Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:53
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Литвада дрон коркунучунан улам айгай жарыяланды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:41 26.8.2023

Орус армиясынын Украинанын Купянск районуна соккусунда эки киши курман болду.

Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, орус күчтөрү 26-августта Подолы айылын аткылаган, снаряд кафеге да тийген.

Каза тапкан эки кишиден башка дагы бир адам жараат алды.

16:37 26.8.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери Москвадагы объектилерге дрон менен кол салууга аракет кылганын билдирди.

Маалыматта 26-август күнү саат 03:00дөр чамасында Москва облусунун Истра районунун аймагында абадан коргонуу күчтөрү дронду жок кылганы айтылат.

Коргоо министрлиги андан жабыркагандар тууралуу кабарлаган жок.

Москванын мэри Сергей Собяниндин айтымында, баштапкы маалыматтар боюнча кыйроолор жана кыйроолор жок.

Москванын "Домодедово", "Шереметьево" жана "Внуково" аэропорттору түн ичинде бир сааттай жабылып, кайра ачылды.

16:20 26.8.2023

Москвада “Внуково”, “Домодедево” жана “Шереметьево” аба майдандарынын иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги авиациялык кызматтарга шилтеме кылып жазды. Мунун алдында дрон чабуулдарына байланыштуу бир нече каттам токтотулуп, учактарды кабыл алууга чектөө киргизилген.

Москванын мэри Сергей Собянин 26-августка караган түнү шаарды көздөй багыт алган дрондор жок кылынганын билдирген.

“Баштапкы маалыматтарга ылайык, жараат алгандар, кыйроолор жок. Жеринде чукул кызматтар иштеп жатат”,- деди Собянин.

Дрондор жок кылынганы тууралуу маалыматты Коргоо министрлиги дагы бышыктады.

Орусиянын бийлиги бир нече аптадан бери Москвадан бир нече дрондорду атып түшүргөнүн билдирип, анын баарын Украинадан көрүп келет.

Расмий Киев Орусиянын ичинде болгон окуяларга комментарий бербейт.

16:16 26.8.2023

Орусиянын Тергөө комитети “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин ичинде болгон делген учак кыйраган жерден кара кутулар алынганын билдирди. Мекеме бизнес-жет кулаган аймактан он адамдын сөөгү табылганын, алардын тек-жайын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлады.

Мунун алдында Кремль Пригожинге таандык учактын кулашына тиешеси бар деген маалыматтарды жокко чыгарган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Пригожиндин өлүмүнүн айланасында абдан көз боёмочулук көп болуп жатат”,- деген.

Тверь облусунда 23-августта болгон авиакырсыкта каза тапкандар арасында Пригожин өзү да болушу мүмкүн экени кабарланууда. Азырынча бул маалымат расмий тактала элек.

24-августтун кечинде Путин Твердеги учак кырсыгында өмүрү кыйылган он кишинин жакындарына көңүл айтып, Пригожин тууралуу өткөн чакта сүйлөгөн.

Пригожиндин эки ай мурдагы козголоңун эске алганда, орус бийлиги атайылап анын көзүн тазалаган болушу ыктымал деген пикирлер да айтылууда.

Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24 июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Ал орусиялык аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган. Телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин орто жолдон артка кайткан.

Куралдуу козголоң маалында жасаган кайрылуусунда Владимир Путин Пригожинди Орусиянын аскердик жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке дымагынан улам мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыптаган. Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат" деп убада кылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG