"Редут" жеке аскердик компаниясы "Вагнер" кеткенден кийин анын ордуна абактагыларды согушка тарта баштады. Компаниянын курамында миңден ашуун адам фронтко кетиши мүмкүн.
"Система" иликтөөчү долбоору "Редуттун" бир нече отряды орус абактарында жаткандарды 2023-жылдан баштап согушка тарта баштаганын билдирди. Журналисттер "Редутта" кызмат кылган отуздай адамдын аты-жөнүн таап чыккан. Согушка тартылгандардын саны миңден ашуун, алар Орусиянын бардык аймактарындагы түрмөлөрдөн баргандар.
"Редуттун" мүчөлөрүнүн бири "Системанын" журналисттерине абактагылар согушка "пландуу түрдө тартылып жатканын" билдирген.
"Система" жана "Схема" долбоорлору орус абагындагыларды согушка тартууну "Редут" брендин алып жүргөн, Башкы чалгын кызматы өзү көзөмөлдөгөн ортомчу фирмалар аткарып жатканын таап чыгышкан.
Болгарияда Украинага кол салган орус аскерлерине эки максатта пайдаланылчу товар сатууга шектелген 12 кишиден турган топ кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» болгар кызматы жазды.
Болгариянын баш прокурорунун орун басары Мария Павлова маалымдагандай, кармалгандар арасында орусиялыктар, беларустар жана бир албаниялык киши бар. Бешөөнө кылмыштуу топко мүчө болуу жана мыйзамсыз экспортко катышуу боюнча айып тагылды.
Өлкөнүн Улуттук коопсуздук агенттиги товарлар Орусиянын Аскердик чалгын башкармалыгынын күчтөрүнө, Улуттук гвардиясына, чеченстандык батальондорго жана «Вагнер» жеке менчик компаниясынын согушкерлерине багытталганын билдирди. Экспорттолгон товарлар арасында оптикалык мээлегичтер, бинокль, авиациялык радиостанциялар жана программалык камсыздоо жабдыктары болгон.
Мындай товарларды Болгариядан Экономика министрлигинин уруксаты менен гана алып чыкса болот. Маалыматка караганда, кармалгандарда андай уруксат документтери болгон эмес.
Шаршембиде Украина президенти Владимир Зеленский Орусия согуш ачкандан бери биринчи жолу НАТОнун баш кеңсесине барды. Брюсселде ал альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг менен кездешти.
Зеленский карапайым элди, энергетика инфраструктурасын, азык-түлүк экспортун коргоо үчүн Украина көбүрөк курал-жаракка муктаж болуп жатканын айтты.
Столтенберг Орусиянын президенти Владимир Путин “энергетика системасына, газ инфраструктурасына чабуул коюу менен кыш мезгилин курал кылып колдонууга даярданып жатканын” белгиледи.
Жакында түзүлгөн НАТО-Украина кеңешине кирген топ жана НАТОнун тышкы иштер министрлери Киевге 122 миллион долларлык аскердик жардам берерин жарыялайт деп күтүлүүдө.
Бир күн мурда Германиянын Коргоо министрлиги Украинага 1 миллиард еврого аскердик жардам берилерин жарыялаган. «Кышкы» пакетке абадан коргонуу каражаттары, анын ичинде «Патриот» жана IRIS-T системалары, "Леопард 1A5" танктары, "Гепард" зениттик жабдуулары, 15 чопкутталган автомашина кирет.
Муну менен катар Бельгия 2025-жылдан тарта Украинаны F-16 истребителдери менен камсыздарын билдирди.
Брюсселде Зеленский АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен да жолугушары күтүлүүдө.
Шаршембиге караган түнү Украинанын Харьков, Сумы, Полтава, Донецк жана Николаев облустары орус авиациясынын чабуулуна туш болду.
Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү кабарлады. Акыркы 24 саатта орус аскерлери эки ракеталык жана 76 авиациялык сокку урду.
Днепропетровск облусундагы Никополь районунда артиллериянын актылоосунан бир аял жарадар болду, бир нече көп кабаттуу үйлөр, административдик имараттар менен бир ишкана зыян тартты.
Бул тууралуу облустун администрация башчысы Сергей Лысак билдирди.
Херсон облусуна, анын ичинде калк жашаган райондорго 435 дүрмөт атылганын, бир аял жарадар болгонун жергиликтүү бийлик маалымдады.
Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус армиясы Донецк облусундагы Авдеевка шаарчасына карай жылганын, аскерлер аларга туруштук бергенин, позицияларын сактап калганын 11-октябрда билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги Авдеевкадагы окуялар тууралуу маалымат тарата элек.
Украин армиясынын маалыматында, бир суткада майданда 108 кармаш катталды. Бул – акыркы күндөрдөгү орточо көрсөткүчтөн ашат.
Орусиянын Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз каршы тарап Сураж районуна дрондор менен чабуул коюу аракетин көргөнүн, бирок алар атып түшүрүлгөнүн, кыйроолор болбогонун айтты.