Орусиянын Тверь облусундагы Бологовский районунда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин түшкөнү айтылган учак кырсыкка кабылды.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында борттогу он адамдын бирөө дагы тирүү калган эмес. Росавиация Пригожин жүргүнчүлөрдүн арасында болгонун билдирди.
Бир катар Телеграм-каналдардын жазышынча, бортто "Вагнердин" командирлеринин бири Дмитрий Уткин да болгон.
Мекеме каза тапкан жети жүргүнчүнүн жана экипаждын үч мүчөсүнүн аты-жөнүн жарыялады. Пригожин менен Уткинден башка тизмеде Сергей Пропустин, Евгений Маркарян, Александр Тотьмин, Валерий Чекалов, Николай Матусеев жана экипаждын үч мүчөсү болгон. Валерий Чекалов Пригожиндин түзүмдөрүнүн биринин жетекчиси, бир катар медиа каражаттары ал "Ровер" деген каймана ат менен таанымал болгонун жазууда.
"База" кырсык болгон жерде 10 кишинин сөөгү табылганын билдирди. Алар катуу күйүп калгандыктан таанылган эмес.
Учак кулап бараткан учур видеого түшүп калганын "База" жана Mash Телеграм-каналдары жарыялады.
Самолёт калктуу конушка кулаган. Жеринен жарыяланган сүрөттөрдө борттун боорундагы RA-02795 деген жазууну көрүүгө болот. Бул "Вагнердин" башчысына таандык бизнес-жеттин номери.
Пригожин бул учак менен "Вагнердин" козголоңунан кийин Беларуска учуп барган.
Учак кулаган жердин дагы бир видеосу жарыяланды.
Учактын кулап түшүүсүнүн себептери тууралуу азырынча расмий комментарий берилген жок. Телеграм-каналдарда жана ЖМКда "бортто жарылуу болгон, учакты абадан коргоо күчтөрү атып түшүргөн" деген ар кандай божомолдор айтылууда.
Ал арада иликтөө башталганы, "Аба транспортунун кыймылынын коопсуздугу жана эксплуатация эрежелеринин бузулушу" деген берене менен иш козголгону кабарланды.
Пригожинге караштуу түзүмдөр да окуя боюнча комментарий бере элек. "Вагнерге" байланыштуу Grey Zone каналы учакты "абадан коргонуу күчтөрү" атып түштүргөнүн билдирди.
Flightradar сайтынын маалыматында Москвадан чыккан учак Тверь облусуна келгенде радардан дароо жоголуп кеткен. Бул учак бийикте баратканда болгон. Учкучтар кырсыкка кабылганы тууралуу маалымат бергени белгисиз.
Орусия басып алган Запорожье облусунунун администрациясынын чиновниги Владимир Рогов "Вагнердин" өкүлдөрүнө таянып, Пригожин жана Уткин бортто болгонун, экөө тең өлгөнүн билдирген. Пригожин бортто болгонун "Фонтанка", Ксения Собчак жана BRIEF Телеграм-каналы да жазууда. "Вагнерге" жакын Grey Zone каналы бул тууралуу "Орусиянын саткындарынын аракетинин жыйынтыгы" деп кабарлады.
Журналист Андрей Захаров ишенимдүү булактарга шилтеме берип, Пригожин жана "Вагнердин" жетекчилиги Орусияга Африкадан учуп келгенин айтууда.
АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эдриен Уотсон Вашингтон авиакырсык тууралуу кабардар болгонун жана Пригожин бортто болсо "эч ким таң калбашы керектигин" билдирди. Ал "Вагнердин" жетекчиси эмне болгонун билбей турганын, эгер ал каза тапса бул кабарга таң калбасын айтты.
Байден Орусияда көп нерсе Путиндин кийлигишүүсүз болбой турганын белгиледи. Бир катар өлкөлөрдүн жооптуу кызматтагы адамдары да ушундай пикирде экенин Рейтер агенттиги жазды.
Кырсык болгон маалда абада Пригожинге караштуу дагы бир учак - борттук номери RA-02795 бизнес-жети болгон. Ал Москвага Санкт-Петербургдан бара жатып, Подмосковьедеги бизнес-авиацияга караштуу Остафьево аэропортуна конгон. Бул учакта кимдер болгону айтыла элек. Айрым Телеграм-каналдар Пригожин кыйраган учакка түшпөй, экинчи учакка отурушу мүмкүн экенин жазышты. Азырынча бул маалымат ырастала элек.
- Туура эки ай мурда Пригожин жетектеген "Вагнердин" жоочулары Москвада куралдуу жүрүш уюштуруп, орус бийлиги муну козголоң катары сыпаттаган. Жалданма жоочулар орусиялык армияга таандык бир нече тик учакты жана учакты атып түшүргөн.
- Пригожинге ачылган кылмыш иши кийин жабылып, "вагнерчилер" сүйлөшүүдөн кийин Беларуска кеткен. Пригожин бирок убактысынын көбүн Орусияда өткөрүп жаткан.
- 21-августта Пригожин интервью берип, Африкада жүргөнүн жана "Вагнерге" жаңы жоочуларды тартуу иши жүрүп жатканын билдирген.
- Евгений Пригожин - мурда абакта жатып чыккан, Петербургдагы ресторан бизнесин Кремлдин кирешелүү келишимдерине чейин жеткирген Путиндин жакын адамдарынын бири. Мындан улам ал "Путиндин ашпозчусу" деген атка конгон. “Вагнер” жеке менчик аскер компаниясын Дмитрий Уткин экөө негиздеген. Сирияда "Вагнердин" жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка толгон аскердик кылмыштары аркылуу таанылган. Орусия Украинага уруш ачкандан бери Пригожиндин ысымы медиадан түшпөй, негизги фигурага айланган.
Украинанын бийлиги 23-августта Орусия армиясы өлкөнүн түндүк-чыгыш жана түштүк аймактарына кол салуулардын жаңы толкунун баштаганын, кеминде эки кишини өмүрү кыйылганын кабарлады.
Ички иштер министри Игорь Клименко билдиргендей, Сумы облусунун Ромны шаарында орусиялык учкучсуз учак мектепке тийип, эки мугалим каза болду. Дагы эки адам урандылардын астында калды, бир канчасы жараат алды. Издөө жана куткаруу иштери уланууда. Мектептин имараты талкаланды.
23-августка караган түнү учкучсуз учактардын кол салуусунан Одессада дан кампалары зыян тарткан.
Ушул күнү Орусиянын Белгород облусуна караштуу Лавы айылындагы санаторийге жасалган дрон чабуулунан үч жай тургун набыт болгонун облус жетекчиси Вячеслав Гладков билдирди. Орус тарап бул үчүн Украинаны айыптоодо.
Чабуулдар тууралуу Киев да, Москва да расмий комментарий бере элек.
Ушул эле күнү Украинанын чалгын башкармалыгы аннексияланган Крымда Орусиянын С-400 “Триумф” ракеталык комплекси талкаланганын билдирди.
Маалыматка ылайык, жарылуунун натыйжасында комплекстеги ракеталар жана өздүк курам толугу менен жок кылынган.
23-августта эртең менен Крым жарым аралынын батышындагы Оленевка айылына жакын жерден тартылган коюу түтүндүн сүрөтү Telegram-каналдарга жарыяланган.
Жергиликтүү тургундар жарылуу болгонун билдиришкен.
Орус бийлиги буга комментарий берген жок. Бирок Орусиянын Коргоо министрлигине байланышы бар "Рыбарь" каналы С-400 эмес, С-300 жардырылганын маалымдады.
С-300 жардыруу болгон жерге 13 жыл мурда орнотулганы тууралуу маалымат Wikimapia сайтында бар экенин "Свобода" радиосу тактады.
Киев Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымды жана башка оккупацияланган аймактарды толугу менен бошотуп алуу ниетин такай айтып келет.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы алардын аскерлери Новопокровка аймагында ийгиликке жеткенин билдирди. Новопокровка Работинодон түштүктө, орусиялык коргонуу күчтөрүнүн таяныч пунктуна жакын жайгашкан. Украин күчтөрү Токмак тарапка, орусиялык күчтөрдүн мелитополь багытындагы логистикалык борборун карай жылууда.
Алар Работинодогу тоскоолдук жараткан миналуу талааны кесип өтүп, орусиялык коргонуу күчтөрүнүн биринчи негизги линиясына жетишти.
Америкалык "Согушту изилдөө институту" украин күчтөрү орусиялык коргонуунун экинчи линиясында операция баштоо алдында турганын, ал пункт биринчиге караганда чабал экенин белгиледи. Фронттогу кырдаалга мониторинг кылган институт экинчи линияда орусиялык күчтөр жетишсиз экенин билдирүүдө.
Орусиянын Белгород облусуна караштуу Лавы айылындагы санаторийге жасалган дрон чабуулунан үч жай тургун набыт болгонун облус жетекчиси Вячеслав Гладков билдирди.
Гладков бул тууралуу 23-августта Телеграмга "Украинанын Куралдуу күчтөрү эл көчөдө жүргөндө дрондон жардыргыч зат таштады", - деп жазды.
Облус башчысы санаторийдин аймагына дрондон эки граната ыргытылганын, терезелер талкаланып, имараттын фасады зыян тартканын кошумчалады. Маалыматты көз карандысыз булактардан дароо тактоо мүмкүн эмес.
"Свобода" радиосу Украина менен чектеш Белгород, Брянск жана Курск облустары акыркы кездери такай аткылоого дуушар болуп жатканын жазды. Орус бийлиги бул үчүн Украинаны айыптоодо. Киев комментарий берген жок.
Акыркы күндөрү Москвага да дрондор чабуул коюп жатканы такай кабарланууда.