Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:08
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:12 30.10.2023

Волноваха шаарында тогуз киши өлтүрүлдү, арасында балдар бар

Украинанын Донецк облусунун орус аскерлери көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү Волноваха шаарында тогуз киши набыт болду. Каза болгондордун арасында эки бала бар. Айрым маалыматтарга караганда, киши өлтүрүүнү орусиялык аскер кызматкерлери жасаган болушу мүмкүн. Бул маалымат расмий тастыктала элек.

"Астра" телеграм каналы жергиликтүү тургундарга жана маркумдардын кошуна, туугандарына таянып, аларды орус аскерлери өлтүргөнүн жазып чыкты. Телеканалдын маектештеринин айтымында, 27-октябрда Донецк көчөсүндөгү үйдүн кожоюну менен аялы, алардын мектеп жашындагы кызы жана төрт жашар баласы, ошондой эле туулган күн белгилөө үчүн конокко келген беш киши өлтүрүлгөнү айтылууда.

Кылмыш кандай жагдайда жасалганы белгисиз. "Астранын" айрым маектештери, жергиликтүү чаттын колдонуучулары орусиялык аскерлер алгач үйдүн ээси менен уруша кеткенин айтышкан. Айрым маалыматтарга караганда, киши өлтүрүүнү "мотоцикл минген аскер адамдары" үйдөгүлөр уктап жаткан маалда жасаган.

Орусиянын Тергөө комитети "эки же андан көп адамды өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун жарыялады.

Тергөө комитети, орус бийлиги жана аскер кызматкерлери бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Орус армиясы Волноваханы 2022-жылы мартта оккупациялаган. Салгылашта шаар кыйла талкаланган. Ушул тапта ал фронт тилкесинен салыштырмалуу алыс. Орус бийлиги бул шаарды жана бүтүндөй Донецк облусун Орусиянын аймагы деп эсептейт.

22:44 28.10.2023

Украинанын Башкы штабы: орусиялык армия беш багыттан чабуул коюуда

Украинанын Башкы штабы орусиялыктар өткөн суткада Бахмут, Авдеевка, Марьинка, Старомайорск жана Вербовое багыттарында чабуулга өтүп, купянск жана лиман багыттарына кошумча күч таштаганын билдирди.

Британиянын аскердик чалгын кызматы кезектеги билдирүүсүндө орусиялык армиянын Авдеевканын алдындагы бир айлык жоготуусу 2023-жылдын баарын кошкондон көп болушу мүмкүн экенин белгилеген. Британиянын аскердик аналитиктеринин пикиринде орусиялык аскер башкармалыгы ыкчам чабуулду эффективдүү жүргүзө албай жатат.

Украинанын ар кайсы облустарындагы фронттун картасы. 27-28-октябрь.

22:33 28.10.2023

Москвада аскерге барбаган борбор азиялыктарга каршы 22 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Тергөө комитети билдирди.

Кеп буга чейин орус жарандыгын алган адамдар тууралуу болуп жатат. Учурда укук коргоо органдары аларды издеп жатканы маалым болду. Эгер алар чындап эле аскерге баруудан баш тартса, жарандыктан ажыратылат.

Буга чейин жарандык алган 80ден ашуун адам Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө кызмат өтөө үчүн жиберилген.

Ушул жылдын аягына чейин аскерге 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар чакырылат. 2024-жылдын 1-январынан тарта аскерге чакыруу мөөнөтү 30 жашка чейин узартылат.

Орусиянын Кылмыш кодексинде аскерде кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн эки жылга абакка кесүү каралган.

Быйыл жай айында Орусияда мигранттарга каршы рейддер күч алган. Мамлекеттик Думада "армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу" мыйзам долбоору сунушталган.

Орусиянын атуулдугун алган борбор азиялыктарды согушка тартуу өнөктүгү Москва Украинага согуш ачканда башталган.

Расмий эсепте, орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашуун. Алардын бир бөлүгү кыргыз паспортунан баш тартпаганы кабарланып келет.

20:39 27.10.2023

Орусиянын армиясы 27-октябрга караган түнү Украинанын Изюм шаарындагы Өрт өчүрүү кызматынын имаратына сокку урду. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.

"Нөөмөттө турган сегиз киши жараат алды. Алардын төртөө ооруканага жеткирилди", – деп тактады Харьков облустук администрация башчысы Олег Синегубов. Анын айтымында, алдын ала маалыматтарга ылайык, сокку С-300 зениттик-ракеталык комплексинен жасалган.

Клименко кошумчалагандай, чабуул Харьков облусунун Өрт өчүрүү кызматынын 200 жылдыгы белгиленип жаткан күнү болгон.

27-октябрга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын “Шахеддер” жана "Искандер-М" ракеталары менен аткылоону улантты. Украин күчтөрү Херсон жана Николаев облустарында беш дронду абадан атып түшүргөнүн билдирдм.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG