- автор Элвира Будайчиева
29-августка караган түнү Украинанын чыгышында жана түштүгүндө айыгышкан кармаш жүргөнү кабарланды. Соңку бир суткада 30дан ашуун кагылышуу катталып, орус аскерлеринин аткылоосунан кеминде беш жайкын тургун мерт болду.
Орусиянын Коргоо министрлиги 29-августта таңга жуук Тула облусунда украиналык эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жаңы согуштук учактарды колдонууга даярдоо программасы иштелип чыкканын айтты. Серепчилер украин аскерлери контрчабуулдарда Батыштын техникаларына көз каранды экенин айтышууда.
Тулада украиналык эки дрон атып түшүрүлдү
Орусиянын Коргоо министрлиги 29-августта таңга жуук Тула облусунда украиналык эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Окуя качан, кайда болгону жана кырсыктын чыгымы айтылган жок. Буга чейин министрлик Белгороддо эки дрон жок кылынганын кабарлаган.
Киев бул маалыматка комментарий берген жок. Орусиянын бийлиги бир нече аптадан бери Москвадан бир нече дронду атып түшүргөнүн билдирип, анын баарын Украинадан көрүп келет.
Орусиянын Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз Украина менен чек арадан 10 чакырым алыс Климово айылы аткыланганын Телеграмга жазды.
Анын айтымында, Украинанын аймагынан жасалган чабуулдун айынан бир ымыркай чарчап калган.
Шейшембиде орус армиясы басып алган аймактардан 84 украин аскеринин сөөгү Украинага кайтарылганы кабарланды.
Дайынсыз жоголгондор боюнча комиссар Олег Котенко каза болгон украин аскерлерин кайтаруу жараяны уланып жатканын, ал Женева конвенциясынын нормаларына ылайык жүрүп жатканын Телеграмга жазды.
Орус тарап бул боюнча маалымат бере элек
Донецкиде беш тургун набыт болду
Донецк облусунун Украина дайындаган губернатору Павел Кириленко 29-августта таңга жуук Дальный, Торетск, Лиман жана Велика Новосилка аймактарын аткылоодон беш киши набыт болгонун, дагы төрт киши жараат алганын билдирди.
Кириленко Мариуполь жана Вольнова шаарларында каза болгондор бар экенин, бирок алардын санын тактоо мүмкүн эмес экенин кошумчалады.
Украин армиясынын Башкы штабы шейшембиде билдиргендей, майдандын чыгыш жана түштүк тилкелеринде айыгышкан салгылаш уланууда, куралдуу күчтөр Мелитополь багытында чабуул коюп жатат.
Башкы штаб украин аскерлери буга чейинки ийгилигин бекемдеп жатканын кошумчалады. Запорожье облусундагы сөз болгон шаар орус аскерлери үчүн Москва аннексиялап алган Крым менен Украинанын оккупацияланган аймактарын туташтырган маанилүү транзиттик хабга айланган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-августта командалык штабдын алдында эки милдет турганын айтты:
"Биринчиси - кышка даярдык тууралуу отчет. Ар кандай аспектилер каралат, анын ичинде коопсуздук да бар. Экинчиден, жаңы согуштук учактарды колдонууга даярдоо программасы. Саясий жактан баары аткарылды. Келишимдерге жетишилди. Азыр эң негизгиси инфраструктураны эффективдүү жана тез даярдоо. Бул эми аскердик милдет", - деди Зеленский.
Ал бир күн мурда, 27-августта "жакынкы апталарда украин аскерлери үчүн жаңы коргонуу пакеттерин" күтөрүн айткан.
Дүйшөмбүдө Украинанын коргоо министри Алексей Резников армияны курал-жарак менен камсыз кылган өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп жатканын айтты:
"Мен эч кандай түшүнбөстүк жок экенин 100% ырастай алам. Батышчыл прессанын бул божомолдору жаңылыш жана ойлоп табылган. Эч кандай конфликт жок. Жумушчу, достук баарлашуу жана системалуу консультациялар бар", - деди Резников.
Зеленский Киев учкуч жана инженерлердин машыгуусу бүткөндө 42 даана F-16 кыргын салуучу учагын ала турганын Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте менен жолугушуудан кийин 20-августта билдирген.
Анда аба мейкиндигин коргоого кадам ташталып жатканын, бул согуштук учактар орусиялык күчтөрдү Украинанын шаар-кыштактарынан оолак кармоого жардам берери баса белгиленген.
"Украина Батыштын куралына муктаж"
Украиналык учкучтар жана техникалык кызматкерлер жакын арада америкалык F-16 кыргын салуучу учактарын башкарууга даярдык көрө баштарын 24-августта Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Пэт Райдер билдирген.
Ал үчүн украин аскерлери англис тилин сентябрь айынан тарта үйрөнөрү айтылган. Азырынча украин учкучтарынын окууларын колдогон 11 өлкөнүн бири дагы бул программа үчүн учактарын бере элек.
Аскердик эксперт Сергей Мигдаль "Свобода" радиосуна курган маегинде, украин армиясы майданда Батыштан келе турган аскердик техникага көз каранды экенин, ошол эле учурда колундагы чет өлкөлүк жабдыктарды колдонууга убакыт керектигин белгилеген.
"Батыштын технологиялары албетте колдонулуп жатат бирок авиацияда эмес. Авиациялык техниканын ичинен биз Башкы чалгындоо башкармалыгына берилген тик учактын бир гана нускасын көрөбүз, ал кээде атайын операциялар үчүн колдонулат. Америкадагы кампаларда алардын жүздөгөнү жөн эле бош турат. Алар учурда Украинанын куралдуу күчтөрүнө чындап керек. Белгилүү болгондой, акыркы 1,5 жыл ичинде Украина Батыштан көптөгөн жабдууларды алды. Бул бир гана учактарга эмес, техниканын бардык түрлөрүнө тиешелүү, анткени Советтер союзунан калган техника эскирип бүткөн. Украинанын Батыштын учактары менен тик учактарына өтүүдөн башка аргасы жок. Биз айрым багыттарда Батыштагы техниканын жана куралдын артыкчылыгын көрүп жатабыз".
Украина согуш башталганы аскердик авиация паркынын көпчүлүк бөлүгүн жоготту. Киев Батыштагы өнөктөштөрүнөн заманбап учактарды берүүсүн талап кылып келет.
29-августка караган түнү Украинанын чыгышында жана түштүгүндө айыгышкан кармаш жүргөнү кабарланды. Соңку бир суткада 30дан ашуун кагылышуу катталып, орус аскерлеринин аткылоосунан кеминде беш жайкын тургун мерт болду. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 29-августта таңга жуук Тула облусунда украиналык эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бирок окуя качан болгону жана так жери, келтирилген чыгым айтылган жок.
БУУ Орусия согуш ачкан былтыркы февралдан бери Украинада 9 миң 511 карапайым кишинин өмүрү кыйылганын, жалпы 21 миңден ашуун жайкын тургун жапа чеккенин билдирди.
Уюмдун мониторинг миссиясы тараткан маалыматка караганда, 1-27-август күндөрү ар кыл чабуулдар 585 карапайым кишинин, арасында жашы жете элек беш баланын өмүрүн кыйды. Эксперттер уруш жүрүп жаткан айрым жерлерден маалымат алуу кыйын болгондуктан, курмандыктардын санын так аныктоо мүмкүн эмес деп эскертишет.
Маалыматка караганда, жөн-жай адамдар негизинен артиллерия, танк, баллистикалык жана кадыресе ракеталардын аткылоосунан, абадан урулган соккулардын, анын ичинде дрондордун кесепетинен каза табууда.
Ал эми Украинанын Башкы прокуратурасы былтыркы жылдын 24-февралынан бери 503 бала өмүр менен кош айтышты, 1117ден көбү жараат алды деп билдирди. Кеңсе бул маалымат дагы толук эместигин белгилейт.
Украинанын чыгышында акыркы 24 саатта кеминде беш карапайым киши каза тапканын 29-августта аймактык бийлик өкүлдөрү билдиришти. Донецк облусунун губернатору Павел Кириленконун айтымында, дагы беш киши жарадар болду.
Маалыматка караганда, Мариупол жана Волноваста да мерт кеткендер бар, бирок алардын так саны азырынча белгисиз.
Бир күн мурда орус аскерлери Полтавадагы заводду аткылаганда үч жай тургун окко учкан. Дагы бир киши Херсондо каза болгон.
Украин армиясынын Башкы штабы шейшембиде билдиргендей, майдандын чыгыш жана түштүк тилкелеринде айыгышкан салгылашуулар уланууда, куралдуу күчтөр Мелитопол багытында чабуул коюп жатышат.
Башкы штаб украин аскерлери буга чейинки ийгилигин бекемдеп жатышканын кошумчалады. Запорожье облусундагы сөз болгон шаар орус аскерлери үчүн Москва аннексиялап алган Крым менен Украинанын оккупацияланган аймактарын туташтырган маанилүү транзит хабына айланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 29-августта маалымдаганына караганда, Тула облусунда украиналык эки дрон атып түшүрүлдү. Бирок окуя качан болгону жана так жери, келтирилген чыгым айтылган жок.
Буга чейин министрлик Белгороддо дагы эки дрон жок кылынганын билдирген. Киев бул маалыматты комментарийлеген эмес.