Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:27
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:26 12.10.2023

«Рамштайн» форматындагы 16-жолугушуунун жыйынтыгы

Украинанын Коргоо министрлиги союздаштардын 16-жолугушуусунда сүйлөшүүдөн кийин бериле турган аскердик жардам тууралуу кыскача маалымат таратты.

Украинанын союздаштары Брюсселде буга чейин жана жолугушуу алдында алган милдеттери тууралуу жарыялашкан.

АКШ: 200 млн доллардык аскердик жардамдын жаңы пакети - снаряддар жана ракеталар;

Британия: 100 млн фунттук пакет, техника жана минаны зыянсыздандырган жабдыктар;

Германия: Leopard 1 үлгүсүндөгү танк, курал-жарактар (Берлин мындан тышкары жакынкы жумаларда эки жаңы ЗРК Iris-T, кийинчерек бүтүндөй Patriot комплексин бере турганын убада кылууда. Бирок Украинанын Коргоо министрлиги бул тууралуу айткан жок);

Финляндия: 95 млн евролук аскердик жардам (ичинде эмнелер бары айтылган жок);

Литва: NASAMS атуучу жабыдыгынан экини, снаряд, кышкы формалар жана генераторлор;

Канада: 25 млн долларлык аскердик форма жана анча көп эмес курал-жарак;

Испания: ПВО Hawk системасы, кышкы форма жана генераторлор;

Дания жана Бельгия: буга чейин айтылган F-16 кыргын салуучу учагын берүүнү жана украин учкучтарын аны башкарууга үйрөтөрүн ырастады.

14:10 12.10.2023

Украин Куралдуу күчтөрү бейшембиге караган түнү Орусия 33 учкучсуз учак менен чабуул койгонун, 28ин атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, “Шахед” дрондору Белгород облусунан жана аннексияланган Крымдан атылган.

Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер аймактын үстүндө 10 дрон атып түшүрүлгөнүн айтты. Бирок бир нече дрон Измаилге жакын жерде, Дунай дарыясындагы порттук инфраструктурага, дан сакталган кампаларга сокку урду.

Июль айында БУУнун арачылыгы менен түзүлгөн дан келишими үзгүлтүккө учураганда Киев азык-түлүктү сыртка ташуу үчүн Румыния менен чек арадагы Рени жана Измаил портторун пайдаланып келген.

Николаев жана Днепропетровск облустарына да дрондор менен чабуул коюлду.

Айрым калктуу аймактар орус армиясынын артиллериялык аткылоосуна кабылды. Херсон облусунда бир киши каза тапты.

13:15 12.10.2023

Орусиянын Белгород шаарынын четинде дрондун сыныктары турак жайга кулаганда үч киши, арасында бир бала каза болду.

Дагы эки киши оор абалда реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу 12-октябрда Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков билдирди.

Анын айтымында, түн ичинде Абадан коргонуу системасы шаарды көздөй учуп келаткан дронду атып түшүрдү. Аппараттын сыныктары кулаганда эки үй дээрлик толугу менен кыйрап калды, бир нече турак жай менен автомашина зыян тартты. Кийинчирек Гладков үйлөргө жабдыктын сыныктары эмес, дрон өзү кулаганын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги пилотсуз учак Украинаныкы болчу деп тактады.

РБК басылмасы санап чыккандай, Москва Украинага согуш ачкандан бери Орусиянын аймактарынын жетекчилери 500дөн ашуун жолу дрон чабуулдары, кыйроолор менен курмандыктар болгону тууралуу маалымдашкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар украин тараптан урулганын билдирип келет. Киев бул дооматтарды комментарийлебейт.

12:00 12.10.2023

Рогозин банкир Фридманды текшерүүнү өтүндү

Орусия басып алган Запорожье облусунун Федерация кеңешинин мүчөсү жана Роскосмостун мурдагы башчысы Дмитрий Рогозин Тергөө комитетине Михаил Фридмандын ишмердүүлүгүн текшерүү өтүнүчү менен кайрылды. Ал банкир Украинанын куралдуу күчтөрүн каржылашы мүмкүн деп шек санап жатат.

Рогозин Федералдык чалгын кызматына жана Башкы прокуратурага арыз жазган.

Алдын ала маалыматта буга Фридмандын өткөн жылдын сентябрь айында жасаган билдирүүсү негиз болушу мүмкүн экени айтылууда. Бизнесмен анда өзүнө салынган эл аралык санкцияларды алып салуу үчүн Украинага өз эсебинен 1 млрд доллар которууну сунуштаган.

Буга чейин Фридманды текшерүү талабы менен Башкы прокуратурага "Ата Мекенди коргоочулар армиясы" кыймылынын жетекчиси Иван Отраковский кайрылган. Ал бизнесмен жана анын бизнес өнөктөшү Петр Авен АКШ менен Евробиримдиктин санкциясынан кутулуу үчүн Украинага 150 миллион евро которгонун билдирген. Эгер анын талабы ишке ашса, Фридманга армияны дискредитациялоо жана мамлекетке чыккынчылык кылуу беренеси менен иш козголушу мүмкүн.

Өз кезегинде Украинанын коопсуздук кызматы сентябрь айында орусиялык миллиардер Фридманды орусиялык агрессияны каржылоодо деп айыптаган. Башкы штабдын маалымдашынча, Орусия Украинага кол салгандан бери Фридман орусиялык аскердик заводдорго 2 миллиард рубль салган. Бул заводдордо аскердик учак жана тик учактар үчүн тетиктерди, андан тышкары ок-дары жасашат.

Украинанын Башкы штабы олигархты согушту каржылоо үчүн өзү көзөмөлдөгөн "Альфа-Групп" финансы-инвестициялык консорциумун жана жеке бизнес ресурстарын колдонуп жатат деп айыптаган. Айыптоолорго байланыштуу Фридман Украинада кармалса, сегиз жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискация болушу ыктымал.

  • Альфа-Банктын негиздөөчүлөрүнүн бири Михаил Фридман АКШ, Канада, Евробиримдик жана Британиянын санкциясына илинген.
  • Фридман согушту ачык колдогон эмес, ошол эле маалда орус бийлигинин аракетин сындаган да эмес. "Проект" долбоору иликтөөсүндө Фридман Коргоо министрлиги менен келишимдерди түзүп, акча таап жатканы тууралуу айткан.
  • 9-октябрда Фридман Британиядан Израилге көчүп барганы маалым болгон. Бирок ал жактагы согуштук абалдан улам учурда Москвага келгенин, келечекте Орусияга тез-тез келип турарын билдирген.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG