Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10
Краматорск
Краматорск

Украинага жүздөй дрон чабуул койду, курмандыктар бар

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




21:26 17.10.2023

16-октябрдан тартып Орусияга кирүүнү каалаган айрым украин жарандары үчүн өзгөчө тартип иштей баштады. Мындай талап башка өлкөнүн аймагынан бара жаткан украиналыктарга гана коюлат.

Алар Орусияга Латвия менен чек арадагы Псков облусундагы «Лудонка» автомобилдик өткөрмө бекетинен же “Шереметьево” аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө бекетинен гана кире алышат.

Мындай талап 14 жашка чейинки курактагы украиналыктарга жана Орусия басып алган аймактардан барган украин жарандарына коюлбайт.

Жаңы чектөө чарасын орус бийлиги Орусиянын тургундарынын “түзүлгөн кырдаалда” коопсуздугун камсыздоого багытталган убактылуу чара деп атап жатат.

Ал арада Латвия өкмөтү жогоруда аталган өткөрмө бекетинин өз тарабындагы «Виентули» пунктун жабууну чечти.

01:51 16.10.2023

Украинада Орусиянын армиясынын 15-октябрдагы аба чабуулдарынан алты карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Харьков облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Синегубов билдиргендей, Изюм районуна жасалган соккудан эки жай тургун мүрт кетти.

Синегубов кошумчалагандай, облустагы дагы эки район аба чабуулга дуушар болду. Ал эми Купянск районунда «айыгышкан салгылаш» уланып жатканы кабарланды.

Херсон облусунда эки карапайым тургун набыт болуп, үч киши жаракат алганын губернатор Александр Прокудин социалдык тармактарга жазды.

Авдеевка шаары катуу аткыланып жатканда эки карапайым тургун мүрт кеткени маалым болду.

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-октябрда мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып, орус армиясы «активдүү коргонуу» позициясында экенин айтты.

«Кеп Купянск, Запорожье жана Авдеевка тууралуу болуп жатат», - деди Путин.

Украин армиясынын расмий өкүлү Наталья Гуменюк билдиргендей, Украинанын түштүгүндөгү орус күчтөрү түн ортосунда карапайым тургундар жашаган аймактарды, жарандык инфратүзүмдөрү жана айыл чарба ишканаларын аткылоодо.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

15:51 15.10.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 15-октябрга караган түнү өлкө аймагында 27 учкучсуз аппарат абадан атып түшүрүлдү. Маалыматка караганда, алардын 18и Курск облусунда, экөө Белгород облусунда жок кылынган. Дагы жети дрон кайдан атып түшүрүлгөнү айтылган жок.

Министрлик дрондор менен коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Киевге жүктөдү.

Курск облусунун губернатору Роман Старовойттун жазганына караганда, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары Курск калаасынын тегерегине жана Зорино айылына түшкөн. Ал жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

Киев адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын аткылоону улантууда. 15-октябрга караган түнү Харьков облусуна жасалган аба чабуулдан эки карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Облус губернатору Олег Синегубов кабарлагандай, орус күчтөрү Дружелюбовка айылын бутага алышкан.

10:45 15.10.2023

14-октябрда Украинанын Херсон облусундагы Берислав шаарына орус аскерлери ракетадан ок атышты. Жыйынтыгында 60 жаштагы аял мерт кетти. Бул тууралуу Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин Телеграм каналына жазды.

"Таңкы саат 6:00 чамасында орус аскерлери шаарга чабуул жасады. Атылган ракеталардын бири жер үйгө тийди. Урандылардын алдынан 60 жаштагы аялдын сөөгү табылды", - деди ал.


Орус аскерлери дээрлик күн сайын Херсон облусун аткылап жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG