Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:03
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:48 22.10.2023

Харьковдун алдындагы Коротич кыштагына жасалган чабуулда жабыркагандар 17ге жеткенин Харьков облусунун прокуратурасы Фейсбукка жазды.

“Бүгүнкү күнгө карай жабыр тарткандардын саны 17ге жетти. Бир жумушчу жараат алды. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү”, – деп айтылат билдирүүдө.

Харьков облусунун полиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сергей Болвинов "Жаңы почта» мекемесинин алты кызматкери набыт болгонун ырастады.

«Алты киши жеринде каза тапты. Бардыгы тең эркектер, почтанын жумушчулары. Бирөөнүн сөөгү күйүп кетиптир, анын тек-жайы ДНК анализ менен аныкталат», - деп Болвинов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Буга чейин почтага тийген ракетадан алты киши набыт болуп, 16 адам жараат алганы кабарланган.

21-октябрдын кечинде орус армиясы Коротич айылындагы «Жаңы почтанын» терминалына ракета менен сокку урган. Терминалдын чатыры тешилип, жети жүк ташуучу машине жана эки чиркегич керектен чыккан. Ал жерге келген адистер С-300 ракетасынын калдыктарын тапкан.

Орус армиясы Украинага согуш ачып, басып киргени жарандык жайларды бутага алып, дрон, ракета менен аткылап жүрөт. Жеринен табылган далилдерге карабастан Москва андай айыптоону мойнуна албайт.

Улуттар Уюмунун маалыматында 8-октябрга карай Украинада 9806 жай тургундун өмүрү кыйылып, 17962 киши жарадар болгону айтылган. Дүйнөлүк уюм эки жылга аяк баскан согушта карапайым калктын ичинен өлгөндөр мындан көп экенин белгилейт.

20:38 22.10.2023

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Украинадагы согушта адам укуктарынын бузулушун иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиясы кезектеги баяндамасын жарыялады. БУУнун Башкы Ассамблеясына багытталган баяндамада орус аскерлеринин, оккупацияланган аймактардагы орусиялык бийликтин аракеттери, Орусиянын өзүндөгү украиналыктарга мамиле тууралуу баяндалган.

Иликтөөчүлөр Херсон жана Запорожье облустарындагы зордуктоолорго жана сексуалдык ыдык көрсөтүүлөргө басым жасап, бир нече окуя тууралуу кеңири маалымат берилген. Анын ичинде Херсон облусунун 2022-жылдын март-июль айларында Орусиянын оккупациясында болгон айрым кыштактарындагы окуялар бар.

Зомбулуктун курмандыктары көбүнчө 16-83 жашка чейинки аялдар. Зомбулуктун басымдуу бөлүгү орус аскерлери алардын үйлөрүнө кирип барган учурларда болгон. Курал менен коркутуп, айрым учурларда көптөп зордуктоого кабылган аялдар бар. Зордуктоо болбогон учурларда уруп-сабап, өлтүрүп коебуз деп коркутушкан. Орус аскерлери аялы менен күйөөсүн атып салышкан.

Жабыр тарткандардын ичинде 16 жаштагы кош бойлуу кыз бар, дагы бирөөнүн курагы 75, кийинкиси 83 жаштагы аял болгон. Баяндамада сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун 10 учуру тууралуу кеңири маалымат берилген.

Анда ошондой эле украиналыктардын өлтүрүлүшү, сабалганы, барымтага алынганы, балдарды өлкөдөн сыртка чыгарып кетүү, инфраструктураны кыйратуу менен элдин жашоосун оорлотуу жана башка окуялар тууралуу да жазылган. Ошол эле учурда украин бийликтери тарабынан да адам укуктары бузулганы да белгиленген.

Орусия оккупациялап алган аймактардагы зомбулуктар тууралуу согуш башталган биринчи күндөн тартып айтыла баштаган. Украин бийлиги жана Батыш өлкөлөрү Орусияны бул үчүн айыпташкан. Быйыл мартта Украинанын Башкы прокуратурасы орус аскерлери катышкан 170тен ашуун зомбулук окуялары иликтенип жатканын кабарлаган. Ошол эле убакта балдардын зордукталганы тууралуу маалыматтар такталган эмес, натыйжада украин Акыйкатчысы Людмила Денисова кызматтан кеткен.

Орус бийлиги аскерлери тарабынан зордук-зомбулук аракеттери болгонун танып келет. Алардын Украинадагы кылмыштары боюнча Орусиянын өзүндө бир да кылмыш иши козголгон эмес.

20:34 22.10.2023

22-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Харьковду ракета менен аткылашты. Алардын бири почтанын имаратына тийип, алты адам набыт болду. Дагы 16 адам жараат алды.

Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов чабуул С-300 комплексинин ракеталары менен жасалганын баштапкы маалыматтарга таянып билдирди. Учурда урандыларды тазалоо жүрүп жатат, анын алдында да адамдар калганы кабарланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жоготуулар болгонун ырастап, маркумдардын жакындарына көңүл айтты.

"Орусия террор жана өлтүрүүлөр менен эч нерсеге жетишпейт. Террорчулардын баары мыйзам алдында жооп берет", - деп жазды ал соцтармактардагы расмий баракчасына.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы маалымдагандай, акыркы суткада өлкө аймагында алты ракеталык, 54 авиациялык, 54 артиллериялык чабуул катталды. Соккулар Донецк, Запорожье жана Херсон облустарынын эл жашаган аймактарына да багытталган.

Орусиянын армиясы Украинаны күн сайын аткылап келет. Орусиянын Коргоо министрлиги чабуул аскердик обьектилерге гана жасалып жатканын айтып, инфратүзүмдөргө, жарандык, социалдык мекемелерге, эл жашаган аймактарга жасалган соккулар тууралуу маалымат бербейт.

19:11 21.10.2023

Бир суткада жүздөн ашуун салгылаш болду

Украинанын башкы штабы 21-октябрда бир сутка ичинде жүздөй кагылышуу орун алганын билдирди.

Маалыматта айыгышкан салышуулар Купянск багытында жана Авдеевка районунда болуп жатат. Украин тарап орусиялык армиянын бул аймакты курчоо аракеттери майнапсыз болуп, чоң жоготууга учурап жатканын билдирди.

Маалыматты айрым орусиялык Телеграм-каналдар жарым-жартылай ырастады.

Өткөн түнү Украинанын аймагына учкучсуз учактар менен чабуул болду. Украин тараптын маалыматында өлкө аймагына "Искандер" ракетасы атылып, Х-59 авиабомбалары ташталган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Су-34 менен украин армиясынын Купянск багытындагы 32чи бригадасына сокку урулганын кабарлады.

Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG