Украинанын Херсон облусунда Орусиянын 8-октябрдагы чабуулдарында кеминде 16 киши каза тапты.
Ондогон киши жараат алганын, арасында 27 жаштагы аял жана анын тогуз айлык баласы бар экенин Херсондун башчысы Александр Прокудин билдирди.
"Биз дагы коркунучтуу түндү баштан өткөрдүк", - деп жазды ал Телеграмга.
Киевдин маалыматына караганда, жекшембиге караган түнү орус күчтөрү Херсонго бир нече жолу чабуул жасашкан.
Өзөктүк куралды сыноого тыюу салуу боюнча келишим уюмундагы Орусиянын элчиси Москва бул документтин ратификациясын чакыртып аларын билдирди.
Өзөктүк куралды сыноого тыюу салган келишим уюмундагы орус элчиси Михаил Улянов Москва ратификация болгон пактты кайра чакыртып аларын билдирди. Вашингтон бул чечимди өзөктүк куралды сыноого тыюу салган глобалдык нормага коркунуч катары сыпаттаган.
Буга чейин Владимир Путин "Валдай" клубунун жыйынында сүйлөп жатып ратификацияны чакыртып алууну ойлонууга чакырган. Мындан кийин орус парламентинин спикери Вячеслав Володин Телеграмга бул маселе жакын арада Мамдуманын кеңешинде караларын билдирген.
Володин жана Ульянов ратификацияны чакыртып алуу зарылдыгын ар кандай түшүндүрүшкөн. Мамдуманын спикери бул Орусияга каршы Вашингтон менен Брюсселдин "согушуна" байланыштуу экенин айткан. Өзөктүк куралды сыноого каршы келишим уюмундагы Орусиянын элчиси "максат келишимди кабыл алып, бирок ратификация кылбаган АКШ менен бирдей шартта болуу экенин" белгилеген.
Улянов жана Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков ратификацияны чакыртып алуу өзөктүк куралды сыноону жандантууну билдирбесин белгилешкен.
Буга чейин Жаңы жердеги полигондо орусиялык күчтөрдүн активдешкени жана кыймылдаткычы өзөктүк май менен иштеген "Буравестник" ракетасы сыноодон өткөнү белгилүү болгон.
АКШ Украинага бере турган аскердик жардамдын жаңы пакетин жарыялайт
Reuters агенттиги жазгандай кеп 200 миллион доллар тууралуу болууда. Жардамга мурдагы пакеттерге камтылган курал-жарак жана аскердик техникалар кирген. АКШнын агенттигинин маалыматында чечим 11-октябрда Украинага курал-жарак берүү боюнча байланыш тобунун Брюсселде өтчү жыйынында жарыяланат. Акча Пентагондун курал-жаракка жумшалган каражаттан арткан 5,4 млрд доллардык эсебинен бөлүнөт.
30-сентябрда АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы өкмөттүн ишин токтотуудан качып, убактылуу бюджет тууралуу мыйзам долбоорун бекиткен. Убактылуу 45 күнгө эсептелген бюджетте Украинага жардам каралган эмес. АКШнын Коргоо министрлиги Конгресс чара көрбөсө, Украинаны каржылоо жакынкы айларда токтой турганын билдирген. Аскердик мекеменин жогоруда айтылган 5,4 миллиард доллардан тышкары мурдараак Украина үчүн бөлүнгөн 25,9 миллиард доллардан арткан 1,6 миллиард доллары бар.
Кадыров президенттик шайлоону токтотууну же Путинди кайра шайлоону сунуштады
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров "атайын операция" маалында жазга белгиленген президенттик шайлоону өткөрбөөнү же бир эле кандитат, Владимир Путинди катыштырууну сунуштады.
РИА-Новости агенттигинин маалымдашынча Кадыров муну Путиндин туулган күнүнүн урматына Грозный шаарында өткөн иш-чарада айткан.
""Мен азыр аскердик операция жүрүп жатканда шайлоого бир эле кандидат Владимир Владимирович Путинди катыштыруу чечимин кабыл алууну сунуштайм. Же шайлоону убактылуу токтото туруу керек, анткени биздин өлкөнү коргой турган башка адам азырынча жок", - деген Кадыров.