Севастополдун Москва дайындаган губернатору Украина “суу астынан диверсиялык чабуул” койгонун билдирди.
Михаил Развожаевдин айтымында, Орусиянын Кара деңиз флоту 24-октябрда таң эрте чабуулга туруштук берүүгө катышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин редакциясы кабарлады. Орусия 2014-жылы Севастополь жайгашкан Крым жарым аралын мыйзамсыз аннексиялап алган.
Орус Коргоо министрлиги “диверсияларга каршы ракеталар менен бомбалар (украиналык) пилотсуз катерлер аныкталган районго тийгенин” билдирди.
Киев бул маалыматтарды комментарийлеген жок. Аларды көз карандысыз булактардан тастыктоо да мүмкүн эмес. Жабыркагандар барбы же жокпу белгисиз.
Ал арада украин куралдуу күчтөрүнүн Аба аскерлери Хмельницкий, Винницк жана Николаев облустарына урулган бардык алты «Шахед» дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский шейшембиде эки башка форумда видео байланыш аркылуу сөз сүйлөгөнү жатат. Прагада Крым платформасынын жыйынына чех премьери Петр Фиала жана украин парламентинин спикери Руслан Стефанчук катышмакчы.
Зеленский Украина-Германия бизнес-форумуна да онлайн кайрылуу жасайт. Ал жыйынга немис канцлери Олаф Шольц менен украин өкмөт башчысы Денис Шмыгаль катышат.
Украина президенти 20 айдан бери Москванын агрессиясына туруштук берип келаткан өлкөсүнө болгон колдоонун токтоп калбашы үчүн аракет көрүүдө.
Дүйшөмбүдө Украинанын Башкы прокуратурасы 2022-жылы 24-февралда согуш башталгандан бери 508 тестиер баланын өмүрү кыйылганын билдирди. Андан тышкары бери дегенде 1138 бала жарадар болду. Мекеме белгилегендей, бул маалымат толук эмес, жапа чеккендерди тактоо иши уланууда. Статистикага ылайык, эң көп жеткинчек Донецк облусунда жабыркаган.
Харьков: "Жаңы почтага" тийген соккуда набыт болгондор
21-октябрдын кечинде орус аскерлери Харьков шаарынын жака белиндеги Коротич айылындагы почта терминалына ракетадан сокку урганда ал жерде иштеген алты кызматкер мерт кеткен, 17си жарадар болгон. Маалыматка караганда, жабыркагандардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөө жасалма дем алуу аппаратына туташтырылган.
Орусияда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти 5-декабрга чейин камалды
Орусияга караштуу Татарстандын борбору Казан шаарында сот “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашеванын камактагы мөөнөтүн 5-декабрга чейин узартты. 23-октябрдагы соттук жараянга журналисттер киргизилген жок.
Курмашева 18-октябрда "чет элдик агент" катары каттоодон өтүүдөн баш тартканы үчүн кармалганы кабарланган. Орусияда мындай айып үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Курмашева өзүнө тагылган дооматтарды мойнуна алуудан баш тартты.
Радионун татар-башкыр кызматынын редактору, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.
Ошондон бери ал Орусиядан чыга албай келген. Бийлик 11-октябрда журналистке америкалык паспортун каттоодон өткөрбөгөнү үчүн 10 миң рубль айып пул салганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
20-октябрда сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 72 саатка узарткан.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптады.
Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Журналистти токтоосуз бошотууга чакырган билдирүүлөрдү БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасашты.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва АКШ жарандарын куугунтуктап жатканы тууралуу дооматтарды четке какты. Курмашеванын кармалышы боюнча комментарий берген жок.
Алсу Курмашева көп жылдан бери Орусиянын Волго-Уральск аймагындагы этностук азчылыктардын маселелерин чагылдырып, татар тилин сактап калуу боюнча берүүлөрдү даярдап келген.