28 23.8.2023

Балкан жана бул аймакка жакын он өлкө Украинаны колдогон декларацияга кол коюшту. Кол коюу Афиныда өттү, бул шаарда учурда Украинанын президенти иш сапар менен жүрөт.

Өлкөлөр Украинанын аймагынан орусиялык аскерлерди толук чыгарууну сунуштаган Зеленскийдин "тынчтык формуласын" колдошту.

Декларацияга Сербиянын, Молдованын, Черногориянын, Румыниянын, Косовонун, Босния жана Герцоговинанын, Түндүк Македониянын, Болгария жана Грекиянын лидерлери кол коюшту. Бул учурда ал жерде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишель да болду.

Мамлекеттер "Украинанын президентинин БУУнун уставына ылайык тынчтык орнотуу аракетин баалап жана ага колдоо көргөзөрүн" ырасташты.

  • Владимир Зеленский Грекияга 21-августта барган. Дүйшөмбүдө ал өлкөнүн премьер-министри Кириакос Мицотакис менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Жолугушуунун жыйынтыгында ал украиналык учкучтарды Дания менен Нидерланд бере турган F-16 согуштук учагын башкарууга үйрөтүү макулдашылганын билдирген.
  • Он пункттан турган Зеленскийдин тынчтык планы "тынчтык формуласы" деп аталат. Анда Москва менен сүйлөшүү Орусия басып алган аймактарды аннексияланган Крымга кошуп Киевге кайтарганда жана бардык аскерлерин Украинадан чыгарып кеткенде гана башталышы керектиги жазылган.
04:27 23.8.2023

Армиянын генералы Сергей Суровикин Орусиянын аскердик-космос күчтөрүнүн башчылыгынан алынган болушу мүмкүн. Бул тууралуу журналист Алексей Венедиктов (Юстиция министрлиги "тыңчы" деп тапкан) президенттин жашыруун токтомуна шилтеме берип билдирди. Венедиктовдун маалыматында Суровикин армиядан биротоло куулган эмес, Коргоо министрлигинде иштей берет.

РБК басылмасынын "кырдаал менен тааныш" ишенимдүү булагы генералды кызматтан алуу анын башка ишке өткөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирген. "Азыркы учурда ал эмгек өргүүсүндө жүрөт" деп тактаган басылманын маектеши.

Журналист Ксения Собчактын маалыматында, Суровикин 18-августта эле кызматтан алынган. Бирок документ ачык жарыяланган эмес. "Важные истории" басылмасынын журналисттери бул даталарда чыккан президенттин токтомдорунда чындап эле жылчык бар деп эсептешет.

17-августта "Орусиянын илимий-техникалык өнүгүүсүнө прогноз жасоону иштеп чыгуу жана түзөтүү киргизүү" деген №622 токтом, 18-августта "14 согуштук авиацияга ардактуу наам берүү" деген №624 токтом чыккан. №623 токтом эмне тууралуу экени белгисиз.

Генералдын кызматтан алынганын орус өкмөтүнө иштеген аскердик блогерлер дагы билдиришти. "Рыбарь" Суровикин июнь айында "Вагнердин" козголоңунан кийин эле иштен четтетилгенин жазды.

  • Сергей Суровикин Украинадагы согушта армияны 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын январь айына чейин жетектеген. Мындан кийин Валерий Герасимов башында турган Башкы штабда орун басарлык кызматка барган. Суровикин 2017-жылдан бери аскердик-космос күчтөрүнүн жетекчиси болуп да иштеп келген.
  • Июнь айында "вагнерчилердин" козголоңунда Суровикин жалданма жоочуларды ордуна кайтууга чакырган. Ага чейин медиалар Суровикиндин "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин менен байланышы тууралуу кабарлашкан. Айрым маалыматтарда генерал козголоңдон кийин кармалган.
18:10 22.8.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский Сербиянын президенти Александр Вучич менен "ачык-айкын жана жемиштүү жолугушуу болгонун" билдирди.

"БУУнун Уставын сыйлоо, чек аралардын бүтүндүгү, жалпы европалык үйүбүздөгү калкыбыздын келечеги, алакаларыбыздын өнүгүшү тууралуу жакшы сүйлөштүк. Мунун баары биздин жалпы кызыкчылыгыбызга төп келет", - деп жазды Зеленский X социалдык түйүнүндө.

Эки президент Грекиянын баш калаасы Афинада жолукту. Ал жакта азыр Батыш Балкан мамлекеттеринин бейформал саммити өтүп жатат.

Орус газынан көз каранды болгон Сербия Украинага согуш ачканына байланыштуу Москвага санкция киргизүүдөн баш тарткан. Вучич буга байланыштуу Евробиримдиктин басымына кабылганын билдирген. Ошол эле маалда Сербиянын президенти жарандарынын орус тарапта согушка катышуусун колдобойт.

Ал эми Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис 21-августта Зеленский менен жолугушуудан кийин Афина Украинаны, анын ичинде Одесса порт шаарын калыбына келтирүүгө жана украин учкучтарын F-16 учактарын башкарууга үйрөтүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Грекия буга чейин НАТО жана Евробиримдиктеги өнөктөштөрүнө кошулуп Украинага колдоо көрсөтөрүн билдирген. Бул мамлекет ошондой эле Киевге аскердик техника жана курал-жарак жөнөткөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG