Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:13
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Литвада дрон коркунучунан улам айгай жарыяланды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:01 16.9.2023

Европа Комиссиясы Украинадан дан азыктарын алып кирүүгө тыюу салган чечиминин мөөнөтүн узарткан жок. Эмбаргонун мөөнөтү 15-сентябрда аяктады.

Украина дан азыктарынын коңшу рынокко көзөмөлсүз көлөмдө өтүшүнө жол бербөө үчүн экспорттук лицензиялоо сыяктуу укуктук чаралар 30 күн ичинде иштелип чыгарын убада кылды.

Ага чейин украин бийлиги Европа Биримдигине мүчө болгон коңшу өлкөлөрдүн рыногунда айырмачалык жаралбашы үчүн товарлардын төрт түрүн экспорттоону көзөмөлдөө боюнча натыйжалуу чараларды көрүшү зарыл болот.

Европа Комиссиясы Украинанын натыйжалуу чаралары иштеп турган чакта эч кандай чектөөлөрдү киргизбей турганын убада кылууда.

Буга чейин Болгария өкмөтү эмбаргону алып салган. Польша, Румыния анын мөөнөтүн узартууну караштырып жатышат. Ал эми Венгрия, Словакиянын өкмөттөрү Еврокомиссиянын чечимине карабастан Украинадан буудай, күн карама, жүгөрү, рапс данын алып кирүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтүн узартып коюшту.

2022-жылдын май айында Евробиримдик Украинага колдоо көрсөтүү максатында анын дан азыктарын сатып алуудагы айрым төлөмдөрдү жокко чыгарган жана жеңилдиктерди берген. Мунун айынан айыл чарба продукциясын өндүрүүчү жергиликтүү фермерлер Украинанын арзандатылган товарынын айынан атаандаштык жаралып, иши жүрбөй калганын айтып, нааразылыгын билдирип чыккан учурлар болгон.

23:28 15.9.2023

Украин армиясы өлкө чыгышындагы Андреевка айылын орус күчтөрүнөн бошотту.

Бул маалыматты Украинанын Башкы штабы 15-сентябрда жарыялады. Орусиянын Коргоо министрлиги азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Украинанын чыгышындагы Бахмут багытында контрчабуул жүргүзүп жаткан Үчүнчү чабуул бригадасынын аскерлери Андреевканын тазаланышы тууралуу маалыматты Телеграм аркылуу ырастады.

Анда алар айыгышкан салгылашта "орусиялык гарнизон курчалып, негизги күчтөрдөн ажыратылып, анан жок кылынганын" жазышты.

Аталган бригаданын командиринин орун басары Родион Кудряшов "Азаттык" радиосунун украин кызматына түз ободо курган маегинде орус армиясынын 72-бригадасы толук жок кылынганын айтты:

"Азыр жетишкен ийгилигибизди бекемдөө боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат. Учурда Андреевка толугу менен украин Куралдуу күчтөрүнүн, Үчүнчү чабуул бригадасынын көзөмөлүндө экенин ишенимдүү айта алабыз", - деген Кудряшов Андреевканын бошотулушу контрчабуулдагы маанилүү кадам экенин кошумчалады.

Анын айтымында, салгылашта украин армиясы чоң жоготууга учурады.

"Бул иш-чаранын баары, тилекке каршы, чоң жоготуулар менен коштолду. Үчүнчү чабуул бригадасынын бир гана техникалык, курал-жабдык жаатында эле эмес, жеке курамында да жоготуулар болду. Ошондуктан Украина үчүн, украиналыктар үчүн бул ийгиликтер кандай баа менен жетишилип жатканын баары түшүнүшү керек. Мунун баары үчүн биздин жоокерлер өмүрүн берип жатат", - деди ал.

Андреевканын бошотулганы тууралуу 14-сентябрда Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирип, кийин сөзүн кайра алган.

"Бахмут багытында алдыга баратабыз. Түндүк флангда душман жоготуп алган позицияларын кайра кайтаруу аракетин көрүүдө. Түштүктө ийгиликтүү контрчабуулду улантып жатабыз. Негизги салгылаш Андреевка, Курдюмовка жана Клещеевка аймактарында уланууда. Ал жактан жакшы жаңылыктарыбыз бар", - деген Маляр.

Көп өтпөй Маляр Андреевкадагы кырдаал өзгөрүп жатканын айткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. Бир катар орусиялык Телеграм-каналдар орус жоокерлери Андреевка менен коңшу Клещеевка айылынан чыгып кеткенин шаршембиде эле жазган.

Украин аскерлери Андреевканы бошотту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

Сөз болуп жаткан орус армиясынын 72-бригадасы фронтто биринчи жолу чабуулга дуушар болуп жаткан жок.

Американын согушту иликтөө институту бригаданы "орус армиясындагы көйгөйлөрдүн символу" деп атаган. Аналитиктер белгилегендей, былтыр жазда куралган бул бирикме украин куралдуу күчтөрүнүн эки жолку контрчабуулунда - алгач Харьков облусунда, кийин Херсон облусунда олуттуу жабыркаган.

Май айында "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы, маркум Евгений Пригожин 72-бригаданын аскерлерин позицияларынан качып кеткени үчүн айыптап, мындан улам анын жалданма аскерлери турумдарынын бирин алдырып жибергенин айткан.

Бошотулган Андреевка тууралуу айтсак, бул айылды украин аскерлери Бахмуттун түштүгүндөгү Курдюмовка жана Клещеевка айылдарынын ортосундагы негизги логисткалык түйүн деп коюшат.

Учурда Курдюмовка жана Клещеевка айылдары үчүн салгылаш жүрүүдө. Украин армиясынын командачылыгы билдиргендей, бул айылдардын бошотулушу Бахмутту жарым-жартылай курчап, ал жактан орус аскерлерин сүрүп чыгарууга шарт түзөт.

Бахмут Украинадагы уруштун кандуу чордонуна айланган. Ал аймакты Орусиянын жалданма аскерлери жазында алып, орус армиясына өткөрүп берген. Бахмуттун айланасындагы салгылашта "Вагнер" менчик аскердик компаниясы менен согушка катышкан бир нече кыргызстандык жигит набыт болгону тууралуу "Азаттык" атайын иликтөө даярдаган.

22:43 15.9.2023

"Медиазона" басылмасы, ВВС радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 32 164 аскердин тек-жайын тактады. Алардын эки миңге жакыны украин армиясынын контрчабуулунун мизин кайтаруу учурунда каза тапкан.

Аты-жөнү аныкталгандардын алты миңден көбү абактан ары согушка жөнөтүлгөндөр экени 15-сентябрда жарыяланган маалыматта айтылат. Ал эми үч миңден ашыгы мобилизацияланган жарандар.

Иликтөөчүлөр согушта набыт болгондор тууралуу ачык документтерге, маркумдардын жакындарына шилтеме жасап, мүрзөлөрдөгү маалыматтарга мониторинг жүргүзөт. Алар жоготуулардын так саны мындан эки эсе көп болушу ыктымалдыгын четке кагышпайт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштагы жоготуулары тууралуу ачык айтпайт жана журналисттер жарыялаган маалыматтарга да түшүндүрмө бербейт. АКШ быйыл январда Украинадагы согушта орус армиясынан набыт болгон жана жаракат алгандардын саны болжол менен 270-300 миң адам экенин билдирген.

Киев акыркы жолу мекенин коргоп курман болгон аскерлеринин саны 13 миңдей экенин маалымдаган.

12:57 15.9.2023

Украин аскерлери Донецк облусундагы Бахмут шаарына жакын Андреевка айылын орус күчтөрүнөн бошотконун бейшембиде Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Телеграмга жазды.

"Негизги кармаштар Андреевка, Курдюмовка, Клещеевка райондорунда уланууда. Андреевка - биздики. Биз өз позициябызды бекемдеп жатабыз", - деди Маляр.

Бирок анын артынан эле Бахмуттун жанындагы чабуулду жетектеп жаткан 3-бригаданын каналына чыккан билдирүүдө Андреевкада жана Клещеевкада айыгышкан салгылашуу уланып жатканы, "бошотулду" деп айтууга эрте экени маалымдалды.

Бахмут - Украинадагы уруштун кандуу чордонуна айланган. Ал аймакты Орусиянын жалданмалары - "вагнерчилер" ээлеп алгандан бери украин армиясы каармандык менен кармашып жатты.

Орус аскерлери Андреевкадан жана коңшулаш Клещеевкадан чыгып кете баштаганын орусиялык бир катар Телеграм каналдар бир күн мурун кабарлашкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG