Днепропетровск облусунун администрация башчысы Сергей Лысак орус армиясынын аткылоосунан Никопол шаарында эки киши жарадар болгонун билдирди.
"Кечээтен бери оккупанттар Никополду төрт жолу оор артиллериядан аткылашты. Райондун борборунда 61 жана 37 жаштагы эки эркек киши жарадар болду. Жети жер там, гараж, газ түтүгү жана бир автоунаа зыян тартты. 1200 түтүн электр жарыгысыз калды", - деп жазды Лысак 22-ноябрда Телеграм-каналына.
Анын айтымында, орус аскерлери Марганец деген жерди да аткылашты. Ал жерде эч ким жабыр тарткан жок.
Орус куралдуу күчтөрү Украинанын калк жашаган айыл-кыштактарына, шаарларына пилотсуз учактардан, ракеталардан, артиллериядан сокку уруп келет. Далилдер барына карабай, Москва аскердик жайларды гана бутага алганын айтууда.
Шаршембиде украин армиясынын Аба күчтөрүнүн командачылыгы 21-ноябрдын кечинде жана түн ичинде орусиялык аскерлер 14 Shahed дрону менен чабуул койгонун, бардыгы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ту22М3 учагынан Х-22 канаттуу ракетасы учурулганы, ал Запорожье облусуна кулаганы жана инфраструктурага зыян келтирилгени маалымдалды.
Ал тапта Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу аскерлери оккупацияланган Крымдын үстүндө украиналык үч дронду жана жарым аралга бет алган төрт деңиз дронун жок кылышканын билдирди
Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.
Согуш майданында акыркы 24 саатта 48 кармаш жүргөнүн украин аскерлерине шилтеме кылып, “Азаттыктын” украин кызматы жазды.
АКШ администрациясы чалгын кызматынын жакында ачыкка чыккан маалыматын жарыялады.
Ага ылайык, Орусиянын "Вагнер" менчик аскердик компаниясы ливандык "Хезболла" уюмуна же аны менен байланыштагы Иранга абадан коргонуу системасын өткөрүп берүүгө даярдык көргөн.
Бул тууралуу CNN телеканалы Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирбиге шилтеме берип кабарлады. Анын айтымында, "вагнерчилер" куралды орус өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен берүүгө даярданган. Москва бул билдирүүгө азырынча комментарий берген жок.
"Хезболла" АКШда террордук уюм деп таанылган.
Чалгынчылардын маалыматында ал система кайсы жерден берилиши керкетиги такталган эмес. Бирок октябрда америкалык телеканал "Вагнер" компаниясына Сириянын аймагынан шииттердин тобуна "Панцирь С-1" зениттик-ракеталык комплексти жеткирүү тапшырмасы берилгенин, ага сириялык президент Башар Асад макул болгонун кабарлаган.
Кирби Вашингтон "вагнерчилердин" "Хезболланы" же Иранды аскердик техника менен камсыздаганына жакындан байкоо саларын, терроризмге каршы аракеттердин алкагында керек болсо орусиялык уюмдарга же адамдарга санкция салуу караларын белгиледи.
АКШ буга чейин "Хезболлага" жана иранчыл башка топторго Газадагы согушка аралашпоону эскерткен.
Ноябрдын башында Мамлекеттик Думанын өкүлү Андрей Картаполов "Вагнер" жоюлганын, анын катарындагы согушкерлер башка топторго же армияга өтүп жатканын билдирген.
Украин эли Майдандын 10 жылдыгын – Ар намыс жана эркиндик күнүн белгилеп жатат.
Киевдеги иш-чараларга катышууга коңшу Молдованын президенти Майя Санду, Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишел, Германиянын коргоо министри Борис Писториус дагы барды. Дүйшөмбүдө АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинага Пентагон өз эсебинен 100 млн доллар жардам бөлөрүн жарыялады.
2013-жылы президент Виктор Янукович Евроинтеграция жөнүндө макулдашууга кол коюудан баш тартканда массалык нааразылык башталган. Үч айга созулган элдик толкундоолордо Янукович Орусияга качып кеткен. Бир жылдан кийин Москва Крым жарым аралын аннексиялап, Донбасста согуштук аракеттер башталган.
Германия Украинага 1,3 млрд евро (1,4 млрд доллар) аскердик жардам берет. Бул тууралуу Киевдеги сапары маалында немис коргоо министри Борис Писториус жарыялады. Жардам төрт IRIS-T SLM системасын, артиллериялык дүрмөттөрдү жана танктарга каршы миналарды камтыйт.
Берлиндин расмий өкүлү украин баш калаасына 21-ноябрда барган. Октябрда Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Брюсселде Писториус менен жолугушкандан кийин тараптар коргонуу-өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашканын айткан.
Германия Украинага согуштун башынан бери көмөктөшүп келатат. Ошол эле маалда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин редакциясы жазгандай, алыс аралыкка учуучу Taurus ракеталарын берүүнү кечеңдетип жатат.
Писториустун алдында Киевге Пентагондун башчысы Ллойд Остин барып кеткен.
Визиттин жүршүндө ал АКШ Украинага 100 млн долларлык жаңы аскердик жардам берилерин жарыялаган. Анын ичинде HIMARS ракеталык системасы бар. Мындан тышкары Киев зениттик "Стингер", танкка каршы "Жавелин", TOW жана АТ-4 ракеталарын, артиллериялык курал-жарактарды, 3 миллиондон ашуун ок, аскердик техниканын тетиктерин, кийим-кече жана башка жардам аларын Пентагондун сайты жазды.