Украин күчтөрү мелитополь багытында чабуулга өтүп жатканын Украинанын Башкы штабы билдирди. Маалыматта орусиялык күчтөр фронттун линиясында алдан тайганы айтылат.
Украин басылмалары түштүктө операцияны жүргүзүп жаткан топтун өкүлү Александр Штупунга таянып, украин аскерлери ээлеп алган багытында турумун бекемдеп, каршылашты алдан тайдырып жатканын билдирди. Штупундун билдиришинче таврия багытында каршылаш күн сайын алтыдан 10го чейинки артиллериялык системасын жоготууда. Контрбатареялык кармаш - украин армиясынын каршылашты керектүү артиллериялык колдоосуз калтырууну көздөгөн негизги тактикасы.
Украин армиясы азыр Вербовое жана Новопокровка айылдарынын ортосунда сокку уруп жатат. Буга чейин ал жердеги "Суровикин линиясы" деп аталган орусиялык күчтөрдүн коргонуу эшелону талкаланган.
Украин армиясынын Вербовое жана Новопрокоповкадагы чабуулу
Украинанын армиясы Орусиянын Кара деңиз флотуна жасалган чабуулда отуздан ашуун аскер, алардын командири жок кылынганын ырастады.
Расмий кабарга ылайык, аннексияланган Крым жарым аралындагы Севастополь калаасында Орусиянын Кара деңиз флотунун штаб-квартирасына 22-сентябрда урулган соккуда 34 аскер каза тапкан.
Украин армиясы тараткан маалыматта командирдин аты-жөнү айтылган эмес. Орусия бул кызматка 2022-жылдын августунда адмирал Виктор Соколовду дайындаган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга комментарий бере албастыгын 26-сентябрда журналисттерге айтты. Кийинчерээк РИА Новости мамлекеттик маалымат агенттиги тараткан видеодо орусиялык жогорку даражалуу аскер жетекчилеринин жолугушуусу көрсөтүлүп, ага Соколов катышканы кабарланды.
Тараптардын маалыматтарын согуш шартында тактоого мүмкүн эмес.
Орусиянын Одессага жасаган чабуулунан улам Украина менен Румыниянын ортосундагы Орловка-Исакча паромдук өткөрмө пункту ишин токтотту. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Украин куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү бөлүктөрүнүн маалымат борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк билдирди. Маалыматты Румыния тарап да тастыктады.
Расмий маалыматтарда өткөрүү пунктунун ишин турукташтыруу аракети көрүлүп жатканын белгиленген.
Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер 26-сентябрга караган түнү орус аскерлери аймакты аткылаганын, Измаилдеги портко сокку урулганын айткан. Анын белгилешинче, паромдук өткөрүү пунктунун имараты, кампалар жана 30га жакын жүк ташуучу автоунаа зыян тарткан. Алты жүк ташуучу унаа күйүп кетип, эки айдоочу жабыркаган.
Украина армиясы Орусия учурган 38 жанкечти дрондун 26сынын мизи кайтарылганын билдирген. Москва буга комментарий берген жок.
Румыниянын Коргоо министрлиги Москванын соккусун айыптады.