Москвада 3-сентябрга караган түнү ондогон авиакаттам убактылуу токтотулду.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, 23 каттам боюнча учуу болгон жок, 19унун убактысы өзгөртүлдү.
Саат 0:26га карата «Внуково» аэропортунда алты рейс токтотулуп, бешөө башка убакытка калганы, «Шереметьеводо» алты каттам кармалып жатканы, ал эми «Домодедоводо» 17 каттам боюнча учуу болбогону, дагы сегизинин убактысы белгисиз болуп турганы кабарланды.
Мунун себеби эмнеде экени расмий айтыла элек. Өткөн айда да Орусиянын борборунда бир нече жолу учак каттамдары токтотулганда буга Москвага жасалган дрондор чабуулу себеп экени айтылган. Анда каттамдар токтоп, учактарды убактылуу башка аэродромдорго жайгаштырышкан.
2022-жылдын февралында Украинага кол салган Орусия азыркыга чейин бул өлкөгө чабуулдарын токтото элек. Миңдеген украин жараны жана аскери каза болуп, миллиондогон адам үй-жайынан айрылып, өлкө ичинде жана чет жактарда качкын болуп жүрөт. Орус бийлиги Украинанын аскердик гана объектилерин бутага алып жатканын айтууда.
Украинанын армиясы Крым көпүрөсүнө үч жолу учкучсуз учактар менен чабуул коюуга аракет кылган. Бардык дрондор атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2-сентябрга караган түнү экипажы жок кайыктар менен көпүрөдөн сүзүү аракети жасалган. Ал жерде унаа кыймылы үч сааттан ашык убакытка токтотулган.
Украина соңку чабуул боюнча комментарий бере элек. Буга чейин расмий Киев баскынчылар тарабынан уруксатсыз курулган Крым көпүрөсүн мыйзамдуу аскердик бута деп эсептей турганын бир нече жолу билдирген. Көпүрө аркылуу Украинанын чыгыштагы убактылуу басып алынган аймактарындагы орусиялык аскерлер да камсыздалып келет.
Бир нече күн мурун Орусия көпүрөнүн түштүгүнө жети баржаны жайгаштырган.
Ак үй украин күчтөрүнүн ийгилигин белгиледи
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби жума күнү Кошмо Штаттары акыркы 72 саат ичинде украин куралдуу күчтөрү Запорожье облусунда алга жылганын белгиледи. Анын айтымында, украин армиясы орусиялык коргонуу линиясына чабуул койгондо айрым ийгиликтерге жетише алды. Бирок Киевди бул участокто дагы оор кармаштар күтүп турат.
Украин бийликтери жума күнү украиналык армия орусиялык коргонуу линиясынын биринчисин жырып өткөнүн, бир катар жерлерде өтө кубаттуу орусиялык күчтөр менен кармашууга туура келгенин айтканын "Америка добушу" билдирди. Жазга белгиленип, жай башында башталган чабуулда, украин күчтөрү бир катар конуштарды бошотууга жетишкен.
Батыш медиасы жума башында АКШ администрациясындагы булактарына таянып, Киевди контрчабуулду жай жүргүзүп жатканы үчүн сындаган. Айрым эксперттер украин күчтөрү алга жылбаса, Батыш колдоосун токтотушу мүмкүн деген божомолун айтышкан.
Politico: Украин куралдуу күчтөрү сентябрда M1 Abrams танкынан 10ду алат
Politico басылмасы АКШ армиясынын полковниги Мартин О'Доннеллдин сөзүнө таянып, 200 украин танкисти жакында эле окуудан өткөнүн билдирди. Басылманын маалыматында Киев убада кылынган 31 танктын 10ун сентябрдын ортосунда алууга тийиш. Пентагон бул он танк Германияда ремонттон өтүп бүтүп калганын, толук даяр болору менен Украинага жиберилерин билдирди.