Украинанын Житомир облусунда машыгуу маалында L-19 үлгүсүндөгү эки согуштук учак кагылышып, үч учкуч набыт болду. Өлкөнүн Аскер-аба күчтөрү окуя 25-августта болгонун кабарлады.
“Житомир облусунда өтө жаман авиакырсык тууралуу кайгыруу менен кабарлайбыз. Машыгуу маалында согуштук тапшырманы аткарууда L-19 үлгүсүндөгү эки аскердик учак кагылышты. Тилекке каршы үч учкуч тең мерт болду. Иликтөө уланып жатат”.
Аскердик мекеме набыт болгондордун арасында “Джус” деген каймана ат менен таанымал тактикалык авиациянын 40-бригадасынын атактуу учкучу Андрей Пильщиков дагы бар экенин бышыктады. Буга чейин анын мерт болгонун таанышы Павел Поцелуев айтып чыккан эле.
Пильщиков Миг-29 кыргын салуучу учакты башкарчу жана Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Киевди абадан коргоо операцияларына катышып келген.
Ал украиналык жана чет өлкөлүк журналисттерге бир канча жолу маек берип, Батыш өлкөлөрүн Украинага заманбап согуштук учактарды берүүгө чакырган.
Кырсыктын жагдайын Иликтөөлөрдүн мамлекеттик бюросу териштире баштады. Мекеме учактардын техникалык абалына жана учууга даярдык көрүү эрежелеринин сакталышына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.
Орусиянын Белгород облусунун башчысы Вячеслав Гладков Уразово кыштагы аткыланганын, Украинанын армиясы кассеталык ок-дары колдонгонун билдирди. Ал Телеграм-каналына алты адам жараат алып, жеке курулуш, дүкөн жана бир канча үй менен машина жабыркаганын жазды.
Согуш маалында бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. Киев дооматтарга комментарий бере элек.
Гладков Белгороддогу Шебекин районунда абадан коргоочу системалар иштегенин, учак тибиндеги дрон жок кылынганын кошумчалады. Баштапкы маалыматтарга ылайык, жараат алгандар, кыйроо болбогонун белгиледи.
Өткөн айда АКШ Украинага аскердик жардам жөнөткөн жана анда биринчи жолу кассеталык ок-дарылар болгон. Пентагон мындай ок-дарыны Украинага жеткиргени, бирок согушта колдонула электиги айтылган.
Вашингтондун бир катар өнөктөштөрү Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүүгө каршы чыккан.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эгер Украинага кассеталык ок-дары берилсе, орус армиясы дагы мындай бомбаларды колдоно баштай турганын эскерткен. Ал муну "аргасыз чара" жана Киевге "жооп" катары сыпаттап, ушул кезде Москва "кассеталык ок-дарыны колдонуудан карманып келе жатканын" айткан.
Киев Орусия согуш баштагандан бери бир канча жолу кассеталык бомба колдонгонун билдирип келет. Москва болсо дооматты такай четке кагат.
Кассеталык дүрмөттөр асманда жарылып, майда бөлүкчөлөрдү узакка чачыратат. Андан өтө көп жайкын тургундар кырылып калышы ыктымал деген кооптонуу бар. Бомбанын майда бөлүкчөлөрү аткылоо учурунда жарылбай, кийин жарылышы мүмкүн жана ал жер-суунун баарын мина талаасына айлантууга жөндөмдүү.
Дүйнөдө кассеталык бомбаларды колдонууга тыюу салуу конвенциясы 2010-жылдан бери күчүнө кирген. Ага 100дөн ашык мамлекет кол койгон, бирок Орусия да, Украина да кошулган эмес.
Орус армиясынын Украинанын Купянск районуна соккусунда эки киши курман болду.
Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, орус күчтөрү 26-августта Подолы айылын аткылаган, снаряд кафеге да тийген.
Каза тапкан эки кишиден башка дагы бир адам жараат алды.
Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери Москвадагы объектилерге дрон менен кол салууга аракет кылганын билдирди.
Маалыматта 26-август күнү саат 03:00дөр чамасында Москва облусунун Истра районунун аймагында абадан коргонуу күчтөрү дронду жок кылганы айтылат.
Коргоо министрлиги андан жабыркагандар тууралуу кабарлаган жок.
Москванын мэри Сергей Собяниндин айтымында, баштапкы маалыматтар боюнча кыйроолор жана кыйроолор жок.
Москванын "Домодедово", "Шереметьево" жана "Внуково" аэропорттору түн ичинде бир сааттай жабылып, кайра ачылды.