Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:39
Краматорск
Краматорск

Украинага жүздөй дрон чабуул койду, курмандыктар бар

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:41 29.9.2023
Путин "вагнерчиге" аскердик топ түзүүнү тапшырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00

12:37 29.9.2023

Бейшемби кечинде Путин "Вагнер" жеке аскердик түзүмүнүн өкүлдөрү менен жолукканы маалым болду.

Жолугушууда коргоо министрли Юнус-Бек Евкуров жана "Вагнердин" мурдагы башчысы Андрей Трошев болду. Айрым "вагнерчилер" Пригожиндин козголоңунан кийин Трошевди Коргоо министрлиги менен кызматташканы үчүн чыккынчылыкка айыпташкан.

Орусиянын президенти "Вагнердин" штабынын мурдагы жетекчиси Андрей Трошевге ыктыярчылардын аскердик отрядын түзүүнү тапшырган.

12:31 29.9.2023

Пентагон украин учкучтары АКШда окуусун баштаганын билдирди. Алар азырынча тил үйрөнөт

Пентагондун расмий өкүлү Сабрина Сингх украин F-16 кыргын салуучу учагын башкара турган учкучтар АКШда окуй баштаганын билдирди.

Сингхтин айтымында, алар адегенде батыш учактарын башкаруу үчүн тил курсунан өтүшү керек.

Сингх тил үйрөтүү учкучтардын даярдыгына жараша болорун билдирди.

Сентябрдын ортосунда АКШнын Улуттук гвардиясынын аскер-аба күчтөрүнүн жетекчиси Майкл Ло украин учкучтарын даярдоо алардын жөндөмүнө жараша үч айдан тогуз айга чейин созулушу ыктымал экенин билдирген.

Прессанын маалыматында украин аскерлери F-16 менен 2024-жылы февраль айында уча башташы мүмкүн.

Батыш өлкөлөрү Украинага мындай учактан 50нү берүүнү убада кылган.

12:08 29.9.2023

Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылы Украинанын төрт аймагынын аннексияланганын майрамдоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Буга чейин мыйзам долбоору Мамлекеттик Думанын эки палатасында тең колдоо тапкан. Документте майрам 30-сентябрда белгиленери жана бул күнү Орусияда дем алыш болору жазылган.

Мыйзамга ылайык, жаңы кирген дем алыш күнү “Донецк Элдик Республикасынын, Луганск Элдик Республикасынын, Запарожье облусунун жана Херсон облусунун Орусия Федерациясы менен бириккен күнү” деп аталат.

Орусиянын мыйзамдарына жана былтыр жүргүзгөн добуш берүүлөрдүн жыйынтыгына караганда, Москва Украинадагы төрт облустун бардык аймактарын жана Украинанын Николаев облусунун бир бөлүгүнө ээлик кылууга аракет жасап жатат. Учурда Херсон жана Запорожье облустарынын көп жерлери жана Донецк облусунун негизги бөлүгү Москванын көзөмөлүндө эмес.

Былтыр Кремлдин басма сөз кызматы журналисттерге чек арада жайгашкан кайсы аймактар өлкөнүн аймагына кошулганын түшүндүрүп бере алган эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG