Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Днепрде Орусиянын соккусу эки өмүрдү алды, алтоо жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:39 14.10.2023

Украинадагы согушта төрт миңден ашуун мобилизацияга тартылгандар каза тапкан

Би-Би-Синин жана "Медиазонанын" журналисттери ыктыярчылар командасы менен биргеликте 34 миңден ашуун орусиялык аскер Украинада каза болгонун ырастады. Жоготуу мобилизация болгондордун арасында көбүрөөк.

Журналисттер согушта набыт болгон 34 412 орусиялык аскердин аты-жөнүн таап чыккан. Алардын 4029у мобилизацияга тартылгандар. 1205 адам Украина контрчабуулун баштаган 2023-жылдын 1-июнунан 12-октябрына чейин өлгөн.

Маалыматта согушка тартылгандардын статусу 2022-жылдан тарта көрсөтүлбөгөнү, мындан улам мобилизацияга тартылып, өлгөндөрдүн реалдуу саны алда канча көп болушу мүмкүн экени белгиленген. Учурда өлгөндөрдүн согушка келишим менен барганын же өз ыктыяры менен кеткенин, же мобилизацияга тартылганын билүү кыйынчылык жаратууда.

Орус түрмөсүнөн согушка тартылып, каза тапкандардын саны 6410 адамды түзгөн. Анын жүздөн ашууну Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары. Өлгөндөрдүн көбү "Вагнер" аскердик тобуна кошулгандар. Журналисттер июнь айынан тарта "Шторм Z" кыймылына кошулгандар арасында жоготуулар көбөйгөнүн белгилешкен. Бул отрядга абактагыларды өздөрүн "Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлүбүз" деп тааныштыргандар азгырган.

13:22 14.10.2023

Орусиялык аскерлер Кара деңизге дрон чабуулу болгонун билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги украин дрондору ишембинин таңында Краснодар крайындагы айрым объекттерге сокку урууга аракет кылган.

"Абадан коргонуу күчтөрүнүн күзөт жабдыктары менен эки учкучсуз учак Краснодарга жакын аймакта Кара деңиз акваториясында атып түшүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

19:12 13.10.2023

Орусиянын армиясы соңку 24 саатта өлкө түштүгүндөгү Херсон облусуна абадан 100 жолу чабуул койду. Эки карапайым тургун мүрт кетип, жарандык жана өндүрүштүк жайлар жабыркады. Орусиянын Коргоо министрлиги Брянск жана Белгород облустарынын үстүнөн украиндердин эки дрону атып түшүрүлгөнүн бейшембинин кечинде билдирди.

Украина: Херсонго 100 жолу абадан чабуул болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

17:34 13.10.2023

Орусия Авдеевкада оор техникаларын жоготууда

Атайын операциянын күчтөрү акыркы суткада Авдеевкага чабуул койгон орусиялык аскерлердин сегиз оор техникасын жок кылынганын билдирди. Соңку күндөрү жоготуулар тууралуу фронттогу кырдаалга көз салган изилдөөчүлөр дагы ачык булактарга таянуу менен билдиришкен. Социалдык тармактарда орусиялык техникалардын колоннасы аткылоого кабылганы тартылган видео тарады.

Орусия үч күндөн бери Авдеевканын түндүк жана түштүк тарабынан чабуул коюуда.

Авдеевка - Донецк облусунун түндүгүндөгү шаар, аны орусиялык күчтөр Украинага кол салган күндөн бери алууга аракет кылып келет. Бул райондо украин күчтөрүнүн коргонуусу жакшы экенин америкалык Согушту изилдөө институту билдирди. Изилдөөчүлөр Орусия украин күчтөрүн бир жерге имерип, фронттун башка аймактарына жибербөөгө умтулууда. Киев бул тактиканы жакшы түшүнүп турат.

Айрым жерлерде орусиялык күчтөр алдыга жылганы айтылууда. Орусиялык аскердик блогерлер жана украин булактары Донецк облусундагы Горловка аймагындагы көпүрө жардырылганын, бул орусиялык аскерлердин логистикасын кыйын абалга кептей турганын айтууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG