11-ноябрда Украинада Орусиянын ракеталык аткылоосунан 18 жеке турак жай жана бир ишкананын имараты талкаланганын Киев облустук аскердик администрациясы кабарлады. Жарылуунун күчүнөн жана ракетанын сыныктарынан үйлөрдүн эшик-терезелери сынып, чатырлары жабыркады.
Ишемби күнү Орусия соңку эки айдан бери алгачкы жолу Киевге баллистикалык ракеталар менен чабуул жасады, алардын баарын Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөнү кабарланды.
Украин аскерлеринин айтымында, ракеталар Курск же Брянск облустарынын аймагынан атылган болушу ыктымал.
Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында кол салгандан бери кармаш уланууда.
Киев шаарында 11-ноябрь эртең менен аба коркунучу тууралуу эскертүү жаңырып, бир нече катуу жарылуу болду. Шаар мэри Виталий Кличко жарылууну Киевге жакын жердеги абадан коргонуу күчтөрүнүн иштегенине байланыштырды.
Ага чейин Би-Би-Синин орус кызматы украин армиясынын өкүлү Юрий Игнат "алдын ала маалымат боюнча орус куралдуу күчтөрү Киевге баллистикалык ракета менен сокку урууга аракет кылганын билдирди" деп жазган.
10-ноябрдын кечинде орус күчтөрү учкучсуз учактарын кое берип, аба коркунучу тууралуу эскертүү жаңырганын кабарланган. Украин армиясы беш учкучсуз учак жол кылынганын билдирди.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматында, өлкө аймагы бир сутка ичинде орусиялык армияны бир ракеталык, 46 жолу аба, 30дан ашык жапырт аткылоо системасынын соккусуна кабылды.
Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү эки украиналык учкучсуз аппарат Смоленск, Москва облустарынын аймагында жок кылынганын билдирди. Киев бул боюнча комментарий берген жок.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери кармаш уланууда.
Украиналык армиясынын башкы жетекчиси Валерий Залужный Авдеевка үчүн жүрүп жаткан бир айлык кармашта орусиялык армия канча жоготууга учураганын айтты.
"Бир айлык кармашты биздин аскерлер эрктүүлүк менен коргонууну кармап турат. Бул убакытта душмандын 100 танкы, 250 чопкутталган унаа, 50 артиллериялык система жана Су-25 учагынан жетөө талкаланганын билдирди. Куралдуу күчтөрүндөгү жалпы жоготуу он миңдей адамга барат", - деп жазды Залужный.
Залужныйдын мисалын согуш маалында расмий жана көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Киевдин маалыматында акыркы суткада орусиялык күчтөр авиацияны колдонуп Авдеевканы курчоого аракет кылууда. Киев ырастагандай, бир сутка ичинде Донецк облусунда орусиялык 35 чабуулдун мизи кайтарылган.
Фронттун 10-ноябрдагы абалы тууралуу Х түйүнүнө жарыяланган маалымат
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын союздаштарын Киевге орус агрессиясына каршы согушта аскердик колдоо көрсөтүүнү улантууга чакырып, "узак жаңжалга" даяр болууну эскертти.
“Биз украиналыктар согуш талаасында жеңилип калбашы үчүн аларга курал-жабдык жөнөтүүнү улантышыбыз керек”,-деди Столтенберг Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолуккандан кийин.
Ошол эле маалда баш катчы немистердин dpa маалымат агенттигине курган маегинде Украинага жана анын союздаштарына өз максатына жетүү үчүн дагы көп убакыт керек болуп калышы мүмкүн экенин айтты.