Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери кеминде 37 миң орусиялык аскер набыт болду, алардын 4,5 миңдейи мобилизация аркылуу армияга тартылгандар. Алардын тек -жайларын “Медиазона” басылмасы менен Би-Би-Синин орус кызматы аныктаган.
Ачык булактардан алынган маалыматтарга таянып жасалган иликтөөдө журналисттер белгилегендей, күз башталганы некрологдордун саны суткасына 100-110го чейин жетип жатат. Салыштыра келгенде, быйыл жаз-жай айларында суткасына 80дей орусиялык аскер курман болгону тууралуу маалыматтар чыгып турчу.
Бул көрсөткүчтүн жогорулашынын себебин журналисттер Донецк облусундагы Авдеевка үчүн айыгышкан кармаштагы жоготууларга байланыштырган.
Ал жакта октябрь айынын башында орус армиясы чабуулга өтүп, украин күчтөрүнүн коргонуусуна туш болушкан. Октябрь-ноябрь айларында жарыялаган күнүмдүк отчетунда украин армиясы жетекчилиги күнүнө миңдей орусиялык аскер жок кылынганын билдирип келет. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.
Иликтөөчүлөр Орусиянын армиясындагы жогорку офицердик курамында да жоготуулардын саны өскөнүн аныкташкан. Алардын маалыматына караганда, ноябрдын алгачкы эки жумасында подполковник жана андан жогору наамдагы 14 офицердин өмүрү кыйылган.
Украин президенти Владимир Зеленский Киевде британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту. Украин мамлекет башчысынын кеңсеси социалдык тармакка 16-ноябрда жарыялаган маалыматта Кэмерон бул кызматка дайындалгандан кийин биринчи болуп Украинага келгени белгиленип, Британияга аскердик жардам үчүн ыраазычылык айтылат.
Мурдагы өкмөт башчы Кэмерон падышалыктын тышкы саясий мекемесин 13-ноябрда жетектей баштады.
Зеленскийдин кеңсеси анын Киевге сапары качан болгонун тактаган жок.
Украин президенти сүйлөшүүлөрдө майдандагы жоокерлерди курал-жарак менен камсыздоо, абадан коргонуу системасын чыңдоо, жарандык инфраструктураны коргоо маселелери кеп болгонун билдирди.
Кэмерон бул сапар Британиянын “моралдык, дипломатиялык колдоосу, биринчи кезекте аскердик көмөгү уланарына ишендирүү” экенин белгиледи. 15-ноябрда Зеленский африкалык журналисттерге берген маегинде Украина согуштун туңгуюкка такалышына жол бербесин айткан.
Ал арада Орусиянын армиясы Украинанын шаар-кыштактарына сокку урууну улантууда.
Чехия өкмөтү шаршембидеги отурумунда Орусияга тиешелүү бардык мүлктөрдү камакка алууну чечти.
Бул тизмеге Орусияын Прагадагы элчилигинин имараты жана Москва дипломатиялык максатта колдонуп келген төрт имарат кирбей турганын Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский билдирди.
Маалыматка ылайык, санкциялык тизмеге Орусиянын президентинин иш башкармалыгынын менчигиндеги чет өлкөлүк мүлктөрдү башкаруучу мекеме киргизилет. Липавскийдин сөзүнө караганда, мекеме "Украинада жай тургундарды өлтүрүп жаткан орусиялык режим каржыланып жаткан" ишканалардын сабында турат.
Орусиянын менчигиндеги банк эсептери жабылып, кыймылсыз мүлктү сатууга чек коюлат. Липавскийдин айтымында, кыймылсыз мүлктөр Прагада жана Карловы Вары аймагында жайгашкан. Орусия менен келишим түрүндө имараттарын ижарага берген жарандар келишимди уланта берет, бирок ижара акысы атайын эсепке төлөнүүгө тийиш.
Чехия бир нече жыл мурда "Магнитский мыйзамы" сыяктуу - Евробиримдиктин кара тизмесине кирбеген тараптарга жеке санкция киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алган. Азыр бул тизмеде патриарх Кирилл, "Тактикалык ракета жабдыктары" корпорациясынын башчысы Борис Обносов жакындары менен жана башка жалпы жети орусиялык жаран бар.
Орус аскерлери 15-ноябрга караган түнү Донецк облусундагы Селидово шаарына ракеталардан сокку урду. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. Ал эми башкы прокурордун кеңсеси маалымдагандай, төрт кабат турак жайдын бир кире бериши ураганда 85 жаштагы аял каза тапты. Анын 56 жаштагы баласы, дагы бир аял жарадар болду.
Клименко куткаруучулар төртүнчү кабаттагы батирден үч кишини, арасында бир баланы алып чыгышканын жазды.
Урандылардын астында дагы тургундар болушу мүмкүн экени кабарланды. Куткаруу иши уланууда.
Башкы прокурордун кеңсеси Селидового орус аскерлери С-300 зениттик-ракеталык комплекстен төрт сокку урганын кошумчалады.
Маалыматка караганда, 20 жер там, алты көп кабаттуу үй, менчик автоунаа жана чарбалык курулуш жарым-жартылай же толугу менен талкаланды.
Орусия тарап түнкү аткылоону комментарийлеген жок. Москва далилдерге карабай Украинадагы жарандык жайларды бутага алганын танып келет.