Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:04
Краматорск
Краматорск

Украинага жүздөй дрон чабуул койду, курмандыктар бар

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:27 3.10.2023

Орус армиясы Украинанын Херсон аймагын акыркы бир суткада 500дөн ашык снаряд менен аткылады. Облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин эки адам набыт болуп, жетөө жараат алганын билдирди.

Прокудин орус күчтөрү калктуу конуштардагы турак жайларды, билим берүү мекемелерин, чиркөөлөрдү, гуманитардык штабдарды, соода борборун, заводду жана Херсондогу маанилүү инфраструктуралык объектилерди бутага алганын айтты.

3-октябрга караган түнү Днепропетров облусу да ракеталык чабуулга кабылганын жергиликтүү бийлик маалымдады.

Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк аткыланганын танып, аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын белгилейт.

Донецк облусунун оккупацияланган бөлүгүндөгү Енакиево-Углегорск тилкесинде жүк ташуучу поезд менен зениттик-ракеталык комплекс ташыган аскердик унаа кагылышканын ASTRA Телеграм каналынын жазды. Анда үч орус аскери каза болгону айтылууда. Расмий маалымат таратылган жок.

16:19 2.10.2023

Украин армиясынын Башкы штабы билдиргендей, 2-октябрга караган түнү Орусия дрондор менен жапырт аткылады.

Украинанын 150дөн ашык айыл-кыштагы артиллериялык аткылоо алдында калды.

Башкы штабдын маалыматына караганда, Ирандан чыккан "Шахед" дрондору Донецк, Запорожье, Луганск, Харьков жана Херсон облустарына сокку урду. Ушул эле аймактар жана Сумы, Чернигов облустары ракета менен аткыланды.

Түнкү аткылоолордо Харьков облусунун Волчанск шаарында карапайым тургун курман болду. Шаарды өрт чалып, жер үйлөр, ишканаларга зыян келтирилгенин аймактын башчысы Олег Синегубов кабарлады.

Херсондо жер үй өрттөнүп кетти. 13 жаштагы кыз жараат алган, эжеси катуу коркуп калган. Алардын энесине осколканын сыныктары тийген.

Орусия аткылоолор тууралуу комментарий берген жок.

16:09 2.10.2023

Киевде Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуусу 2-октябрда өтүп жатат.

Жолугушуу тууралуу шаркеттин тышкы саясий мекемесинин башчысы Жозеп Боррел бүгүн эртең менен билдирди. Ал өзү Киевге кечээ барды. Министрлердин сапары тууралуу алдын ала маалымдалган жок.

Боррел кездешүүнү "тарыхый" деп атады жана биринчи жолу шаркеттин аймагынан тышкары жакта өтүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, министрлер Украинанын элине тилектештик жана колдоосун билдиришмекчи.

15:58 2.10.2023

Орусиянын армиясы 2-октябрдын таңында Украинанын Херсон облусуна жасаган аба чабуулунан карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Алты киши жаракат калды, алардын экөө балдар. Бул тууралуу облус губернатору Александр Прокудин билдирди.

"Бүгүн таңкы саат бештерде душман Херсондун борборун аткылады. Окуя болгон жерде өрт тутанып, аны тиешелүү кызматтар ыкчам өчүрүштү", - деп жазды Прокудин Телеграмга.

Орус күчтөрүнүн чабуулунан жергиликтүү чиркөө жана Херсон епархиясынын администрациясы жабыркаганын 2-октябрда Украинанын православ чиркөөсү билдирди.

Херсон облусунун орус армиясынан бошотулган бөлүгү, анын ичинен Херсон шаары бир нече айдан бери Днепр дарыясынын сол жээгинде жайгашкан орус армиясынын тынымсыз аткылоосуна дуушар болуп келет.

1-октябрда дагы артиллериялык аткылоонун жыйынтыгында Тягинка шаарында 40 жаштагы кишинин өмүрү кыйылган.

2-октябрга караган түнү орус армиясы өлкө түштүгүндөгү Днепропетров аймагына жети «Шахед» дрону менен чабуул койду. Алардын төртөө абадан атып түшүрүлгөнүн украин армиясынын маалымат катчысы Наталья Гуменюк билдирди.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG