Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:37
Краматорск
Краматорск

Украинага жүздөй дрон чабуул койду, курмандыктар бар

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:05 13.11.2023

Украинанын Харьков жана Донецк облустарында айыгышкан салгылашуулар уланууда. Купянск, Бахмут жана Авдеевка багыттарында 70тен ашуун кагылыш болгонун украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 13-ноябрда билдирди. Штаб аскерлери Бахмуттун түштүгүндө чабуулун улантып жатканын кошумчалады. Маалыматта каршы тарап Адвеевканы "курчоо аракетинен баш тартпаганы”, украин армиясы Мелитопол багытында алга жылуу операцияларын жүргүзгөнү айтылат.

Ал арада Херсон аймагынын аскердик администрациясы 12-ноябрга караган түнү шаарга урулган соккунун кесепети, Гончар атындагы облустук китепкана жабыркаганы тартылган видеону жарыялады. Имараттын сырты жана ичи жарым-жартылай талкаланды.

Куткаруучулар бир жарым саат өрт менен күрөшкөнүн облус администрациясынын башчысы Александр Прокудин Телеграм-каналга жазды. Анын айтымында, эч ким жабыркаган жок.

Кийинчерээк Прокудин шаардын Днепр районунда орус армиясынын соккусунан 64 жаштагы киши үйүнүн короосунда каза тапканын, анын аялы жарадар болгонун билдирди.

Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды, калк жашаган райондорду бутага алганын танып келатат.

Жекшембиде Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскердик буталарына сокку урулганын, Донецк, Запорожье жана Херсон аймактарында каршы тараптын чабуулдарынын мизи кайтарылганын маалымдаган.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын тактоо мүмкүн эмес.

16:08 13.11.2023

Орусиянын мамлекеттик ТАСС жана РИА "Новости" кабар агенттиктери Коргоо министрлигине шилтеме менен Украиндагы аскерлер «Днепр дарыясынын чыгыш тарабына, артыкчылыктуу позицияларга жайгаштырылары» тууралуу маалыматты чыгарып, бир нече мүнөттөн кийин алып салышты.

«Свобода» радиосу адатта бул армия чегингенде колдонуларына көңүл буруп, мындай абал былтыр Харьков жана Херсондо байкалганын белгилейт.

Өчүрүлгөн маалыматта «Түзүлгөн кырдаалды баамдап, «Днепр» тобунун командачылыгы аскерлерди Днепрдин чыгышындагы артыкчылыктуу позицияларга которууну чечти. Кайра топтолгондон кийин айрым бөлүктөр башка багыттардагы кармаштарга тартылмакчы» деп жазылган.

Орус Коргоо министрлиги мекеменин басма сөз кызматы таратканы айтылган маалыматты «чагым» деп атады. Маалыматтын булагы көрсөтүлгөн жок. Бул тууралуу РБК жазды.

Акыркы жумаларда украиналык армия бир нече жерде Днепр дарыясынан Херсон облусуна өткөнү кабарланган. Талдоочулар алар плацдармын кеңейтүүгө жетишкенин айтып келишет.

16:07 13.11.2023

Германиянын канцлери Олаф Шольц башында турган башкаруучу коалиция Украинага аскердик жардамды 8 млрд еврого чейин жеткирүүгө макулдугун берди. Бул тууралуу Reuters Берлиндин саясий чөйрөсүндөгү булагына шилтеме кылып жазды. Парламент колдоп берсе, Германиянын коргонуу чыгашасы өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) 2,1% чейин көбөйөт. Бул НАТОго мүчө өлкөлөргө бекитилген чыгашалардын төмөнкү чегинен ашып түшөт.

Reuters маалымдагандай, социал-демократтар, "Эркин демократиялык партиясынын" жана Жашылдар партиясынын мүчөлөрү чыгашаны көбөйтүүнү келерки жылдын федералдык бюджетин талкуулаган учурда макулдашты. Маселени Бундестагдын бюджет комитети 16-ноябрда карайт.

Берлиндин аскердик жардамды көбөйтүү дымагын алгачкылардан болуп, ишембиде Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып маалымдаган.

Bild am Sonntag гезити парламент мүчөсү Андреас Шварцтын: "Аскердик чыгашаны эки эсе көбөйтүү - туура жана маанилүү", - деген сөзү менен парламент комитети кошумча төрт млрд евро бөлүүнү бекитип берүүгө тийиштигин жазды. Шварц парламенттеги аскердик бюджетке жооп берет.

Коргоо министрлигинин өкүлү Бундестаг комитетинде маселе талкууланып бүтө электигин айтып, комментарий берүүдөн баш тарткан.

Германия - Украинанын Европадагы башкы өнөктөшү. Киевге берилген жардам боюнча өлкө АКШдан кийинки орунда турат.

23:45 12.11.2023

Украина Орусия көзөмөлдөгөн Мелитопол шаарында "жергиликтүү каршылык көрсөтүү кыймылдары" уюштурган чабуулдан үч орус офицери өлгөнүн билдирди.

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы 12-ноябрда Телеграмдагы каналына жазгандай, Мелитополдогу орус күчтөрү басып алып, өз штабына айландырган "Жаңы почта" аттуу имаратта ишемби күнү жардыруу болгон. Башкармалык бул жардыруу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жана Росгвардиянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жаткан учурда болгонун кабарлап, аны "өч алуу акциясы" деп сыпаттады.

"Баскынчылардын штабындагы жардыруудан улам Росгвардиянын кеминде үч офицери жок кылынды. Калган жоготуулар тууралуу маалымат такталып жатат. Соккудан кийин Мелитополдо башаламан кырдаал жаралды", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн боло элек. Орусия Мелитополдогу жардыруу тууралуу маалымат бере элек.

Украинанын чалгын кызматынын билдирүүсүнөн Мелитополдогу штабдын жанында автоунаа жарылганын түшүнүүгө болот.

Украинанын түштүк-чыгышындагы Мелитопол шаарында согушка чейин 150 миңдей адам жашап турган. Орус күчтөрү бул шаарды былтыр февраль айынын соңунда ээлеп алган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG