Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23
Краматорск
Краматорск

Украинага жүздөй дрон чабуул койду, курмандыктар бар

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




23:57 7.10.2023

Кадыров президенттик шайлоону токтотууну же Путинди кайра шайлоону сунуштады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров "атайын операция" маалында жазга белгиленген президенттик шайлоону өткөрбөөнү же бир эле кандитат, Владимир Путинди катыштырууну сунуштады.

РИА-Новости агенттигинин маалымдашынча Кадыров муну Путиндин туулган күнүнүн урматына Грозный шаарында өткөн иш-чарада айткан.

""Мен азыр аскердик операция жүрүп жатканда шайлоого бир эле кандидат Владимир Владимирович Путинди катыштыруу чечимин кабыл алууну сунуштайм. Же шайлоону убактылуу токтото туруу керек, анткени биздин өлкөнү коргой турган башка адам азырынча жок", - деген Кадыров.

13:55 7.10.2023

Анын айтымында он жыл мурда жаза өтөөчү жайларда 700 миңге жакын адам отурган болсо, бүгүнкү күнү алардын саны 266 миңдин тегерегинде гана.

"Медиазона" Вуколовдун билдирүүсү абакта отургандардын саны боюнча былтыртан берки алгачкы ачык маалымат экенин жазды. Федералдык жаза өтөө кызматы 2022-жылдын ноябрынан бери түрмөлөрдөгү киши санын ачык жазбай калган.

Басылманын белгилешинче, жаза өтөөчү жайлардагы адамдар былтыркы жылдын экинчи жарымынан тарта, "Вагнер" компаниясы аларды жапырт согушка тарта баштагандан тарта кескин азайган.

2022-жылдын сентябрь, октябрь айларында эркинен ажыратылгандардын саны 23 миң адамга азайган. Ал эми жыл аягында бул көрсөткүч 32 миң адамга чыккан. Жалпы бир жылдан берки убакта абактагылар 54 миңге азайган.

Сентябрда "Важные истории" басылмасы мурдагы "вагнерчилер" ырайым алып, Росгвардияда кызмат өтөп жатканын билдирген.

Августта "Русь сидящая" долбоорунун түптөөчүсү, журналист жана укук коргоочу Ольга Романова Украинадагы согушка аялдарды тартуу аракети жүрүп жатканын айтып чыккан.

Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткандарды согушка тартууну "вагнерчилер" 2022-жылы жайында баштаган. Компаниянын ээси Евгений Пригожин жеке өзү абактарга барып, Украинага барууга макул болгондорго акча жана эркиндик берилерин убада кылган. "Вагнердин" катарына оор кылмыштар үчүн соттолгондор да алынган.

Быйыл февралдан тарта абактагыларды "Вагнерге" тартуу токтогон. Бул аралыкта жеке аскер компаниясы аркылуу канча адам согушка тартылганы белгисиз. Ольга Романова бул көрсөткүч 50 миңдин айланасында деп билдирген.

18-июнда "Вагнердин" негиздөөсү Евгений Пригожин 32 миң жалданмачы Украинадан үйүнө кайтканын, согушта 20 миңдей жалданмачысы өлгөнүн, анын тең жарымы абактан баргандар экенин айткан.

11:03 7.10.2023

Орусия ишембиге караган түнү кемеге каршы "Оникс" ракеталары менен Одесса шаарын жана Одесса облусун аткылады. Аймактын башычысы Олег Кипер төрт адам жабыр тартканын билдирди. Пансионаттын имараты талкаланып, дан сактоочу жай бузулган. Орусия Дан келишиминен чыккандан кийин Одессадагы жарандык объекттерди күн сайын атып жатат.Орусиядагы абакта отурган адамдардын саны 266 миңге чейин азайганын юстиция министри Всеволод Вуколов билдирди.

Атыкылоого Полтава облусу да кабылган. Жергиликтүү аскердик администрация Мирогород районунда жарылуу болгонун билдирди.

7-октябрдын таңында Москва облусунда учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн Москванын мэри Сергей Собянин жана Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. "Истра шаар аймагында Москвага карай учуп келе жаткан дрон абадан жок кылынды", - деп жазды Собянин.
Орусиянын Коргоо министрлиги дронду "Украинанын чабуулу" деп белгилеп, жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин кабарлады.

23:23 6.10.2023

Украинанын Орусияга каршы күрөшүү үчүн ок-дарылары түгөнүп баратканын шейшембиде Би-Би-Си НАТО жетекчилигине шилтеме берип жазды.

НАТОнун аскерий комитетинин төрагасы Роб Бауэр ушул апта Варшавада өткөн коопсуздук форумунда сүйлөгөн сөзүндө согуштук өнөр жайга ондогон жылдар бою аз каражат жумшалганын, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ансыз деле ок-дары кампалары жарым жартылай бош турганын белгиледи.

"Бизге чоң көлөмдөгү каражат талап кылынат. Либералдык экономикабызда 30 жылдан бери карманып келе жаткан "өз убагында жана талап кылынгандай көлөмдө" принциптери көп жагынан жакшы, бирок согуш учурундагы куралдуу күчтөр үчүн жарабайт", - деди Роб Бауэр.

Британиянын коргоо министри Жеймс Хиппи ушул эле форумда Батыштын курал камы "акырындап түгөнүп баратканын" билдирди. Ал НАТО боюнча союздаштарын мурда милдеттенме алгандай ИДӨнүн 2% коргонууга жумшоого чакырды.

"Эгерде азыр, Европада согуш болуп жатканда, коргонууга 2% жумшай турган убак эмес болсо, анда аны дагы качан сарптоо керек?", - деди британ аткаминери.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG