Украинанын армиясы Орусиянын Кара деңиз флотуна жасалган чабуулда отуздан ашуун аскер, алардын командири жок кылынганын ырастады.
Расмий кабарга ылайык, аннексияланган Крым жарым аралындагы Севастополь калаасында Орусиянын Кара деңиз флотунун штаб-квартирасына 22-сентябрда урулган соккуда 34 аскер каза тапкан.
Украин армиясы тараткан маалыматта командирдин аты-жөнү айтылган эмес. Орусия бул кызматка 2022-жылдын августунда адмирал Виктор Соколовду дайындаган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга комментарий бере албастыгын 26-сентябрда журналисттерге айтты. Кийинчерээк РИА Новости мамлекеттик маалымат агенттиги тараткан видеодо орусиялык жогорку даражалуу аскер жетекчилеринин жолугушуусу көрсөтүлүп, ага Соколов катышканы кабарланды.
Тараптардын маалыматтарын согуш шартында тактоого мүмкүн эмес.
Орусиянын Одессага жасаган чабуулунан улам Украина менен Румыниянын ортосундагы Орловка-Исакча паромдук өткөрмө пункту ишин токтотту. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Украин куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү бөлүктөрүнүн маалымат борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк билдирди. Маалыматты Румыния тарап да тастыктады.
Расмий маалыматтарда өткөрүү пунктунун ишин турукташтыруу аракети көрүлүп жатканын белгиленген.
Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер 26-сентябрга караган түнү орус аскерлери аймакты аткылаганын, Измаилдеги портко сокку урулганын айткан. Анын белгилешинче, паромдук өткөрүү пунктунун имараты, кампалар жана 30га жакын жүк ташуучу автоунаа зыян тарткан. Алты жүк ташуучу унаа күйүп кетип, эки айдоочу жабыркаган.
Украина армиясы Орусия учурган 38 жанкечти дрондун 26сынын мизи кайтарылганын билдирген. Москва буга комментарий берген жок.
Румыниянын Коргоо министрлиги Москванын соккусун айыптады.
Орусиянын чабуулунда Кривой Рогдо жана Одесса облусунда жардыруулар болду
Орус күчтөрү шейшембиге караган түнү Украинага 38 "Шахед" дрондору менен чабуул койду. Анын 26сы атып түшүрүлгөнүн Украинанын Аба күчтөрү билдирди.
Түштүк командачылыктын өкүлү Наталья Гуменюк орус тарап Одесса облусунун чек ара жана порт жайларын бутага алганын, чабуулдардан машине өрттөнүп, эки айдоочу жараат алганы тууралуу маалымат бар экенин айтты.
Буга чейин Измаил районунда эки жүк ташуучу машиненин айдоочусу жараат алганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирген. Кийин ал соцтармактарга Румыния менен чек ара бекетинин имараты, кампалар, 30дай жүк ташуучу автоунаага зыян келтирилип, алты фура күйүп кеткенин жазды.
Чек арадан өтүүнү көздөгөн автобустун жүргүнчүлөрү да кооптуу абалга туш болгонун, эл аралык пункттагы өткөрмө бекети жабыркаганын Гуменюкка таянып "Украин чындыгы" басылмасы кабарлады.
26-сентябрда эртең менен Днепропетров облусунун Кривой Рог шаарындагы мекемелердин биринде жардыруу болду. Маалымат такталып жатканын облустун башчысы Сергей Лысак Телеграмга жазды.
Орусиянын Курск облусунда дрон чабуулунан жети конуш электр жарыгысыз калды. Облустун губернатору Роман Старовойттун айтымында, дрон Снагост кыштагындагы электр көмөкчордонуна жардыргыч зат таштаган. Старовойт чабуулда жабыркагандар жок экенин билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги 26-сентябрга караган түнү Курск облусунда беш учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Орусия аны украин армиясынан көрүүдө.
24-сентябрда дрон Курск шаарынын борборундагы административдик имаратка чабуул койгон. Айрым маалыматтарда ФСБнын имараты бутага алынганы айтылат. Дрондор мунай иштетүүчү заводго да сокку урган. Украин басылмалары өз булактарына таянып, чабуулду украин аскердик чалгын кызматы жасаганын жазышты.
Украина Орусиянын аймагына жасалган учкучсуз учактардын чабуулдары тууралуу комментарий бербейт.