Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:28
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:18 1.10.2023

АКШ президенти Жо Байден убактылуу бюджеттин долбоорун колдоду

АКШ Конгрессинин эки палатасы тең кабыл алган 45 күндүк убактылуу бюджеттин долбоорунда Украинага жардам каралган эмес. Долбоор өкмөттүн иштеп турушу үчүн каржылоону узартууга багытталган. Байдендин жазуу түрүндөгү билдирүүсү 1-октябрда Ак үйдүн сайтына чыкты.

Байден анда Украинага кошумча жардам бөлүү үчүн Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккартиге үмүт артып жатканын билдирген.

"Биз Украинага колдоонун үзгүлтүккө учурашына жол бербешибиз керек", - деп жазылган анын билдирүүсүндө.

АКШнын Сенаты Украинага 6 млрд доллар берүүнү сунуштаса, президент Киевдин контрчабуулун колдоо үчүн 24 млрд доллар сураган. Маккарти башында турган республикчылар Украинага көмөк үчүнкошумча акча бөлүүгө каршы чыккан.

Убактылуу бюджет 17-ноябрга чейин эсептелген.

12:48 1.10.2023

АКШ: Өкүлдөр палатасы убактылуу бюджетти жактырды

Долбоордо Украинага жардам берүүгө, каралашууга каражат бөлүү каралган эмес.

АКШнын Өкүлдөр палатасы өкмөттүн, мамлекеттик мекемелердин ишинин токтоп калышына жол бербөө үчүн убактылуу бюджет тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Эми документти президентке кол коюуга жөнөтөрдөн мурда Сенатта дагы добушка коюлат.

Каржылоо долбоору 45 күнгө эсептелген жана аны Өкүлдөр палатасынын республикачыл сенатору Кевин Маккарти сунуштаган.

Учурда Өкүлдөр палатасында республикачылар, ал эми Сенатта демократтар көпчүлүктү түзөт.

Эгерде убактылуу бюджет тууралуу мунаса табылбаса соңку он жылдын ичиндеги төртүнчү “шатдаун” башталмак.

Ак үйдүн өкүлдөрү документти президент Жо Байден колдошу мүмкүндүгүн билдиришти.

АКШда жаңы фискалдык жыл 1-октябрда башталат. Эгер Конгрессте жаңы бюджет тууралуу мунаса табылбаса Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинде федералдык өкмөттүн ишин камсыз кылуу үчүн каражат калбай калат. Бирок конгрессмендер өкмөттүн ишин убактылуу каржылоочу мыйзам долбоорлорун кабыл алса болот.

16:51 30.9.2023

Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазона" басылмасы Орусия былтыр февралда Украинага каршы согуш ачкандан бери набыт болгон 33 226 орусиялык жоокердин тек-жайын аныктап, тактап чыкты.

Журналисттердин иликтөөсүнө ылайык, алардын 3836сы мобилизацияга тартылгандар. Украина июлда контрчабуул жарыялагандан бери 2448 орус аскери өлгөн, алардын арасында эки генерал жана 11 полковник бар.

Аталган басылмалардын иликтөөчү журналисттери Украинадагы согушта набыт болгондор тууралуу ачык документтерге, маркумдардын жакындарына таянып, мүрзөлөрдөгү маалыматтарга мониторинг жүргүзүп келет. Алар жоготуулардын так саны мындан 2,5 эсе көп болушу ыктымалдыгын белгилешет.

13:27 30.9.2023

«Шахеддер» Украинанын батышына жана борборуна жетти

Орусиялык армия аннексияланган Крымдан кое берген жанкечти дрондор Украинанын батыш жана борбордук бөлүгүнө чейин жетти.

Аба коркунучу Винницк, Хмельницк, Черкасск облустарында жарыяланып, Абадан коргонуу системасы иштегени тууралуу кабарлар келип жатат.

Украинанын аба күчтөрү буга чейин "Шахеддер" Одесса облусунун чыгыш жана түштүк тарабын, Дунайдагы портторду бутага алганын билдирген.

Дрон чабуулунун кесепеттери жана жоготуулар тууралуу азырынча маалыматтар чыга элек.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG