Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:41 17.9.2023

Украинада согуш башталгандан бери алгачкы жолу кургак жүк ташыган жарандык кемелер бул өлкөнүн портуна жете алышти. «Интерфакс-Украина» агенттиги маалымдагандай, Кара деңизде убактылуу ачылган коридор аркылуу ишемби күнү жеткен эки кеме Одесса облусунун аймагындагы порттон 20 тоннадай украин буудайын жүктөп Азия жана Африка өлкөлөрүнө алып кетет.

Расмий Киев Кара деңизде убактылуу коридор ачылганын Орусия “дан келишиминен” чыгып кеткенден кийин жарыялаган. Бул келишим украин портторунан дан азыктарын экспортко жүктөп кетүүнүн коопсуздугун кепилдеш үчүн түзүлгөн.

Коопсуздукка орус аскерлери жактан коркунуч сакталып тургандыктан, сууда Орусия коюп кеткен миналар бар болгондуктан кеменин ээси же капитаны мындай опурталдуу шартта сүзүүгө макулдугун бергенден кийин гана жолго чыга алат.

11:40 17.9.2023

Орусиялык «Sputnik Молдова» маалымат агенттигинин редактору, 13-сентябрда Молдовадан чыгарылган Виталий Денисов орус армиясынын офицери деген маалымат бар экенин The Insider басылмасы жазды.

«Денисовдун журналистика менен анча деле байланышы жок. Ал атайын кызматтын 72-борборунун (54777 аскер бөлүгү) кадрдык офицери экени жана Башкы чалгын башкармалыгынын кызыкчылыгы үчүн ар кандай маалыматтарды жайылтып, чет элдик аудиторияга жалган маалымат берүү менен алектенери тууралуу кабарлар бар», – деп билдирди The Insider.

Иликтөөдө айтылгандай, Денисов совет учурунда Украинанын Львов шаарында аскердик-саясий окуу жайды аяктап, кийин Москвага барып, Коргоо министрлигинин гезитинде, Москванын Тергөө башкармалыгында иштеген жана атайын даярдыктан өтүп, чет элдик аудиторияга фейк маалыматтарды таратуу менен алектенип келген.

Соңку эки айда Молдова бийлиги “өлкөдө туруксуздук жаратышы мүмкүн” деген кооптонуунун негизинде орусиялык 45 дипломатты өлкөдөн чыгарды. Анын алдында журналисттер Орусиянын Кишиневдогу элчилигинин имаратынын чатырына телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоого алуучу жабдыктар орнотулганын жазып чыгышкан.

11:40 17.9.2023

Москванын мэрия Сергей Собянин жекшембиге караган түнү Подмосковьеде эки дрон жок кылынганын жарыялады.

11:38 17.9.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын аймагында жекшембиге оогон түнү алты дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG