Орусиялык «Sputnik Молдова» маалымат агенттигинин редактору, 13-сентябрда Молдовадан чыгарылган Виталий Денисов орус армиясынын офицери деген маалымат бар экенин The Insider басылмасы жазды.
«Денисовдун журналистика менен анча деле байланышы жок. Ал атайын кызматтын 72-борборунун (54777 аскер бөлүгү) кадрдык офицери экени жана Башкы чалгын башкармалыгынын кызыкчылыгы үчүн ар кандай маалыматтарды жайылтып, чет элдик аудиторияга жалган маалымат берүү менен алектенери тууралуу кабарлар бар», – деп билдирди The Insider.
Иликтөөдө айтылгандай, Денисов совет учурунда Украинанын Львов шаарында аскердик-саясий окуу жайды аяктап, кийин Москвага барып, Коргоо министрлигинин гезитинде, Москванын Тергөө башкармалыгында иштеген жана атайын даярдыктан өтүп, чет элдик аудиторияга фейк маалыматтарды таратуу менен алектенип келген.
Соңку эки айда Молдова бийлиги “өлкөдө туруксуздук жаратышы мүмкүн” деген кооптонуунун негизинде орусиялык 45 дипломатты өлкөдөн чыгарды. Анын алдында журналисттер Орусиянын Кишиневдогу элчилигинин имаратынын чатырына телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоого алуучу жабдыктар орнотулганын жазып чыгышкан.
Москванын мэрия Сергей Собянин жекшембиге караган түнү Подмосковьеде эки дрон жок кылынганын жарыялады.
Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын аймагында жекшембиге оогон түнү алты дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Харьковду аткылоодо беш киши жараат алды
Украинанын Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, ишембиде Орусиянын армиясы Холодногорск районуна С-300 ракеталары менен беш жолу сокку урду.
Анда беш тургун жараат алган. Өмүрлөрүнө коркунуч жок. Тиешелүү кызматтар ракета соккусунун кесепеттерин жоюу менен алектенүүдө.