Орус армиясы шейшембиге караган түнү Украинанын Львов шаарына дрондон жапырт чабуул койгондо бир киши каза тапты. Анын сөөгү уранды астынан табылганын облустук аскер администрациясынын башчысы Максим Козицкий 19-сентябрда билдирди.
Буга чейин уранды астынан эки адам куткарылганы, биринин абалы оор экени кабарланган.
Түнү менен шаарда жардыруулар угулуп, абадан коргонуу иштеди. Калаа мэри үч өнөр жай кампасы, арасында гуманитардык жардам сакталган жай да талкаланганын маалымдады.
Би-Би-Синин украин кызматы Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери Львовдо эң узакка созулган дрон чабуулу болгонун жазды.
Херсон облусу артиллериялык аткылоого кабылып, полиция кызматкери курман болгонун, эки киши жараат алганын шаардык аскер администрациясынын башчысы Роман Мрочко кабарлады. Ал жүргүнчүлөр менен бараткан троллейбус бутага алынганын белгиледи.
Кривой Рог шаарына урулган соккуда көп кабаттуу имарат өрттөлдү. Жараат алгандар тууралуу маалымат жок. Андан тышкары, Николаев, Одесса, Хмельницкий облустарына да чабуул болгону расмий кабарланды.
Украианын куралдуу күчтөрү билдиргендей, 19-сентябрга караган түнү өлкө аймагы 30 жолу “Шахед” жанкечти дрону жана бир жолу "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен аткыланган.
Константиновка шаарындагы базарда 16 кишинин өлүмүнө себеп болгон ракета украин армиясына таандык болушу мүмкүн.
"Бук" түзмөгүнөн атылган зениттик ракетанын багытында ката кетиши ыктымалдыгы New York Times басылмасына чыккан иликтөөдө айтылат.
6-сентябрдагы каргашада 16 киши набыт болгондон тышкары, 30дан ашууну жараат алган. Киев бул сокку үчүн Орусиянын армиясын күнөөлөгөн. Бирок New York Times басылмасынын журналисттери күбөлөрдүн айткандарын, ракетанын кыйратуучу элементтеринин фрагменттерин жана анын издерин изилдеп, башка жыйынтыкка келишкен.
Басылма жазгандай, байкоо камераларынын кадрлары жана эксперттердин анализдери ракета орус армиясы басып алган аймактардан эмес, Украина көзөмөлдөгөн тараптан учуп келгенин көрсөтүп турат.
Буга чейин Conflict Intelligence Team тобунун негиздөөчүсү Руслан Левиев Константиновкадан Украинанын президенти Владимир Зеленский жарыялаган видеону талдап чыккандан кийин ушундай жыйынтыкка келген. Левиев бул максаттуу сокку эмес, трагедиялуу кырсык экенин белгилеген. Ракета Константиновкага чектеш аймактарда уланып жаткан салгылашуу учурунда атылган болушу ыктымал.
Киев The New York Times жарыялаган иликтөөгө комментарий бере элек. Буга чейин өлкө бийлиги Константиновкадагы соккуну өз алдынча иликтебей турганын, анткени Киев үчүн "баары ачык-айкын, бул - Орусиянын ракеталык чабуулдарынын бири" экенин билдирген. Москва буга расмий комментарий берген эмес.
19-сентябрга караган түнү Украинанын аймагы 30 жолу “Шахед” жанкечти дрону жана бир жолу "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен аткыланганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.
Учкучсуз учактардын 27син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, алар түштүк-чыгыш багытта учуп келишкени, ал эми баллистикалык ракетаны орус аскерлери аннексияланган Крымдан Кривой Рог шаары көздөй учурушканы кабарланды, ракета кайсы жерден атып түшүрүлгөнү маалымдалган жок.
Социалдык түйүндөрдө Кривой Рог шаарында көп кабаттуу турак үйдө өрт чыкканы, дрондордун жапырт чабуулуна Львов шаары кабылганы, жарылуулар болгону, эки адам жараат алганы жөнүндө кабарлар чыкты.
Би-Би-Синин украин кызматынын кабарчылары Львовго кол салуу маалында орусиялык учкучсуз учактар шаардын ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхый борборунун, анын ичинде башкы Рынок аянтынын үстүнөн учуп өткөнүн кабарлашты. Журналисттери муну Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери Львовдо эң узакка созулган дрон чабуулу экенин белгилешти.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Орусия 18-сентябрда Краснодар аймагындагы Приморско-Ахтарск шаарынан жанкечти дрондорду учурган. Беш сааттан кийин алар Львовго жеткен.
Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугуКремлди агрессор катары айыптап жатат.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун абалы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Буга чейин маалымат каражаттары Кадыровдун ден соолугу кескин начарлап кеткенин жазышкан.
"Бизде бул жаатта эч кандай маалымат жок. Кандай болгон күндө да президенттин администрациясы саламаттыкка байланыштуу маалыматтарды бербейт, андыктан бул жерде силерге айта турган эч нерсебиз жок", — деди Песков журналисттерге. Анын сөзүн мамлекеттик Интерфакс агенттиги жарыялады.
Песков ошондой эле Путин өткөн апта соңунда Кадыров менен жолугушпаганын белгиледи.
Өткөн жумада бир нече чеченстандык оппозициялык каналдар Рамзан Кадыров катуу ооруп жатканын жазган. Жекшембиде Кадыровдун Телеграм-каналында ал тартылган видео жарыяланды.
Орусиянын курамындагы Чеченстан жумуриятынын башчысына таандык учак сентябрдын башында үч жолу Москвага учканын, азыр да ал жакта болушу мүмкүн экенин "Вёрстка" басылмасы аба каттамдарын көрсөткөн тиркемелердин бирине таянып жазды.
46 жаштагы Рамзан Кадыров Орусиянын Украинага согушун катуу колдогондордун бири.