Орусиянын Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн «Редут» менчик аскердик компаниясы Украинадагы согушка аялдарды жалдап жатат. Бул тууралуу "Важные истории" басылмасы «Борз» батальонунун мисалында жазды. Журналисттер кыз-келиндерге чакырууларды социалдык тармактардан тапкан.
Маалыматка караганда, аларга жарым жылга 220 миң рубль айлык менен келишим сунушталган. Жарадар болсо 3 миллион, каза тапса, жакындарына 5 миллион рубль убада кылынат. Ушундай эле шарт менен эркектерди да жалдашат.
Басылма аскердик адистик жана тажрыйба талап кылынбаганын белгилейт. Компания курал колдонбогондорду өздөрү бир айда үйрөтөрүн айтууда.
«Борз» батальонуна жалдангандардын бири журналисттерге айтып бергендей, анын курамында аялдардан көзгө атаарлар менен дрондордун операторлорунан турган отряд түзүү каралууда.
Программанын эки катышуучусу батальондо даярдык көрүп жатканын бышыкташты.
“Свобода” радиосу жазгандай, орусиялык аскерлер Украинада чоң жоготууларга туш болгонун түрдүү иликтөөлөр ачыкка чыгарган. Менчик компаниялар аркылуу ыктыярчыларды жана согушкерлерди жалдоо менен бийлик мобилизацияны созуу аракетин көрүүдө деген божомолдор да айтылууда.
Украинанын Реинтеграция министрлиги Донецк жана Херсон облустарынын Киевдин көзөмөлүндөгү айрым жерлеринен балдар эвакуация болорун жарыялады. Мекеменин каналында айтылгандай, бул чара орус армиясы аймакты аткылап, кирип барышы ыктымалдыгынан улам көрүлүудө.
Донецк облусунун Бахмут жана Покровск райондорунан 250гө жакын тестиер чыгарылат. Адегенде аларды гуманитардык хабга алып келип, зарыл болгон жардам берилгенден кийин Житомирге жөнөтүшөт.
Херсондогу 23 жерден 802 бала Николаев, Одесса жана Львов облустарына эвакуацияланмакчы.
Донецк жана Херсон облустарында азыр айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Орус аскерлери Авдеевка шаарына чабуул коюп келатканына бир жумадан ашты. Алардын аткылоосу да күч алды.
Жайдын аягында украин бийлиги Харьков облусунун Купянск районунан да жеткинчектерди коопсуз жерлерге көчүрүп кеткен. Сентябрда Херсон облусунун Киевдин көзөмөлүндөгү калктуу конуштардан балалуу үй-булөлөр чыгарылган.
Севастополдун Москва дайындаган губернатору Украина “суу астынан диверсиялык чабуул” койгонун билдирди.
Михаил Развожаевдин айтымында, Орусиянын Кара деңиз флоту 24-октябрда таң эрте чабуулга туруштук берүүгө катышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин редакциясы кабарлады. Орусия 2014-жылы Севастополь жайгашкан Крым жарым аралын мыйзамсыз аннексиялап алган.
Орус Коргоо министрлиги “диверсияларга каршы ракеталар менен бомбалар (украиналык) пилотсуз катерлер аныкталган районго тийгенин” билдирди.
Киев бул маалыматтарды комментарийлеген жок. Аларды көз карандысыз булактардан тастыктоо да мүмкүн эмес. Жабыркагандар барбы же жокпу белгисиз.
Ал арада украин куралдуу күчтөрүнүн Аба аскерлери Хмельницкий, Винницк жана Николаев облустарына урулган бардык алты «Шахед» дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский шейшембиде эки башка форумда видео байланыш аркылуу сөз сүйлөгөнү жатат. Прагада Крым платформасынын жыйынына чех премьери Петр Фиала жана украин парламентинин спикери Руслан Стефанчук катышмакчы.
Зеленский Украина-Германия бизнес-форумуна да онлайн кайрылуу жасайт. Ал жыйынга немис канцлери Олаф Шольц менен украин өкмөт башчысы Денис Шмыгаль катышат.
Украина президенти 20 айдан бери Москванын агрессиясына туруштук берип келаткан өлкөсүнө болгон колдоонун токтоп калбашы үчүн аракет көрүүдө.
Дүйшөмбүдө Украинанын Башкы прокуратурасы 2022-жылы 24-февралда согуш башталгандан бери 508 тестиер баланын өмүрү кыйылганын билдирди. Андан тышкары бери дегенде 1138 бала жарадар болду. Мекеме белгилегендей, бул маалымат толук эмес, жапа чеккендерди тактоо иши уланууда. Статистикага ылайык, эң көп жеткинчек Донецк облусунда жабыркаган.