Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылы Украинанын төрт аймагынын аннексияланганын майрамдоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Буга чейин мыйзам долбоору Мамлекеттик Думанын эки палатасында тең колдоо тапкан. Документте майрам 30-сентябрда белгиленери жана бул күнү Орусияда дем алыш болору жазылган.
Мыйзамга ылайык, жаңы кирген дем алыш күнү “Донецк Элдик Республикасынын, Луганск Элдик Республикасынын, Запарожье облусунун жана Херсон облусунун Орусия Федерациясы менен бириккен күнү” деп аталат.
Орусиянын мыйзамдарына жана былтыр жүргүзгөн добуш берүүлөрдүн жыйынтыгына караганда, Москва Украинадагы төрт облустун бардык аймактарын жана Украинанын Николаев облусунун бир бөлүгүнө ээлик кылууга аракет жасап жатат. Учурда Херсон жана Запорожье облустарынын көп жерлери жана Донецк облусунун негизги бөлүгү Москванын көзөмөлүндө эмес.
Былтыр Кремлдин басма сөз кызматы журналисттерге чек арада жайгашкан кайсы аймактар өлкөнүн аймагына кошулганын түшүндүрүп бере алган эмес.
Молдованын Украина менен чектеш аймагында ракета калдыктары табылды
Молдованын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ракетанын сыныктары Украина менен чек арадан 30 чакырым алыстыктагы Анений-Ной шаарына жакын жайгашкан Харбовец көлүнөн табылган.
Анын кимге таандык экени азырынча белгисиз, иликтөө иши жүрүп жатат. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги эч кандай коркунуч жок деп билдирди, укук коргоо органдары көлгө алып барчу жолдорду жаап турат.
Украинанын армиясы билдиргендей, 28-сентябрдын таңында абадан коргонуу системасы Орусиянын күчтөрү учурган 44 «Шахед» дронунун 34үн жок кылды. Алты чалгын учкучсуз аппараты атып түшүрүлгөнү маалым болду.
Украин армиясынын маалымат катчысы Наталья Гуменюк орус армиясы негизинен өлкө түштүгүндөгү аймактарга чабуул койгонун 28-сентябрда маалымдады.
Ал эми Николаев облусунун администрация башчысы Виталий Ким кулатылган дрондун сыныгынан бир айыл чарба обьектиси жабыркаганын билдирди. Адамдар арасында жараат алгандар тууралуу маалымат чыккан жок.
Фронтто соңку бир суткада 26 кагылышуу катталганын, алардын басымдуу бөлүгү чыгыштагы Бахмут, Авдеевка жана Марьинка аймактарында болгонун украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.
27-сентябрда өлкө президенти Владимир Зеленский украин күчтөрү чыгышта ийгиликке жетип жатканын кабарлаган.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
ISW: Орусия Ирандан ракеталарды сатып алышы мүмкүн
Москва менен Тегеран 18-октябрдан кийин БУУнун Ирандын курал-жарактарына чектөөлөрүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин учкучсуз учактарды жана ракеталарды сатуу боюнча келишимге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Согушту изилдөө институту (ISW) жазып чыкты.
Институттун баяндамасына караганда, 18-октябрдан кийин Иран ракеталарды жана ага тиешелүү технологияларды эл аралык көзөмөлсүз экспорттой алат. Бул жагдай Тегерандын Орусияга ракета жеткиришине мүмкүндүк бериши толук ыктымал.