Лукашенко Украинаны Эгемендик күнү менен куттуктады, бирок Пригожиндин өлүмүнө комментарий берген жок
Беларустун авторитардык лидери Украинаны экинчи жыл катары менен куттуктап атат. Ошол эле маалда ал Орусияны колдоп келет. Расмий сайтында жарыяланган куттуктоодо ал "каршылашууну токтотууга" чакырып, Украинага тынчтык каалаган. Лукашенко "Вагнердин" жетекчиси каза тапкан авиакырсык тууралуу эч нерсе айта элек. Учурда Пригожиндин жалданма жоочуларынын көбү Беларустун Могилев облусунун аймагындагы лагерде калууда.
Европа кеңешинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогору комиссары Жозеп Боррель украиналыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады.
"Силер өз эркиндигиңер үчүн күрөшүп, биз жактаган баалуулуктарды ак ниеттик менен коргоп келесиңер. Европа силер тарапта. Биздин келечек чогуу", - деп айтты Европалык дипломатиянын өкүлү Украинанын жарандарына жасаган видео кайрылуусунда. Батыштын бир катар лидерлери да Киевди эгемендик күнү менен куттуктады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 47-бригадасынын аскерлери Запорожье облусундагы бир нече айдан бери катуу кармаш жүрүп жаткан Работино айылын бошотконун Телеграм-каналына жазды. Алар жарыялаган сүрөттөрдүн биринде украин туусу талкаланган мектептин имаратына илингенин көрүүгө болот.
Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр 47-бригаданын аскерлери согушуу үчүн айылдын аймагына киргенин жарыялады, бирок кыштактын толук алынганы боюнча расмий билдирген жок.
Работинону орус аскерлери 2022-жылы марттан бери ээлеп турган. Бул чакан айылдын аянты болгону үч чарчы чакырымды түзөт. Расмий маалымат боюнча согушка чейин бул жерде 500 адам жашап келген. Бирок согуш эксперттери орус армиясынын ири логистикалык хабы жайгашкан Токмакка бараткан жолду көзөмөлдөө үчүн бул кыштактын алынышы маанилүү экенин айтышты.
Орусиянын Коргоо министрлиги Работинанын украин аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнү боюнча маалыматка комментарий бере элек. Бир катар орусиялык Телеграм-каналдар орус күчтөрү бул айылды колдон чыгарганын ырастап жатышат.
Орусиялык Ми-8 тик учагы орусиялык дагы, украиналык дагы булактардын маалымдашынча, бир канча убакыт мурда Орусиядан учуп келип, Украинадагы аэродромдордун бирине конгон. Бул окуя тууралуу жазгандар конуунун себептерин ар кандай айтышууда. Расмий маалымат азырынча жок.
Орусиялык FighterBomber Телеграм-каналы шаршембиде тик учак "бир канча күнгө жоголуп кеткенин" жазды. Каналдын маалыматында тик учак техникалык себептерден улам багытын жоготуп, Украинага өтүп кеткен. Учкуч ал жерди Полтава деп ойлоп алып, аэродромго конгон. Кайра учуп кетүүгө аракет кылганда аткылоого кабылган. Мындан улам учкуч жарадар болуп, экипаждын калган эки мүчөсү окко учкан болушу мүмкүн.
Украиналык журналист Юрий Бутусов армиядагы булакка таянып, орусиялык тик учак украин авиабазасына конгонун ырастады. Анын айтымында, бул навигациянын жаңылыштыгы болушу мүмкүн эмес. Полтава аэродрому фронт линиясынан 300 чакырымдай алыс болгондуктан учууга даярдык жакшы болушу керек болчу. Бутусовдун айтымында, тик учак бүтүн.
"Украин чындыгы" атайын кызматтагы булактарына таянып, бул Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын кызматынын жарым жылдан бери даярдалган атайын операциясы болгонун жазды. Украин чалгын кызматы Ми-8 АМТШ тик учагынын учкучун "азгырып", үй-бүлөсүн күн мурунтан эле Орусиядан чыгарып кеткен. Тик учак орусиялык эки авиабазанын ортосунда кыргын салуучу учактар үчүн тетиктерди ташып жүрүп, Харьков облусундагы аэродромго конгон. Экипаждын башка эки мүчөсү бул тууралуу билген эмес, атайын операциянын жүрүшүндө алар өлтүрүлгөн. Украин чалгын кызматы экипаждын командирин дагы "азгырганбы" же жокпу билдирүүдө айтылган эмес.
Сөз болуп аткан тик учактын сүрөтү жарыяланды.
"Украин чындыгынын" билдиришинче, машина азыр "Киевде турат".
Орусиялык FighterBomber каналы бул кабардан кийин өз версиясы тууралуу дагы бир пост чыгарды. Анда экипаждын үй-бүлөсү Орусияда эле экени, кеп Полтава шаары эмес, Харьков облусундагы так ушундай аталыштагы кыштак тууралуу болгонун билдирди.
Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчиси Андрей Юсов "Громадське" телеканалына "Украин чындыгы" жазгандарды ырастап, расмий маалыматтар жакында чыгарына убада берди.