Орусиянын расмий өкүлдөрү өлкө согуш башталгандан берки эң ири дрон соккуларына туш болгонун 30-августта билдиришти. Орус Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова бул чабуулдар “жазасыз калбасын” эскертти.
Эң кыйратуучу соккуга украин чек арасынан 660 чакырым алыс жердеги Псков облусу туш болгону кабарланды. Украин дрондору деген жабдуулар аэродромду бутага алып, Ил-76 үлгүсүндөгү төрт аскердик жүк ташыган учак жок кылынды.
Маалыматты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ТАСС агенттиги таратышты. Зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн аэродром 31-августка чейин жабылды.
Украин Коргоо министрлигинин чалгын кызматы Псковдо төрт учактын жок кылынышын тастыктады. Бирок сокку үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок.
Брянск, Калуга, Орлов, Рязань жана Москва облусунда да жарылуулар болгону кабарланды.
Брянскинин губернатору Александр Богомаздын айтымында, украиналык учкучсуз учактар шаардагы телемунарага сокку урууга аракеттенген. Ал эч ким жапа чекпегенин кошумчалады.
Москвадагы Домодедово жана Внуково аэропорттору кыска убакытка жабылды.
Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Севастополь шаары да соккуга туш болгону маалымдалды.
Эксперттер соңку чабуулдар Киев душмандын аймагындагы алыскы жерлерге чабуулдарын күчөтүп жатканынан кабар бере турганын белгилешет.
Ошол эле маалда орус аскерлери Киевди аткылаганда эки киши каза тапты, үчөө жаракат алды. Украинанын башкалаасы жаздан бери мындай ири соккуларга кабыла элек болчу.
Ал арада украин армиясынын Башкы штабы куралдуу күчтөр Мелитополдун айланасында чабуулун улантып жатышканын билдирди.
Орусиянын армиясы 30-августка караган түнү Киевди тынымсыз аткылады. Облустук аскердик администрация мындай чабуул жаз айынан бери болбогонун, орус армиясы дрондор жана ракеталар менен бир убакта аткылаганын билдирди.
Түнкү чабуулда бери дегенде эки адам набыт болуп, дагы эки тургун жараат алды. Ракеталардын жана дрондордун сыныгы кулап, шаардагы Дарницкий жана Шевченко райондорунда өрт чыкты.
Шаршембиге караган түнү Украинанын бардык аймагында абадан эскертүү берилди. Одесса менен Кривой Рогдо дагы жардыруулар болгону кабарланды. Одесса облусунун башчысы Олег Кипр абадан коргоо системалары иштегенин билдирди.
Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес. Мосва чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.
Орусиянын Псков шаарында 30-августка караган түнү дрондор менен чабуул жасалганы кабарланды. Айрым маалыматтарга ылайык, анда аэродром бутага алынган жана чабуулда Ил-76 үлгүсүндөгү төрт аскердик учак жабыркады. Аэропорт 31-августка чейин жабылганы белгилүү болду.
Бул шаар Украинанын чек арасынан 800 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аймактын губернатору шаршембиге караган түнү чабуул болгонун ырастады жана анын кесепети такталып жатканын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги 30-августка караган түнү Москва шаарына, Калуга, Рязань, Брянск облустарына жана аннексияланган Севастополго дагы дрондор менен чабуул болгонун, анын айрымдары атып түшүрүлгөнүн билдирди. Москвадагы "Внуково" жана "Домодедово" аэропорттору кайра жабылды.
Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй учурулган дрондор жок кылынганын, баштапкы маалыматка ылайык жараат алгандар, жабыркагандар жоктугун билдирди.
Соңку кездери Орусия Украина менен чектеш аймактары такай чабуулга кабылып жатканын маалымдап, буга байланыштуу Украинаны күнөөлөп келет. Киев буга байланыштуу адатта комментарий бербейт.
- автор Элвира Будайчиева
29-августка караган түнү Украинанын чыгышында жана түштүгүндө айыгышкан кармаш жүргөнү кабарланды. Соңку бир суткада 30дан ашуун кагылышуу катталып, орус аскерлеринин аткылоосунан кеминде беш жайкын тургун мерт болду.
Орусиянын Коргоо министрлиги 29-августта таңга жуук Тула облусунда украиналык эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жаңы согуштук учактарды колдонууга даярдоо программасы иштелип чыкканын айтты. Серепчилер украин аскерлери контрчабуулдарда Батыштын техникаларына көз каранды экенин айтышууда.
Тулада украиналык эки дрон атып түшүрүлдү
Орусиянын Коргоо министрлиги 29-августта таңга жуук Тула облусунда украиналык эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Окуя качан, кайда болгону жана кырсыктын чыгымы айтылган жок. Буга чейин министрлик Белгороддо эки дрон жок кылынганын кабарлаган.
Киев бул маалыматка комментарий берген жок. Орусиянын бийлиги бир нече аптадан бери Москвадан бир нече дронду атып түшүргөнүн билдирип, анын баарын Украинадан көрүп келет.
Орусиянын Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз Украина менен чек арадан 10 чакырым алыс Климово айылы аткыланганын Телеграмга жазды.
Анын айтымында, Украинанын аймагынан жасалган чабуулдун айынан бир ымыркай чарчап калган.
Шейшембиде орус армиясы басып алган аймактардан 84 украин аскеринин сөөгү Украинага кайтарылганы кабарланды.
Дайынсыз жоголгондор боюнча комиссар Олег Котенко каза болгон украин аскерлерин кайтаруу жараяны уланып жатканын, ал Женева конвенциясынын нормаларына ылайык жүрүп жатканын Телеграмга жазды.
Орус тарап бул боюнча маалымат бере элек
Донецкиде беш тургун набыт болду
Донецк облусунун Украина дайындаган губернатору Павел Кириленко 29-августта таңга жуук Дальный, Торетск, Лиман жана Велика Новосилка аймактарын аткылоодон беш киши набыт болгонун, дагы төрт киши жараат алганын билдирди.
Кириленко Мариуполь жана Вольнова шаарларында каза болгондор бар экенин, бирок алардын санын тактоо мүмкүн эмес экенин кошумчалады.
Украин армиясынын Башкы штабы шейшембиде билдиргендей, майдандын чыгыш жана түштүк тилкелеринде айыгышкан салгылаш уланууда, куралдуу күчтөр Мелитополь багытында чабуул коюп жатат.
Башкы штаб украин аскерлери буга чейинки ийгилигин бекемдеп жатканын кошумчалады. Запорожье облусундагы сөз болгон шаар орус аскерлери үчүн Москва аннексиялап алган Крым менен Украинанын оккупацияланган аймактарын туташтырган маанилүү транзиттик хабга айланган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-августта командалык штабдын алдында эки милдет турганын айтты:
"Биринчиси - кышка даярдык тууралуу отчет. Ар кандай аспектилер каралат, анын ичинде коопсуздук да бар. Экинчиден, жаңы согуштук учактарды колдонууга даярдоо программасы. Саясий жактан баары аткарылды. Келишимдерге жетишилди. Азыр эң негизгиси инфраструктураны эффективдүү жана тез даярдоо. Бул эми аскердик милдет", - деди Зеленский.
Ал бир күн мурда, 27-августта "жакынкы апталарда украин аскерлери үчүн жаңы коргонуу пакеттерин" күтөрүн айткан.
Дүйшөмбүдө Украинанын коргоо министри Алексей Резников армияны курал-жарак менен камсыз кылган өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп жатканын айтты:
"Мен эч кандай түшүнбөстүк жок экенин 100% ырастай алам. Батышчыл прессанын бул божомолдору жаңылыш жана ойлоп табылган. Эч кандай конфликт жок. Жумушчу, достук баарлашуу жана системалуу консультациялар бар", - деди Резников.
Зеленский Киев учкуч жана инженерлердин машыгуусу бүткөндө 42 даана F-16 кыргын салуучу учагын ала турганын Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте менен жолугушуудан кийин 20-августта билдирген.
Анда аба мейкиндигин коргоого кадам ташталып жатканын, бул согуштук учактар орусиялык күчтөрдү Украинанын шаар-кыштактарынан оолак кармоого жардам берери баса белгиленген.
"Украина Батыштын куралына муктаж"
Украиналык учкучтар жана техникалык кызматкерлер жакын арада америкалык F-16 кыргын салуучу учактарын башкарууга даярдык көрө баштарын 24-августта Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Пэт Райдер билдирген.
Ал үчүн украин аскерлери англис тилин сентябрь айынан тарта үйрөнөрү айтылган. Азырынча украин учкучтарынын окууларын колдогон 11 өлкөнүн бири дагы бул программа үчүн учактарын бере элек.
Аскердик эксперт Сергей Мигдаль "Свобода" радиосуна курган маегинде, украин армиясы майданда Батыштан келе турган аскердик техникага көз каранды экенин, ошол эле учурда колундагы чет өлкөлүк жабдыктарды колдонууга убакыт керектигин белгилеген.
"Батыштын технологиялары албетте колдонулуп жатат бирок авиацияда эмес. Авиациялык техниканын ичинен биз Башкы чалгындоо башкармалыгына берилген тик учактын бир гана нускасын көрөбүз, ал кээде атайын операциялар үчүн колдонулат. Америкадагы кампаларда алардын жүздөгөнү жөн эле бош турат. Алар учурда Украинанын куралдуу күчтөрүнө чындап керек. Белгилүү болгондой, акыркы 1,5 жыл ичинде Украина Батыштан көптөгөн жабдууларды алды. Бул бир гана учактарга эмес, техниканын бардык түрлөрүнө тиешелүү, анткени Советтер союзунан калган техника эскирип бүткөн. Украинанын Батыштын учактары менен тик учактарына өтүүдөн башка аргасы жок. Биз айрым багыттарда Батыштагы техниканын жана куралдын артыкчылыгын көрүп жатабыз".
Украина согуш башталганы аскердик авиация паркынын көпчүлүк бөлүгүн жоготту. Киев Батыштагы өнөктөштөрүнөн заманбап учактарды берүүсүн талап кылып келет.