22-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Харьковду ракета менен аткылашты. Алардын бири почтанын имаратына тийип, алты адам набыт болду. Дагы 16 адам жараат алды.
Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов чабуул С-300 комплексинин ракеталары менен жасалганын баштапкы маалыматтарга таянып билдирди. Учурда урандыларды тазалоо жүрүп жатат, анын алдында да адамдар калганы кабарланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жоготуулар болгонун ырастап, маркумдардын жакындарына көңүл айтты.
"Орусия террор жана өлтүрүүлөр менен эч нерсеге жетишпейт. Террорчулардын баары мыйзам алдында жооп берет", - деп жазды ал соцтармактардагы расмий баракчасына.
Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы маалымдагандай, акыркы суткада өлкө аймагында алты ракеталык, 54 авиациялык, 54 артиллериялык чабуул катталды. Соккулар Донецк, Запорожье жана Херсон облустарынын эл жашаган аймактарына да багытталган.
Орусиянын армиясы Украинаны күн сайын аткылап келет. Орусиянын Коргоо министрлиги чабуул аскердик обьектилерге гана жасалып жатканын айтып, инфратүзүмдөргө, жарандык, социалдык мекемелерге, эл жашаган аймактарга жасалган соккулар тууралуу маалымат бербейт.
Бир суткада жүздөн ашуун салгылаш болду
Украинанын башкы штабы 21-октябрда бир сутка ичинде жүздөй кагылышуу орун алганын билдирди.
Маалыматта айыгышкан салышуулар Купянск багытында жана Авдеевка районунда болуп жатат. Украин тарап орусиялык армиянын бул аймакты курчоо аракеттери майнапсыз болуп, чоң жоготууга учурап жатканын билдирди.
Маалыматты айрым орусиялык Телеграм-каналдар жарым-жартылай ырастады.
Өткөн түнү Украинанын аймагына учкучсуз учактар менен чабуул болду. Украин тараптын маалыматында өлкө аймагына "Искандер" ракетасы атылып, Х-59 авиабомбалары ташталган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Су-34 менен украин армиясынын Купянск багытындагы 32чи бригадасына сокку урулганын кабарлады.
Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
АКШ президенти Жо Байден бейшембиде Ак үйдөн америкалыктарга кайрылып, "АКШ Украинаны жана Израилди - туш тараптан террористтер менен диктаторлордун чабуулуна кабылган демократияны колдоого милдеттүү", - деп билдирди.
Байден мунун Америка үчүн маанисин чечмелеп берди.
"Анткени террористтер жана диктаторлор келтирген кесепетине жоопкерчилик албай, анысын уланта берет", - деген Байден эки жакын союздаш өлкөнү колдоо жана жардам берүү АКШнын улуттук кызыкчылыгына туура келерин эскертти.
"Террористтер жасаган террору үчүн, диктаторлор баскынчылыгы үчүн жазага тартылбаса хаоско, өлүмгө жана кыйроолорго алып келерин бизге тарых көрсөттү. Алар токтобойт, Америкага жана дүйнөгө коркунуч өсүп баратат", - деп билдирди Жо Байден.
Ал Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевдин жакында эле Эстония, Латвия жана Литваны "Орусиянын Балтикадагы провинциялары" деп айтканын белгиледи.
Байдендин сөзүнө караганда, эгер АКШ Украина менен Израилдеги кырдаалга көңүлкош карасы, бул АКШнын коопсуздугун жана америкалык баалуулуктарды камсыздап турган, дүйнөлүк туруктуулук, союздук мамилелер таянып турган америкалык лидерликти коркунучка кептейт. Ал Конгресске Израилге жана Украинага чукул жардам сурап, кайрылганын жарыялады.
Байден өзүнүн Украинадагы согуштун бир жылдыгында Киевге барганын эстеп, "Мен өзүмдү жалгыз сезгеним жок, мен өз алдынчалык үчүн күрөшүп жаткан элге, биз 250 жыл мурда күрөшкөн идеалдар: эркиндик, эгемендикти жана Американын идеясын, үмүтүн алып келгенимди сездим", - деди.
Бул президент Байдендин америкалыктарга Украинаны колдоонун маанисин түшүндүргөн алгачкы кайрылуу болду. Конгрессмендеринин көпчүлүгү Украинаны колдоону кубаттаганы менен, акыркы убактарда Украинага жардам берүү качанга чейин уланат деген суроолор айтыла баштаган.
Америка коомчулугуна жүргүзүлгөн сурамжылоолор да Украинаны колдоо үчүн каражат бөлүүнү кубаттоолор азайганын көрсөтүүдө. АКШ президентинин кайрылуусу мындай маанайга жооп болду.
"Бих ХАМАСтын террористтерине, Путин сыяктуу тирандарга көкөлөөгө жол бербейбиз. Мен буга жол бербейм! Биз өзүбүздүн ким экенибизди унутпашыбыз керек. Биз - Америка Кошмо Штаттарыбыз. Колубуздан келбечү эч нерсе жок", - деп сөзүн бүтүрдү АКШнын президенти Жо Байден.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бейшемби күнкү маалыматында Днепрдин сол жээгине десант барып түшкөнүн кыйыр бышыктады.
Бул фактыга Би-Би-Синин орус кызматы көңүл бурду. Бейшемби күнкү бюллетенде орус аскерлери сокку урулган айылдардын арасында Песчановка да аталган. Пойма деген кыштак менен кошо ал жердин бир бөлүгүн, орус аскердик блогерлеринин маалыматтарына караганда, эки күн мурун Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнө түшкөн украиналык деңиз аскерлеринин десанты ээлеп алган.
Украин Башкы штабынын билдирүүсүндө айтылгандай, орус тарап Херсон облусундагы Новоберислав, Козацк, Ольговка, Приднепровское жана Песчановкага жакын жерге сокку урган.
Пойма жана Песчановка Днепрдин сол жээгине үч километр жакын жерде орун алган. Приднепровское алардын маңдайында, украин бийлиги көзөмөлдөгөн оң жээкте жайгашкан.
17-октябрда Орусиянын Коргоо министрлигине жакын Телеграм-каналдар украин деңиз-жөө аскерлеринин эки тобу Днепрдин сол жээгинде артиллериянын колдоосу менен орус аскерлеринин коргонуу сызыгынан өтүп, Пойма айылы менен Песчановканын бир бөлүгүн ээлеп алганын кабарлашкан. Орусиянын булактары алар кийин артка сүрүлгөнүн жазган.
Американын Согушту изилдөө институту (ISW) азырынча украин күчтөрү Днепрдин сол жээгинде олуттуу маневр кылууга жана дарыядан өтүү үчүн плацдарм түзүүгө жетише элек деп эсептейт.