Орусиянын армиясы Украинанын Харьков шаарына 6-октябрь күнү эртең менен жасаган соккудан бир бала мүрт кетти.
Жараат алгандардын саны 20дан ашканын Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Ал Харьковго эки ракета, алдын ала маалыматтарга караганда “Искандерлер” менен сокку урулганын кошумчалады. Ракеталардын бири үч кабаттуу үйгө тийип, өрт тутанган.
Калаа мэри Игорь Терехов соккулар “жарандык объектилерге гана” урулганын билдирди. Жабыркагандар арасында 11 айлык наристе бар. Урандыларды тазалоо иштери уланууда.
Украин куралдуу күчтөрү билдиргендей, 6-октябрга караган түнү Орусия өлкө аймагына 33 дрон менен чабуул койгон. Алардын 25и Одесса, Николаев, Харьков, Днепропетровск, Черкасск жана Житомир облустарында абадан атып түшүрүлгөн.
Орус армиясынын 5-октябрда Украинанын Купянск районуна жасаган чабуулунда элүүгө жакын адам каза болгон. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, набыт кеткендердин арасында алты жаштагы бала да бар. Президент Владимир Зеленский карапайым элге жасалган бул кол салууну Орусиянын "өзгөчө катаал кылмышы" деп атады.
Купянск району - Харьков облусунда жайгашкан. Расмий маалыматта районго караштуу Гроза азык-түлүк дүкөнүнө ракета тийгени айтылат. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат.
Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк аткыланганын четке кагып, аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын белгилейт.
5-октябрга караган түнү орус армиясы "Шахед" жанкечти дрондору менен Украинанын Кировоград, Николаев жана Одесса облустарына да сокку урган. Киев 29 учкучсуз аппараттын 24ү атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Орусиянын Курск облусунун губернатору ушул күнү украин күчтөрү Орусиянын чек арадагы Суджа, Коренев, Глушков райондоруна, Рыльск шаарына дрон менен чабуул коюп, электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын маалымдаган.
Орусиянын президенти Владимир Путин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин учагы жарылганда мерт болгондордун денесинен гранатанын сыныктары табылганын билдирди. Бул тууралуу ал "Валдай" форумунда сүйлөп жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, Тергөө комитети учакка сырттан таасир болбогонун билдирген.
Путин Санкт-Петербургдагы Пригожиндин кеңсесинен беш килограмм маңзат жана накталай 10 миллиард рубль табылганын билдирди.
23-августта Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин Тверь облусундагы учак кулаганда каза болгон. Бул окуядан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги "Вагнер" компаниясынын Сириядагы жана Африкадагы ишмердигин өз көзөмөлүнө алууга даярдык көрүп жатканы кабарланган.
Өткөн айдын аягында Путин “Вагнердин” мурдагы штаб башчысы Андрей Трошевге ыктыярчылардан турган аскердик топторду түзүүнү тапшырганы белгилүү болгон. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Трошев Коргоо министрлигинде эмгектенип жатканын айткан.
5-октябрга караган түнү орус армиясы "Шахед" жанкечти дрондору менен Украинага сокку урду. Москва болсо украин күчтөрү Орусиянын чек ара аймактарына да чабуул койгонун билдирди.
Украин армиясынын маалыматына караганда, Орусия аткан 29 учкучсуз учактын 24ү Кировоград, Николаев жана Одесса облустарынын үстүнөн атып түшүрүлдү. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Орусиянын Курск облусунун губернатору Роман Старовойттун айтымында, украиналык дрондор Суджа, Коренев, Глушков райондорундагы инфраструктурага чабуул койгондо электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.
Shot Телеграм каналы өз булагына таянып, 67 калктуу конуш электр жарыгысыз калганын жазды.
Украина чек арадагы Рыльск шаарын учкучсуз учактардан тышкары кассеталык ок-дары менен атканын Старовойт кошумчалады. Жараат алган бир тургун ооруканага жаткырылды.
- Украинанын Defence Express маалымат-консалтинг компаниясынын болжолдуу эсебинде Орусия согуш баштагандан бери Украинага 500дөн ашуун "Шахед" дрону менен сокку урду.
Украинанын атайын даярдыктагы аскерлери оккупацияланган Крымдагы орус күчтөрүнө чабуул койгонун Башкы чалгындоо башкармалыгы билдирди.
4-октябрда Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов Федералдык коопсуздук кызматкерлери (ФСБ) украин күчтөрү менен кагылышканын айтып, бирөө кармалганын маалымдаган.
"Азаттык" радиосу азырынча бул маалыматты өз алдынча текшере албайт.
Украина аннексияланган Крымдын Севастополь шаарындагы Кара деңиз флотунун штабына 22-сентябрда ракеталык сокку урган. Орусиянын Коргоо министрлиги бир аскер мүрт кеткенин кабарлаган. Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган.