Украинанын армиясы Бахмут жана Мелитополь багытында чабуулду улантууда. Запорожье облусунда украин аскерлери турумун бекемдей баштаганы маалымдалды. Ал эми Москва аннексияланган Крымда украин ракетасын атып түшүргөнүн айтса, Киев бейшембиге караган түнү баш калаага багытталган чабуулдун мизи кайтарылганын билдирди. Ал тапта украин өкмөтү согуш шартында да билим берүүнү токтотпош үчүн окуучуларга метро-станцияларда класстарды ачып жатат.
Москва жана Пхеньян активдүү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Сүйлөшүүнүн максаты - Орусия түндүк кореялык каруу-жаракты жана ок-дарыны алгысы келет. Бул тууралуу шаршембиде Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби америкалык чалгын кызматына таянып билдирди.
Кирбинин айтымында, каруу-жарак жеткирүү Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу ушул жылдын июль айында Пхеньянга иш сапар менен барганда талкууланган. Ак үйдүн өкүлү Орусияга курал сатуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузууга жатарын, Түндүк Корея бир канча жолу Москвага курал жеткирүү ниети жок экенин айтканын эске салды.
Март айында Ак үй Москва Пхеньянга курал-жаракты азык-түлүккө айырбаштоону сунуштаганга аракет кылганын билдирген.
Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье облусунда айыгышкан салгылаш күч алды. Бул тууралуу украин аскерлери билдирди.
Алар Донецк облусундагы Бахмуттун жанындагы кармашта орус армиясы чоң жоготууга учураганын кошумчалашты.
Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги 31-августта билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү Москваны карай багытталган украин дронун атып түшүрдү. Орус баш калаасынын мэри Сергей Собянин маалыматты ырастап, жабыркагандар жок экенин Телеграм аркылуу билдирди.
Москвадагы Внуково жана Домодедово аэропортту түнү убактылуу жабылып, 31-августта эртең менен кайра ишин жандантты.
30-августта Украинанын Донецк облусунда ракеталык аткылоонун алдында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары аман-эсен экени, автоунаа олуттуу жабыркаганы кабарланды.
Орусиянын расмий өкүлдөрү өлкө согуш башталгандан берки эң ири дрон соккуларына туш болгонун 30-августта билдиришти. Орус Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова бул чабуулдар “жазасыз калбасын” эскертти.
Эң кыйратуучу соккуга украин чек арасынан 660 чакырым алыс жердеги Псков облусу туш болгону кабарланды. Украин дрондору деген жабдуулар аэродромду бутага алып, Ил-76 үлгүсүндөгү төрт аскердик жүк ташыган учак жок кылынды.
Маалыматты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ТАСС агенттиги таратышты. Зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн аэродром 31-августка чейин жабылды.
Украин Коргоо министрлигинин чалгын кызматы Псковдо төрт учактын жок кылынышын тастыктады. Бирок сокку үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок.
Брянск, Калуга, Орлов, Рязань жана Москва облусунда да жарылуулар болгону кабарланды.
Брянскинин губернатору Александр Богомаздын айтымында, украиналык учкучсуз учактар шаардагы телемунарага сокку урууга аракеттенген. Ал эч ким жапа чекпегенин кошумчалады.
Москвадагы Домодедово жана Внуково аэропорттору кыска убакытка жабылды.
Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Севастополь шаары да соккуга туш болгону маалымдалды.
Эксперттер соңку чабуулдар Киев душмандын аймагындагы алыскы жерлерге чабуулдарын күчөтүп жатканынан кабар бере турганын белгилешет.
Ошол эле маалда орус аскерлери Киевди аткылаганда эки киши каза тапты, үчөө жаракат алды. Украинанын башкалаасы жаздан бери мындай ири соккуларга кабыла элек болчу.
Ал арада украин армиясынын Башкы штабы куралдуу күчтөр Мелитополдун айланасында чабуулун улантып жатышканын билдирди.