Украин армиясы Донецк облусундагы маанилүү Клещеевка айылында жана айланасында айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканын билдирди. Анын алдында украин президенти Бахмуттун түштүк ыптасындагы жер орус аскерлеринен боштулганын жарыялаган.
18-сентябрда украин өкмөтү Коргоо министринин бардык орун басарларын кызматтарынан алганы белгилүү болду.
Киев Клещеевка менен Андреевка бошотулганын билдирди
Бахмуттун чыгыш-түштүк тарабы жай бою украин куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунун чордонунда болуп келди. Мындан эки күндөй мурун Андреевка кыштагы кайтарылганы маалымдалган.
Клещеевка менен Андреевканы орус аскерлеринен бошотуу украин армиясына Бахмутка түндүк жана түштүк жактан чабуул коюуга шарт түзмөкчү. Кремль калааны алууну өз маалында чоң ийгилик катары мүнөздөгөн. Бахмут үчүн кандуу кармаш бир нече айдан бери жүрүп жатат.
18-сентябрда украин өкмөтү коргоо министринин бардык орун басарларын жана мекеменин мамлекеттик катчысын кызматтарынан алды. Бул тууралуу өкмөттүн Жогорку Рададагы (парламенттиги) өкүлү Тарас Мельничук билдирди.
6-сентябрда Алексей Резниковдун ордуна коргоо министри болуп Рустем Умеров дайындалган эле.
Коргоо министрлиндеги кадр алмашуулар маалымдала электе орун басарлардын бири – Анна Маляр Клещеевка менен Андреевка боштулганын 18-сентябрда кайталаган.
Маляр Телеграм каналына жазганына караганда, контрчабуул башталгандан бери Бахмуттун ар тарабында 51 чарчы километр аймак бошотулду.
Анын алдында президент Владимир Зеленский сөз болгон айылдар кайтарылганын билдирген:
"Мен бүгүн Украинага улам бир жерлерин, атап айтканда Бахмут тараптагы айылдарды кайтарып жаткан жоокерлерди өзгөчө белгилегим келет. Клещеевка! Азаматсыңар!".
Согушка чейин ал айылда 400дөй киши жашачу.
Маляр украин армиясы Авдеевка жана Мариинка шаарчаларында каршы тараптын чабуулуна туруштук берип жатканын, түштүк багытта 5,2 чарчы километр жерди кайтарып алып, Азов деңизине көздөй алдыга жылганын кошумчалады. Контрчабуул башталгандан бери Украина түштүктө 260 чарчы километр жерди кайрадан өз көзөмөлөнүнө алганы маалымдалды.
17-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Клещеевканын жанында, Запорожье, Донецк жана Луганск багыттарында чабуулун улантып жатканын билдирген.
Дүйшөмбүдө Донецк шаарынын борборунда, өздөрүн “ДНР” деп атаган эикчил аймактын администрациясы жайгашкан имараттын жанында жарылуулар болгонун орусиялык "РИА Новости" кабар агенттиги жана жергиликтүү Телеграм-каналдар маалымдады. Азырынча жапа чеккендер тууралуу айтылган жок. “ДНР” окуя боюнча расмий комментарий бере элек.
Украинанын Орусияга каршы арызы каралууда
Ал арада Гаагадагы Эл аралык сотто Украинанын Орусияга каршы доо арызы боюнча алдын ала угуулар башталды. Киев кошуна өлкөгө кол салуу менен геноцидди алдын алуу жана тукум курут үчүн жазалоо каралган эл аралык конвенцияны бузган деп күнөөлөп жатат. Тактап айтканда, Украина Орусия Донбасстагы «геноцид» тууралуу жалган айыптолорду согуш ачуу үчүн шылтоо кылып, 1948-жылкы конвенциядан кыянат пайдаланган деп эсептейт.
Былтыр 24-февралда орус президенти Владимир Путин кошуна өлкөгө басып кирүүнүн максатын түшүндүргөндө, "8 жылдан бери Киев режиминин кордоосунан, геноцидинен жапа чешип келаткан кишилерди коргоо керектигин" айткан.
Украина арызды былтыр 27-февралда, Орусия басып киргенден көп узабай тапшырган. Буга чейин сот Киевдин доосуна 32 өлкө кошулса болот деп тапкан. Кеп дээрлик бардык европалык мамлекеттер, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия тууралуу жүрүүдө.
Москва бул иш БУУнун Эл аралык сотунун юрисдикциясына кирбейт деп билдирип келатат.
Алгачкы угуулар быйыл мартта өткөн. Бирок Орусиянын өкүлдөрү ага барбай койгон. Сот ошондо Москва согуштук аракеттерди токтотууга тийиш деп, бирок ал чечим көз жаздымда калды.
Буга чейин Украина ушул эле сотко 2017-жылы даттанып, Орусия Донбасстагы жифкилдерди мыйзамсыз каржылап жана аннексияланган Крымда крым татарларын дискриминациялап жатат деп күнөөлөгөн. Киевдин көз карашында, Орусия террорчулукту каржылоо жана расалык дискриминацияны жоюу тууралуу конвенцияларын бузган.
Москванын каршылышына карабай, 2019-жылы сот бул иштеги юрисдикциясын бекиткен.
Эл аралык сот – БУУнун негизги сот органы. Ал жерде мамлекеттер ортосундагы юридикалык талаштар каралат. Ал эми ошол эле Гаагада жайгашкан Эл аралык кылмыш соту БУУнун органы эмес. Былтыр президент Путинди камоо ордерин чыгарган ал сотту Москва тааныбайт.
Украинада өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймакка Орусия дайындаган жетекчи Денис Пушилиндин администрациясында өрт чыкты.
Телеграм-каналдар имараттан түтүн көтөрүлүп жаткан сүрөттөрдү жарыялашты. Өрт 18-сентябрдагы салгылашта тутанганы айтылууда.
Орусия дайындаган шаар башчысы Алексей Кулемзин шаардын борбору аткыланганын маалымдады. Украин армиясы буга комментарий берген жок. Орусиялык WarGonzo каналы снаряддардын бири администрация имаратынын чатырына тийгенин билдирди.
Пушилин администрациянын имаратында каза болгондор жана жабыркагандар жок экенин айтты.
Мурдараак Донецк облусунда Орусиянын 31-аба чабуул бригадасынын командири, полковник Андрей Кондрашкин каза болгону кабарланган.
Өткөн аптада Украина армиясы Донецк облусундагы Бахмут шаарына жакын Андреевка кыштагын бошотконун жарыялаган. Жекшембиде Клещеевка конушу да бошотулганы маалымдалган, бирок 18-сентябрда кыштакта айыгышкан салгылаш уланып жатканын Украинанын Куралдуу күчтөрү ырастады.
Украинанын министрлер кабинети коргоо министринин жети орун басарынын алтоону кызматтан бошотту. Бул тууралу парламент депутаты Алексей Гончаренко билдирди.
Маалыматка караганда, Александр Павлюктан башка орун басарлардын баары жана министрлигинин статс-катчысы Константин Ващенко да иштен алынды.
Сентябрдын башында мурдагы коргоо министри Алексей Резников кызматтан кеткен. Анын ордуна крым татары, мурдагы депутат Рустем Умеров келген.
Буга чейин Коргоо министрлигинин айланасында талаш жаралган. Жыл башында мекеме "украин армиясына азык-түлүктү базар баасынан эки-үч эсе кымбат сатып алды" деп сынга кабылган. Бир канча чиновник иштен кеткен.
Коргоо министрлигин 2021-жылдын ноябрынан бери жетектеп келген Алексей Резников курал-жарак жеткирүү боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышкан. Ал Украинанын Британиядагы элчиси болот деген маалымат бар.
Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда 18-сентябрдан 27-сентябрга чейин Украинанын Орусияга каршы арызы боюнча баштапкы угуулар болот. Киев Москва Украинадагы согуш ачып, Геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазалоо жөнүндө эл аралык конвенциянын талаптары бузду деп айыптоодо.
Украина 2022-жылы 27-февралда, Орусия басып киргенден үч күн өткөндөн кийин Эл аралык сотко кайрылган. Сот буга чейин 32 өлкө Украинанын дооматына кошулууга укуктуу деп чечкен. Алар - Европанын дээрлик бардык мамлекеттери, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия. Кошмо Штаттар техникалык себептерден улам баш тарткан.
Баштапкы угуулар учурунда орус тарап бул иш боюнча Эл аралык соттун юрисдикциясы жок экенин далилдөөгө аракет кылышы мүмкүн экени айтылууда. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдин дооматтары негизсиз экенин билдирип келет. Ошондой эле Москва украин бийлиги Донбасстын элине каршы геноцид жасаганын белгилейт.
Эл аралык кылмыш соту 2023-жылдын мартында Орусиянын президентин камакка алууга ордер берген. Орусия 2016-жылдан бери Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.