Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бейшемби күнкү маалыматында Днепрдин сол жээгине десант барып түшкөнүн кыйыр бышыктады.
Бул фактыга Би-Би-Синин орус кызматы көңүл бурду. Бейшемби күнкү бюллетенде орус аскерлери сокку урулган айылдардын арасында Песчановка да аталган. Пойма деген кыштак менен кошо ал жердин бир бөлүгүн, орус аскердик блогерлеринин маалыматтарына караганда, эки күн мурун Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнө түшкөн украиналык деңиз аскерлеринин десанты ээлеп алган.
Украин Башкы штабынын билдирүүсүндө айтылгандай, орус тарап Херсон облусундагы Новоберислав, Козацк, Ольговка, Приднепровское жана Песчановкага жакын жерге сокку урган.
Пойма жана Песчановка Днепрдин сол жээгине үч километр жакын жерде орун алган. Приднепровское алардын маңдайында, украин бийлиги көзөмөлдөгөн оң жээкте жайгашкан.
17-октябрда Орусиянын Коргоо министрлигине жакын Телеграм-каналдар украин деңиз-жөө аскерлеринин эки тобу Днепрдин сол жээгинде артиллериянын колдоосу менен орус аскерлеринин коргонуу сызыгынан өтүп, Пойма айылы менен Песчановканын бир бөлүгүн ээлеп алганын кабарлашкан. Орусиянын булактары алар кийин артка сүрүлгөнүн жазган.
Американын Согушту изилдөө институту (ISW) азырынча украин күчтөрү Днепрдин сол жээгинде олуттуу маневр кылууга жана дарыядан өтүү үчүн плацдарм түзүүгө жетише элек деп эсептейт.
АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украина, Израил, Тайванга аскердик жана башка жардам берүүнү, Мексика менен чек арадагы коопсуздукту бекемдөөгө 100 миллиард доллар бөлүүнү сурайт. Мындай билдирүүнү президент 19-октябрда элге кайрылган учурунда жасаарын CNN маалымдады.
Телеканалдын булактарынын айтымында, Байден Украина менен Израилди колдоо АКШнын улуттук коопсуздугуна төп келерине ынандырууга аракеттенмекчи.
Рейтер агенттиги кошумча каражат бөлүү өтүнүчүн президент 20-октябрда жолдорун билдирди. 100 миллиарддын ичинен 60 миллиард Украинага, 10 миллиард Израилге багытталат. Жакында Израил Вашинтондон дал ушунча сумманы чукул көмөк иретинде сураган.
Шаршембиде Байден Газанын тургундарына жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде жашаган палестиналыктарга 100 миллион доллар гуманитардык жардам бөлүү тууралуу жарыялаган жана ал каражат өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон 1 миллиондон ашуун палестиналыкты колдоого, Газадагы чукул муктаждыктарга жумшаларын айткан.
Ал күнү америкалык лидер Израилде болуп, премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга жолуккан. Визитке чейин Байден ХАМАС радикал тобу жок кылынууга тийиш деп, ошол эле маалда Газаны басып алуу катачылык болорун белгилеген.
Украинада бир суткада орус аскерлеринин аткылоосунан беш киши каза тапты. Бул тууралуу бейшембиде Днепропетровск, Николаев жана Херсон облустарынын бийликтери маалымдады.
Херсондун администрация башчысы Александр Прокудиндин айтымында, 24 саатта орус армиясы аймакты 105 жолу аткылады, миномёттордон, дрондордон, танктардан жана учактардан 580 дүрмөт атылды. Дүрмөттөр калк жашаган райондорго, завод жана паркка тийгенде, эки киши мүрт кетти, төртөө жараланды.
Николаев облусунун губернатору Виталий Ким шаршемби күнү кечинде Степовдогу айылга сокку урулганын, урандылардын астында калган эки киши каза болгонун жана бирөө жараат алганын билдирди. Андан кийин ошол эле жерге ирандык дрондун сыныктары кулап түшүп, кампада өрт тутанган.
Днепропетровск аймагынын башчысы Сергей Лысактын маалыматына караганда, 18-октябрдагы аткылоодон 31 жаштагы жергиликтүү аял өлдү, дагы төрт киши жабыркады. Бир нече жер там, машина жана газ түтүгү зыян тартты.
БУУнун сентябрдын аягында тараткан маалыматында Орусия кол салгандан бери Украинада 9 миң 701 карапайым киши каза тапканы, 17 миң 748и жарадар болгону айтылган. Бул статистика толук болбошу мүмкүн. Көптөгөн далилдерге карабай, Москва жарандык жайларды бутага алганын танып келет.
Быйыл июнь айында Украинанын түштүк-чыгышындагы Кахов ГЭСинин дамбасынын жардырылышынан кеминде 14 миллиард долларлык чыгым болгону 17-октябрда украин өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) биргелешкен баяндамасында айтылды.
“Бул сандар баарын айгинелеп турат. Кахов дамбасынын талкаланышы өтө олуттуу жоготууга жана чыгымга алып келди”, - деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын Украинадагы өкүлүнүн орун басары Христофорос Политис.
Украина дамба жардырылганы, тегерегиндеги аймакты суу каптаганы жана жергиликтүү тургундар суусуз калганы үчүн Орусияны айыптап келет.
Расмий Москва бул окуяга тиешеси жок экенин айтып келе жатат.