Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18
Украина. Куткаруучулар 2026-жылдын 25-июнунда Орусиянын соккусунан кийин Запорожьедеги май куюучу жайда чыккан өрттү өчүрүп жатышат.
Украина. Куткаруучулар 2026-жылдын 25-июнунда Орусиянын соккусунан кийин Запорожьедеги май куюучу жайда чыккан өрттү өчүрүп жатышат.

Түз ободо Сумы жана Запрожьедеги май куйган жайларга сокку урулду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:37 26.9.2023

Орусиянын Одессага жасаган чабуулунан улам Украина менен Румыниянын ортосундагы Орловка-Исакча паромдук өткөрмө пункту ишин токтотту. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Украин куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү бөлүктөрүнүн маалымат борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк билдирди. Маалыматты Румыния тарап да тастыктады.

Расмий маалыматтарда өткөрүү пунктунун ишин турукташтыруу аракети көрүлүп жатканын белгиленген.

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер 26-сентябрга караган түнү орус аскерлери аймакты аткылаганын, Измаилдеги портко сокку урулганын айткан. Анын белгилешинче, паромдук өткөрүү пунктунун имараты, кампалар жана 30га жакын жүк ташуучу автоунаа зыян тарткан. Алты жүк ташуучу унаа күйүп кетип, эки айдоочу жабыркаган.

Украина армиясы Орусия учурган 38 жанкечти дрондун 26сынын мизи кайтарылганын билдирген. Москва буга комментарий берген жок.

Румыниянын Коргоо министрлиги Москванын соккусун айыптады.

15:26 26.9.2023

Орусиянын чабуулунда Кривой Рогдо жана Одесса облусунда жардыруулар болду

Орус күчтөрү шейшембиге караган түнү Украинага 38 "Шахед" дрондору менен чабуул койду. Анын 26сы атып түшүрүлгөнүн Украинанын Аба күчтөрү билдирди.

Түштүк командачылыктын өкүлү Наталья Гуменюк орус тарап Одесса облусунун чек ара жана порт жайларын бутага алганын, чабуулдардан машине өрттөнүп, эки айдоочу жараат алганы тууралуу маалымат бар экенин айтты.

Буга чейин Измаил районунда эки жүк ташуучу машиненин айдоочусу жараат алганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирген. Кийин ал соцтармактарга Румыния менен чек ара бекетинин имараты, кампалар, 30дай жүк ташуучу автоунаага зыян келтирилип, алты фура күйүп кеткенин жазды.

Чек арадан өтүүнү көздөгөн автобустун жүргүнчүлөрү да кооптуу абалга туш болгонун, эл аралык пункттагы өткөрмө бекети жабыркаганын Гуменюкка таянып "Украин чындыгы" басылмасы кабарлады.

26-сентябрда эртең менен Днепропетров облусунун Кривой Рог шаарындагы мекемелердин биринде жардыруу болду. Маалымат такталып жатканын облустун башчысы Сергей Лысак Телеграмга жазды.

15:12 26.9.2023

Орусиянын Курск облусунда дрон чабуулунан жети конуш электр жарыгысыз калды. Облустун губернатору Роман Старовойттун айтымында, дрон Снагост кыштагындагы электр көмөкчордонуна жардыргыч зат таштаган. Старовойт чабуулда жабыркагандар жок экенин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 26-сентябрга караган түнү Курск облусунда беш учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Орусия аны украин армиясынан көрүүдө.

24-сентябрда дрон Курск шаарынын борборундагы административдик имаратка чабуул койгон. Айрым маалыматтарда ФСБнын имараты бутага алынганы айтылат. Дрондор мунай иштетүүчү заводго да сокку урган. Украин басылмалары өз булактарына таянып, чабуулду украин аскердик чалгын кызматы жасаганын жазышты.

Украина Орусиянын аймагына жасалган учкучсуз учактардын чабуулдары тууралуу комментарий бербейт.

15:11 26.9.2023

25-сентябрда украин аскерлери Луганск облусунун орус күчтөру басып алган бөлүгүндөгү Сорокино шаарында жайгашкан "Юность" заводунун аймагына сокку урду. Орусиянын бийлиги калааны советтик аталыш менен Краснодон дейт.

2014-жылы шаар өзүн "Луганск элдик республикасы" деп атаган орусиячыл жикчилердин көзөмөлүнө өткөндөн бери аталган заводдун аймагында ок-дары сакталганы айтылууда.

Орус жана украин маалымат каражаттары жана Телеграм каналдары жардыруулардын сүрөттөрүн, видеолорун жарыялады.

Маалыматка караганда, украин армиясы 100 чакырымдан алыс уча турган Storm Shadow ракеталары менен сокку урган.

Орусиянын Тергөө комитети “өндүрүш объектиси” бутага алынганын билдирип, эки адам каза таап, үчөө жараат алганын маалымдады. Жардыруунун күчүнөн үйлөр зыян тартканы айтылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG